Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖаңы үйлөрдүн курулушу. Архив
Жаңы үйлөрдүн курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Жазылуу
Белгилей кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Афганстандан этникалык 33 кыргыз Нарын жергесине балдарына билим берүү максатында келишкен.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Демилге өлкө башчы Садыр Жапаровго таандык. Курулуш иштери быйыл май айында башталмакчы. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалары айтылды.
"Өлкө жетекчилиги Кичи жана Улуу Памирден бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Бул максаттар үчүн күч жана каражат жетиштүү", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Афганстандан этникалык 33 кыргыз Нарын жергесине балдарына билим берүү максатында келишкен. 2020-жылга чейин келип кошулгандарды жана кеткендерди эсептегенде алардын жалпы саны 50гө жеткен. Ошол эле жылдын август айында Алай районунун Талды-Суу айылына салынган үйлөргө 10 үй-бүлө көчүрүлгөн.
Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 16-апрелиндеги жарлыгына ылайык, Кытай менен Афганстандан келген 111 этникалык кыргызга жарандык берилген.
Ситуация в Афганистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Кыргыздардын Памирде жашашы Афганистанга пайда. Кандаштарды эмне үчүн көчүрбөө керек
Жаңылыктар түрмөгү
0