Виртуалдуу билим алууга жол ачылган шартта мугалим керекпи? Болжурованын маеги

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКыз виртуалдуу билим алуу учурунда. Архив
Кыз виртуалдуу билим алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Жазылуу
Соңку эки жылда эле төрт министр алмашкан билим берүү системасын реформалоо үчүн жаңы концепциялар, идеялар ар тараптан сунушталып жатканы маалым. Жакында келген жаңы министр да бул тармакты өзгөртөрүн айтты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда мурдагы билим берүү жана илим министри, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенгүл Болжурова болду. Биз билим берүү тармагы кандай болушу керек, деги эле келечек муун үчүн туура багытта бара жатабызбы деген суроонун айланасында маектештик.
— Соңку эки жылдын ичинде эле төрт министр алмашты. Сунушталган идеялар ишке ашпай калууда. Жаңы министр да бир катар өзгөртүүлөр менен сунуштарды айтты. Бул ишке ашабы?
— Билим системасы абдан оор жана коомго өтө чоң таасир берет. Сапарга чыккан унаага деле улам бир айдоочу келип отура берсе, ары-бери чайпалат эмеспи. Ошондуктан жаңычылдыкты абайлап киргизүү керек. Билим системасы — үй куруу же тиш жулдуруу эмес. Бул багыттагы реформа өз натыйжасын он жылдан кийин көрсөтөт. Анткени 1-класска кирген баланын мектепти аяктаганга чейин кандай ыкмаларда билим алганын, окутканын, тарбиясынын жыйынтыгын аягында көрөбүз. Муну чебердеп жасоо керек. Азыр 82 миңге жакын мугалим, 30 миңге жакын орто окуу жайлардын окутуучулары, бир жарым миллионго чейин окуучу бар. Ата-энелерди кошкондо өлкөдө беш миллиондой адам билим берүүгө тиешеси бар, ага көз салып турат. Ушундай чоң механизмдин рулуна отура калып эле "оңго же солго айдайм" деп айта берүүнүн натыйжасы кандай болот? Ушул жагын эске алуу керек. Реформаны ар тараптуу кароо зарыл. Мындай өзгөртүүлөр кимге керек, кимди окутуп жатабыз, келечекте кандай болот деген таризде ойлонолу. Азыркы балдар — XIX – XX кылымдын балдарына такыр окшобойт. Педагогикада, психологияда "санариптүү муун" деп атайбыз. Бул балдар маалыматты башкача кабыл алат. Интернет колдонуу баарына жеткиликтүү болгондуктан айрым маалыматтарды мугалимден да жакшы билиши мүмкүн. Ошол себептен аларга кандай билим берип, кандай мамиле жасашыбыз керек деген суроо туулат. Биздин убактагы мультфильмдер менен азыркылардын эле айырмасын карагылачы. Мурда жай сюжеттүү болсо, азыр бир-эки минутада эле бир нече сюжетти көргөзүп жиберет. Балдар ошол маалыматты бат-бат кабыл алып иштеп чыгышууда. Мындай муунга кандай билим берүү керек?
