28-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте өрүк гүлдөдү
Бишкекте өрүк гүлдөдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Жазылуу
Шейшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. 28-мартта күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19...+24, Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +21...+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +12...+17, Нарында +13...+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +22...+24, Ош шаарында +24...+26 градуска көтөрүлөт.
Нарындын көчөсү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Апта ичинде Нарында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0