Стоматолог тиштин саргайып кетишинин себептерин атады

© Фото / Pexels/ Karolina GrabowskaЖасалма тиш. Архив
Жасалма тиш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Жазылуу
Боёк кошулган тамак-аштардан тышкары ашказан-ичеги оорулары, суунун сапаты да тиштин эмалынын өңүнүн өзгөрүшүнө алып келет.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Тиш саргайып же киргилт тартып кетишине кандай факторлор таасир берет, мындай көрүнүштүн алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Бул суроолорго россиялык стоматолог Наталья Кадькалова Sputnik радиосундагы маегинде жооп берди.
Ал чындыгында айрым суусундук, ичимдик, азыктар жана жер-жемиштер тиштин эмалынын өңүн өзгөртөрүн белгилеген.
"Мисалы, кызыл шарап тиштин өңүн өзгөртөт, карагат, кожогат дагы тиштин киргилт тартып калышына алып келет. Малина анчалык коюу түстө болбогону менен аны деле артынан тишти жууй албай турган шартта жебеген туура. Ал эми лимон, тескерисинче, агартат, бирок кариеси бар тиш болсо аны оорутушу мүмкүн. Чай боюнча айта турган болсом, тишти саргартып жибере турганчалык коюу чай кандай болорун элестете албай жатам. Ал үчүн өтө коюу демделген чайды күнүнө бир нече чыныдан ичип туруш керек болот го. Кеңеш катары айта кетейин, кофе жана кока-коланы көп ичкендер бул үчүн түтүкчө пайдаланса тиштин түсүнүн өзгөрүшүн алдын алышат", — деди Кадькалова.
Ошондой эле ал азыктагы боёктор тишти саргайтып жибербеши үчүн ар бир тамактануудан кийин аны жууп же чайкап туруу зарылдыгын кошумчалаган. Ал эмалдын өңүнүн өзгөрүшүнө тамак-аштан башка нерселер да таасир бериши мүмкүн экенин айтты.
"Тиштин саргарып кетишине антибиотиктердин айрым түрлөрү, дары каражаттарын, анын ичинде биологиялык активдүү кошулмаларды (БАД) тынымсыз ичүү да алып келет. Ашказан-ичеги ооруларынын кээ бир түрлөрү да тишти саргайтат, тиш дарыгери бейтаптын дал ушул оорулардан улам тиши саргайганын байкай алат, мындай учурда аны тиешелүү адиске жөнөтүү зарыл. Фтор көп болгон сууну ичүү да бул көрүнүштү шарттайт, мындай аймактарда жашагандар курамында фтор аз болгон тиш пастасын колдонушу керек", — деп адис адамдын тиши ички органдардын оорусунан улам саргайып жатса дарылануу зарылдыгын эскерткен.
Ал эми тамак-аштан болуп жатканын байкаган киши эмалдын өңүн өзгөрткөн азыктарды азайтып, гигиена, тишти жууп, тазалоо жана атайын аны агартуучу процедуралардын жардамы менен калыбына келтире аларын эскерткен.
Борбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Радио
Тиштин генетикасын өзгөртсө болот. Стоматологдун түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0