© Sputnik / Асель СыдыковаМурдагы билим берүү жана илим министри, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенгүл Болжурова: Реформаны ар тараптуу кароо зарыл. Өзгөртүүлөр кимге керек, кимди окутуп жатабыз, келечекте кандай болот деген таризде ойлонолу
Общественный и государственный деятель, экс-министр образования Ишенгуль Болжурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Мурдагы билим берүү жана илим министри, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенгүл Болжурова: Реформаны ар тараптуу кароо зарыл. Өзгөртүүлөр кимге керек, кимди окутуп жатабыз, келечекте кандай болот деген таризде ойлонолу
Экинчи маселе, балдардын алдында азыркы замандын жаңы маалыматтык технологиялары жатат. Азыр жасалма интеллект, чат-бот деген пайда болду. Балдар арифметиканы ушул жактан эле чыгарып алышууда. Анда мектептин эмне кереги бар? Көп суроолорго жооп жок. Жасалма интеллект коомду ээлеп алса мугалимдердин ролу кандай болору ойлонтот. Пандемияда онлайн иштегенге өттүк. Мында күчтүүлөр окуп, өздөштүрө албагандар калып калды. Бул бир жагынан абдан кыйын сыноо мезгил болсо, экинчи жагынан пандемия окутуунун жаңы өңүрүн ачты го. Билим системасы абдан ойлоно турган мезгилде турат. Ушундай учурда билим системасын эксперимент кыла берүү да болбойт. Түшүбүзгө кирбеген технологиялар чыгып жаткан заманда окуу куралдары, мугалимдер, министрлик кандай болушу керек? Социумга ылайык эмес, индивидуалдуу, өз көмөчүнө күл тарткан балдар пайда болду. Бул жерде Кыргызстан эле эмес дүйнөлүк педагогикалык билим берүү уюмдары, мекемелер кеңешип, бир жолду табуучу учур келди. Ар бир мамлекет өзүнчө болгону менен билим системасында чек жок болуп баратат. Алмаз Бейшеналиев "Билим булагы" аттуу мультипликатордук комплекстерди, окутуу ресурстарын, окуу китептердин электрондук версияларын стандарттарга окшоштуруп 5-9-класстарга иштеп чыгууну жолго койду. Бала үйдө отуруп алып деле "Билим булагы" аркылуу мамлекеттик стандартка ылайык мультипликациялык комплекстерди ала алат. Ушундан улам мектептерди куруу керекпи деген суроо туулат.
Анан мектепке чейинки мекемелер тууралуу да ойлонсок, союз учурунда ата-энеси колхоз-совхоздо иштегени үчүн мамлекет баарын мойнуна алчу. Азыр капитализмде жашап жаткандан кийин баарын ата-эне мойнуна алышы зарыл. Биздин кодекстерде билим берүүгө ата-энелер да жоопкер экени жазылган. Бирок азыркыга чейин мугалимди күнөөлөп келебиз. Азыр мигранттардын балдары өзүнчө бир маселеге айланып калды. Ошол эле жаңы конуштардын жашоочулары шаар ичиндеги мектептерге балдарын киргизип жатышат. Анткени конуштагы мектептердин директорлорунун жоопкерчилиги аз. Билим сапаты салыштырмалуу төмөн. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн республикалык тесттеги орточо баллы 120, ал эми борбордук гимназияларда 170 болууда.
Болжурова: жасалма интеллект мугалим, мектеп керекпи деген суроо жаратууда
— Реформаны министрликтин деңгээлинен ашыра албай жаткандайбыз. Советтик, англосактык жана улуттук нарктын гибридинде концепция иштеп чыгууну айтышууда. Сиз болсо виртуалдуу билим берүүнү айтып жатасыз...
— Түбүнөн алып караганда совет, немец жана кыргыз системасын бириктирген билим берүү макети азыр деле иштеп жатат. Анткени совет билим системасы немецтерден келген. 1990-жылдан кийин биз ага кыргыздын көйнөгүн кийгизип жатабыз. Ошол себептен бул жаңылык эмес. Ооба, азыр виртуалдык билим берүү жакшы жолго коюлгандыктан мугалимдердин орду да алмашып бараткандай.
— Технологияга жараша окуучуларыбыз мугалимден да ашып кеткенин, билим берүүдө чебердешибиз керектигин айттыңыз. Кандай багытты тандайбыз?
