00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Лекции, которые можно пересмотреть: зачем университетам собственные видеостудии
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Салык декларациясын тапшыргандарга мамлекет жеңилдик берет. Видео түшүндүрмө

Жазылуу
Жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бирдиктүү салык декларациясын тапшырууда салык мыйзамдарында каралган социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарып алууга укуктуу.
Салык кызматы билдиргендей, салыктык эсептен чыгаруу — кирешенин салык салынуучу көлөмүн азайткан сумма. Бул жыл ичинде мурда төлөнгөн салыкты кайтарып берүүгө мүмкүндүк берген мамлекет тарабынан жеңилдик же колдоонун бир түрү. Социалдык эсептен чыгаруу жарандын жана анын багуусундагы 24 жаштан ашпаган адамдардын билими үчүн алынышы мүмкүн.
Социалдык эсептен чыгаруунун суммасы окуу үчүн төлөмдүн суммасына барабар, бирок билим берүү боюнча чегерүүлөрдү эсепке албаганда, салык базасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. Үч же андан көп баласы барлар үчүн чегерүү 25 пайыздан ашпайт. Ал эми мүлктүк салыктык эсептен чыгарып алуу ипотекалык кредит боюнча пайыздарды төлөөгө жумшалып, бирок жылына 230 миң сомдон көп эмес өлчөмдө алынышы мүмкүн.
Жарандар салык органына эсептен чыгарып алуу үчүн жумшалган чыгымдарды далилдөөчү документ катары төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш.
Социалдык эсептен чыгарып алуу үчүн:
арыз;
акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө келишимдин көчүрмөсү;
билим берүү мекемесинин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө квитанцияларынын көчүрмөсү;
багуусунда болгон адамдын документтеринин көчүрмөсү;
баланын стипендия албагандыгы тууралуу окуу жайдан маалым кат;
декларанттын жана жубайынын/жолдошунун инсандыгын тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
эсептелген эмгек акынын өлчөмү жөнүндө иштеген жеринен маалым кат;
үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалым кат.
Мүлктүк эсептен чыгарып алуу үчүн:
арыз;
декларанттын паспортунун көчүрмөсү;
алынган кыймылсыз мүлктүн техникалык паспортунун көчүрмөсү;
ипотекалык кредиттин келишиминин көчүрмөсү;
күрөө келишиминин көчүрмөсү;
ипотекалык кредитти төлөө жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөлөрү;
ипотекалык кредит боюнча алынган, кайтарылган кредиттин жана алар боюнча төлөнгөн пайыздардын суммасы жөнүндө банктын маалым каты;
эсептелген эмгек акынын өлчөмү жөнүндө иштеген жеринен маалым кат.
Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ал эми 1-майга чейин жеке жактар, ишкерлер салык декларациясын тапшырышы керек. Кененирээк маалыматты 116 номеринен, Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0