Садыр Жапаров жаңы салык мыйзамдарына кол койду. Кандай өзгөрүүлөр болот?
15:11 04.04.2023 (Жаңыртылды: 15:18 04.04.2023)
© Sputnik / Жоомарт УраимовСалык кодекси. Архив
Жазылуу
Бийлик жаңы нормалар адилеттүү атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартууга багытталганын белгилеген.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анын алкагында Салык кодекси өзгөртүлөт, мыйзам 16-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бийлик жаңы киргизилген нормалар адилеттүү атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартууга багытталганын белгилейт.
Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
Баткен жана Ош облустарындагы чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан субъектилердин салыктык карыздарын кечүү;
кирешелердин көлөмүн чектебестен бирдиктүү салыктын негизинде режимди кеңейтүү (учурда 30 миллион сомго чейин);
товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон жеке ишкерлерди мөөнөтсүз салыктан бошотуу.
Бирдиктүү салыктын ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
жылдык жүгүртүүсү 100 миллион сомдон ашпаган базарлардагы ишкерлер үчүн 0,1 пайыздык салык;
соода үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын (накталай акча менен болсо 4 пайызга жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 2 пайызга) төмөндөтүү;
жылдык жүгүртүүсү 8ден 30 миллион сомго чейинкилерге — 0,5 пайыз;
жылдык жүгүртүүсү 30дан 50 миллион сомго чейинкилерге — 1 пайыз;
Коомдук тамактануучу жайлардын кирешесинин көлөмү чектөөсүз:
Бишкек жана Ош шаарларында накталай түрдө 6 пайыз, накталай эмес формада 4 пайыз;
башка аймактарда накталай түрдө 4 пайыз, накталай эмес формада 2 пайыз.
Креативдүү өнөр жай паркынын резиденттери үчүн:
2023 жана 2024-жылдары — 0,5 пайыз;
2025 жана 2026-жылдары — 1 пайыз;
2027-жылдан тартып — 2 пайыз.
Соода ишин жүргүзүүгө патенттердин колдонуу мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына чейин белгиленет.
ККМ колдонууга карата талаптарды бузгандыгы үчүн айып пулдун өлчөмүн ККМ чекти бербөө бөлүгүндө азайтуу, биринчи укук бузуу үчүн эскертүү, экинчиси үчүн айып пулдар жеке жактарга 500 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом, ал эми кийинки укук бузуулар үчүн жеке адамдарга 3000 сом жана юридикалык жактарга 13 000 сом өлчөмүндө каралган.
ККМ колдонуу талаптарын бузгандыгы үчүн 30 күндүк мөөнөттө айып пулду 70 пайыздык жеңилдик менен төлөйт.
Министрлер кабинети менен түзүлгөн инвестициялык келишимде КР салык мыйзамдарында каралбаган ченемдер белгиленсе (жаңы салыктарды киргизүүнү кошпогондо), келишимдин ченемдери колдонулат.
Нефтини кайра иштетүү, химиялык жана мунай-химиялык өндүрүш чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилер негизги каражат катары алып келинүүчү (импорт) товарларга КНС төлөөдөн бошотулат.
Жогорку технологиялар паркынын резиденттери, жеткирүү жери Кыргызстан болгон кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмга карата салык агентинин милдетинен бошотулат (кайтарым КНС).
Кыргызстанда чыгарылган транспорт каражаттарын сатуучу ишканалар КНСтен бошотулат.
"Дордой" жана "Кара-Суу" базарларында соода кылгандарга өзгөчө зонадагы салык режимин киргизип, ККМ колдонуудан бошотулат. Салыктын ставкасы бир соода түйүнү үчүн жылдык жүгүртүүсүнө карап белгиленет.
Салык кодекси күчүнө киргенге чейин каттоодон өткөн жана айыл чарба өндүрүүчүсү, кооператив, соода-логистикалык борбор катары иштеп жаткан салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына чейин узартылат.
Күмүш, жез, сурьма, сымап камтыган рудаларды жана концентраттарды саткан тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү ишканаларынын кирешелерине салык киргизилет, алардын салыктык базасы болуп Лондон металл биржасында белгиленген дүйнөлүк бааларга жараша рудалардагы жана концентраттардагы металлдардын наркы саналат.
Мындан сырткары, электрондук тамекинин акциздик салыгы эки эсе арзандап, башка тамекилердики кымбаттайт.