Жумуш жок, адаптация боло элек. Алайдагы памирлик кыргыздардын көйгөйү айтылды
© Фото / Нурзада Дуйшок кызыНарынга көчүрүлгөн Памирлик кыргыздар. Архив
© Фото / Нурзада Дуйшок кызы
Жазылуу
Кайрылмандардын жумушсуз жана кирешеси абдан эле төмөн экени белгиленген.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдарды Афганстандын Памир аймагынан тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздардын маселелерине көңүл бурууга чакырды.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринен турган мониторинг тобу Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылына барып келишкен. Айыл өкмөт башчысы Турусбек Таев 16 үй-бүлөдөн турган 87 памирлик кыргыз жашап жатканын айткан. Алар бул айылга 2009-жылы көчүп келип, 45 адам кыргыз паспортун алган.
"Көчүп келгендерге жыл сайын азык-түлүк, кийим-кече, көмүр жана башка гуманитардык көмөк берилет. Бирок акыркы жылы гуманитардык жардам азайган, ошентсе да көмүр менен камсыздоо улантылууда. Башында ар бир үй-бүлөгө 10 кой-эчки, бир уй жана жылкы бекер берилген. Көпчүлүк кайрылмандар аларды сатышкан, айрымдары унаа алган. Кээ бири малынын башын көбөйтүштү. Мектептерде сабатсыздыкты жоюу боюнча эркектер менен аялдарга өзүнчө курстар уюштурулган, балдары жалпы мектепте окушат", — деп айтылат маалыматта.
Ошону менен катар акыйкатчы бардык кайрылмандар жумушсуз жана кирешелери абдан эле төмөн экенин белгилеген. Аларга айыл чарба иштери үчүн жер бөлүп беришкен, бирок суунун жоктугунан колдонулбай жатканы айтылды.
"Жергиликтүү карьерден көмүр казуу мезгилинде памирликтер түрдүү жумушта иштешет. Бирок мал баккандан башка жумуш ал тургай жергиликтүү жашоочуларда дагы жок. Мындан тышкары, баары сабатсыз болууда жана иштегенге керектүү жөндөмдөрдү өздөштүрүшкөн эмес", — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында акыйкатчы төмөнкүдөй тыянакка келген:
паспорт алууга жашы жете элек балдар афган документтери менен жашап жатышат. Мисалы, бейтапканага барса күбөлүгүн сурайт, ал үчүн айыл өкмөттөн алдын ала маалым кат алышы шарт. Мындай кыйынчылыктан улам кайрылмандар Кыргызстанда жүрүүдө чектөөлөргө кабылууда;
памирлик кыргыздардын арасында жумушсуздук көп, бирок бул жагдай жергиликтүү тургундарга дагы тиешелүү. Балдарга төлөнгөн жөлөк пул жетишпейт, ал тургай бул кээде кирешенин жалгыз булагы дагы болуп калат;
бир жерге чогуу отурукташтырууда жергиликтүү эл менен эффективдүү адаптацияланышуусуна жакшы мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Алар өздөрүнүн чектелген тобунда гана жашап жатышат.