Апта ичинде Нарында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековНарындын көчөсү. Архивдик сүрөт
Нарындын көчөсү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Жазылуу
Аптанын дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү жаан-чачын болбойт.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология Нарында ушул аптада аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Аптанын дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү, тагыраагы, 27-28-мартта жаан-чачын болбойт.
Ал эми 29-мартта күндүз тоолуу райондордо, 30-31-март күндөрү болсо айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
1-2-апрелде күн ачык болот.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жалал-Абад шаары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Кийинки жумада Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0