Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калпакты жаш куракка жараша кийүү эрежесин билесизби?

© Sputnik / Асель СыдыковаЭлТР МТРКнын "Мурас сабаты" көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков
ЭлТР МТРКнын Мурас сабаты көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Жазылуу
ЭлТР МТРКнын "Мурас сабаты" көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков калпакты жаш куракка жараша кийүү эрежеси тууралуу айтып берди.
Бир жаштан 13 жашка чейин, тактап айтканда, бир мүчөлү болгонго чейинкилер кыюусу жашыл калпак кийишкен. Демек, жашыл түс өсүп келе жаткан куракты түшүндүрөт. Калпактын төрт талаасына Умай эненин белгиси коюлат. Умай эне — балдардын төрөлүшүн жана алардын төрөлгөндөн кийинки амандыгын, ден соолугун сактаган уламыштагы эне. Бул тууралуу Жыпарбек Абдыразаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Калпакты жаш куракка жараша кийүү эрежесин билесизби?
Анын айтымында, сексен жаштан аркы карылар көп деле калпак кие алган эмес.
"Жигит калпактын кыюусу кызыл баркыт менен кыюуланат. Көрсө, кызыл түс бышып жетилгенди түшүндүрүп, балдар бир мүчөлү болгондон тартып балакатка жетип (13 жаш), боз улан кезден жигит куракка өтүп, кыз жандай баштайт экен. Ал эми талааларына жигит калпактан тартып уруусунун эн белгиси коюлат. Үйлөнгөндөн тартып чыйратылган аламач (ак-кара жиптин эшилген түрү) жип менен кыргакталган ак калпак кийгизилген. Аны кызды төркүнүнөн алып кетүү тоюнда кыздын жеңелери күйөө баланын кызыл калпагын чечип, жогоруда аталган калпакты кийгизишкен. Бул аламач жип - турмуштун жолуна түштү, аялы бар деген белги. Ак-кара – турмуш жолу. Ал эми калпактын төрт талаасына уруусунун эн тамгасы түшүрүлөт. Балалуу болгондон баштап кара баркыт менен кыргактары четтелип, талааларынын четтерине ак-кара турмуш жолу түшүрүлүп тигилген калпак кийишкен. Бул артында балдары бар деген түшүнүк. Калпакты төрөлгөн баланын "кыркын" чыгарган салтанатта чоң энеси жок болсо өз энеси, ал да болбосо атасы менен бир туугандардын аялдарынын улуусу тилек айтып кийгизген. Өз алдынча үйлүү болгондо кара манат менен кыюуланып, талааларынын четиндеги бирдей аралыктагы кош сызыктын ичине ак-кара изи түшүрүлгөн. Мындан анын өз алдынча үйдүн кожоюну болуп, элге дагы бир түтүн кошулду деген маанини туюндурган. Ошентип, кырк жашка чыкканда кара манат менен кыюуланып, талааларындагы бирдей аралыктагы кош сызыктын ичине ак-кара изи түшүрүлгөн, эки жагы айры калпак кийишкен. Мында эр адам турмуштун ысык-суугуна бышты, үй-бүлөсүн эле эмес, уруунун же мамлекеттин жүгүн көтөргөнгө жарап калганы билдирет. Ал эми эки жагындагы тилиги – чекиттен чексиздикке деген маани же акыл-эси толду дегенди туюндурат. Мындай калпакты 60 жашка чейин кийишкен. Кара манат менен кыюуланып, талааларындагы бирдей аралыктагы кош сызыктын ичине ак-кара изи түшүрүлгөн, алды-арты айры калпак 60 жаштан жогору кийилген. Себеби калпактын алды-артындагы тилиги – чексиз акыл-эске ээ дегенди билдирет. Анткени бул жашта адамдын колунан азыраак иш өнүп, карылыкка моюн суна баштаганы менен турмуштук тажрыйбасы артып, акылы тунуп, алды-артын көрүп калды дегенди түшүндүрөт", — деди Абдыразаков.
Ал сексен жаштан аркы карылар көп деле калпак кие албаганын, жайы-кышы көбүнчө көрпө, түлкү, суусар тебетей кийгенин, анткени бул куракта адамдан эт качып, жылуулукту сүйө баштаарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0