MQ-9 Reaper каалаган аймакта уча албасын Пентагон түшүндү окшойт. Ой толгоо

© Фото / U.S. Air Force / Tech. Sgt. Efren LopezАКШнын MQ-9 Reaper учкучсуз учагы. Архив
АКШнын MQ-9 Reaper учкучсуз учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Жазылуу
Чектелген зонага АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн учагынын кулашы Пентагонду россиялык эрежелерге ылайык аракет этүүгө аргасыз кылат.
Кара деңиздин түбүндө 32 миллион долларлык MQ-9 Reaper учкучсуз учагынын жоголушу АКШ менен НАТОнун да чалгындоочу-сокку уруучу инфраструктурасы да көзгө чалдыкпай же жазаланбай калбастыгын айгинелеп койгонун белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Россиялык суулардын жээгинде учкучсуз аппараттардын кыйма-чийме (ашкере агрессивдүү) учушу өзүн-өзү жок кылууга барабар. Мындай жагдай Балтика деңизин айланган америкалык стратегиялык F-16 жана B-52 истребителдерине да тиешелүү. Ак үй бул окуяны "кооптуу жана акылга сыйбайт" деп баалады.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу буга АКШнын кадамдары, тагыраагы, атайын аскердик операциянын жүрүшүнө байланыштуу бекитилген зонаны кесип өтүп, ошондой эле Россиянын кызыкчылыктарына каршы чалгындоо ишмердигин күчөтүшү себеп болгонун билдирди.
Америка тараптын демилгеси менен 15-мартта РФ менен АКШнын коргоо министрлери Сергей Шойгу жана Ллойд Остин телефон аркылуу сүйлөштү. Алардан тышкары россиялык Башкы штабдын, АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Штаб жетекчилеринин комитеттеринин жетекчилери Валерий Герасимов менен Марк Милли да байланышты.
Остин: "АКШ эл аралык укук мүмкүндүк берген бардык жерде учууну жана аракет этүүнү улантат", — деп баса белгиледи. Ал эми Шойгу Россия "мындан ары да бардык чагымдарга жараша чара көрөрүн" билдирди.
Учуштар чектелген зона өзгөрүүсүз калат. Россиялык Крымдын жээктеринде Кошмо Штаттардын стратегиялык учкучсуздарынын пайда болушу – Кара деңиздеги эскалацияга кептей турганы ырас.
РФ тегерегинен 60, ал эми Кошмо Штаттардын түндүк-америкалык территориясынан 8000 чакырым ыраакта чалгындоо-сокку уруучу учактын касташкан аракеттерин эл аралык укук тууралуу айтылгандар актай албайт. Эл аралык кызуу талкуулар башка аянтчаларда да уланууда. Америкалык сенатор Линдси Грэм эл аралык аба мейкиндигинде Пентагондун учуучу аппараттарына жакын учкан россиялык аскердик учактардын баарын атып түшүрүүнү сунуштады. РФтин АКШдагы элчиси Анатолий Антонов америкалык парламентарийлерге: "Бейтарап аба мейкиндигинде россиялык учакка кол салуу – өзөктүк ири державага ачык согуш жарыялоого тете" экенин эскертти.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
АКШнын коргоо министри учкучсуз учак менен болгон окуядан кийин Россияга кайрылды
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли MQ-9 учкучсуз аппараты Кара деңиздин 1500 метр түбүнө чөгүп кеткенин, аны алып чыгуу кыйынга турарын боолголоду. РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев аны алып чыгуу ниетин билдирди. Себеби анын жыйынтыгы россиялык адистердин байланыш жана маалымат тутумун изилдеп, америкалык учкучсуз аппараттын нагыз максаттарын аныктоосуна көмөкчү болмок.
Ачык маалымат булактарындагы кабарларга таянсак, РФтин Кара деңиз флоту америкалык аппараттын сыныктарын издөөнү улантууда. Ал эми Кошмо Штаттар маалыматтардын ачыкка чыгып калышынан чочулап, атайын кемелерди киргизип, учкучсуз учакты алып чыгуу үчүн Түркиядан жол ачууну өтүндү.
Адатта Румыниядагы Кымпия-Турзий базасынан учуп чыккан MQ-9 Reaper стратегиялык учкучсуз аппараттары орто аралыкка ылайык таамай ракеталар же сокку уруучу истребителдердин эквиваленти. Чалгындоочу модификацияда алар абадан коргонуу каражаттарынын иш режимин, аскердик объектилердин координаттарын аныктап, украиналык согуштук аракеттер театрында РФтин аскердик топторунун мүмкүнчүлүктөрүн баалайт. Натыйжада Россияга каршы аскердик аракеттерди алпарат.
Мурда АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн Lancer стратегиялык бомбалоочулары Крымдын жээгинде ыраакка ылайыкталган AGM-158C LRASM канаттуу ракеталарын пайдаланууга машыккан.
Америкалык General Atomics компаниясынын MQ-9 Reaper учкучсуз аппараты турбовинттик кыймылдаткыч менен жабдылып, абада 24 саатка чейин тынымсыз учуп, 1,7 тоннага чукул салмактагы жүк ташый алат. Ошондой эле 15 миң метр бийикке көтөрүлүп, саатына 400 чакырымга чейинки ылдамдыкта учат. Спутник аркылуу операторлор тарабынан тескелип, 1900 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алат.
MQ-9 Reaper үчүн ачкан Румыниядагы базасын жаап салбаса да, 14-марттагы окуядан соң Пентагон россиялык Крымдын жээгине чалгындоо-сокку уруучу учкучсуз аппараттарынын учушун токтотту. Анткен менен мындан ары этият болууга аргасыз болору бышык.
Ак үй 15-мартта Вашингтон Россия менен АКШнын ортосундагы аскердик жаңжалды каалабай турганын билдирди. Бирок Москва андай сөздөргө ынанбайт. Ошол себептен кылдат көз салары турулуу. Эң кооптуусу Кара деңизде жана атайын аскердик операция зонасында эки үлкөн державанын түз эскалациясынын ыктымалдыгы бар.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Трамп: Россиянын эмес, АКШнын режимин алмаштыруу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0