— Министрлик директорлорго сынак жарыялап биринчи кадамдарын жасап жатат. Сынак компьютер менен өттү. Компьютерди билгендер директор болушу керекпи деген жаңылыш түшүнүктөр болду. Жок, компьютердик сынакта билим системасы, мектепти башкаруу менеджменти өңдүү 80 суроо кирген тест берилди. Максаты — маалыматтык, виртуалдык тармакты түшүнгөн директорлорду тандоо болуп саналат. Коронавирус маалында онлайн билим берүү системасы мугалимдердин кемчилигин көрсөтүп койду. Аралыктан окутууда өздөрү технологиялык жактан артта калганы билинди. Ушул жакты көтөрүү керек. Мугалим өзү дүйнөлүк билим системасынын платформаларына кирип, күндө жаңы билим алып турбаса окуучусуна үйрөтмөк турсун замандан артта калат, мектепти да артка тартат. Чет мамлекетте мугалимдер 1,5-2 жылда бир жолу алты айлык квалификациясын жогорулатууга барып турат. Сингапурдун, Финляндиянын билим берүү моделине суктанып келишет. Ал жакта каржылоо да ошончолук.
— Кыргызстанга ваучердик система кириши керектигин айтып жатышат. Ага кандай карайсыз?
— 2008-жылдан бери эле айтылып жатат. Ваучердик системаны санап көргөндө айыл жергесинде мугалимдердин айлыгы абдан аз болуп калары билинген. Көбүнчө мектептерде окуучулардын саны ашыкча. Бир класста 40-50 бала окуйт, бул жагын да эске алуу керек. Ваучердик системада окуучулардын артынан акча келгендиктен директорлор дагы көп баланы кабыл алууга жүткүнөт.
© Sputnik / Асель СыдыковаИшенгүл Болжурова: Мугалимдердин коомдо баркы 1991-жылдан баштап кете баштады. Менчиктештирүү учурунда жер, мал жок, же жарытылуу айлык берилбей психологиялык, материалдык жактан абдан кыйналышты.
Председатель общественного совета МИД КР Ишенгуль Болжурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Ишенгүл Болжурова: Мугалимдердин коомдо баркы 1991-жылдан баштап кете баштады. Менчиктештирүү учурунда жер, мал жок, же жарытылуу айлык берилбей психологиялык, материалдык жактан абдан кыйналышты.
— Мындан ары мамлекеттик мектеп курбай, жеке менчик мектептердин көбөйүшүнө шарт түзүү сунушун берип жатышат...
— Элибиз өсүп жатат. Мигранттарды эске албаганда өлкөдө беш миллион адам жашайт. 35 жашка чейинки жаштар калктын 50 пайызын түзөт. Демек, кудай буюрса, калкыбыздын саны өсөт. Айыл жеринде көп мектептер бюджеттин же бизнесмендердин арты менен салынган. Мисалы, бир райондо жети мектеп болсо, аны карап көрүп, эки же үч мектепти башталгыч класска, үчөөнү 9-класска чейинкилерге, бир мектепти 9-11-класстагыларга бөлүштүрсөк системдүү болот. Мамлекеттик мектептерди курбоо тууралуу жөн гана айтылса керек. Ансыз да колунда бар ата-энелер балдарын менчик мектептерге берип жатат. Булардын ачылышы да жакшы процесс. Анткени санариптик билим системасы, тарбиясы, тамагы да жакшы. Маянасын жакшы коюп бергендиктен көп мугалимдер менчикке кетет. Мамлекеттик мектептер да демография өскөн сайын курулат. Таланттуу балдардын интернатын куруу идеясы мага абдан жакты. Борбордогу №5 мектеп-интернаты улуттук интеллигенциянын борбору болуп калган. Ал жерден канчалаган атактуу адамдар чыкты. Интернат системасы жаман эмес. Бирок "мамлекет окутсун, мамлекет кылсын" деп отуруп алуу туура эмес.
— 12 жылдык окуу абдан талаш жаратты. Айрымдар тогуз жыл окута албай жатканын айтышат...
— Бул жеке каалоо менен болушу керек. Бүт дүйнө 12 жылдык системада окуйт. 12-жыл жогорку окуу жайына даярдоо системасы болушу абзел. Анткени 1-2 курста мектептин эле программалары окутулууда. 12 жылдыкты кабыл алганда бакалавриатта профессионалдык адистикке окутууга басым жасалмак. Үчүнчүдөн, баланы өз ыктыяры менен окутуу зарыл. 9 жыл окутса, андан кийин өз ыктыяры менен колледжге берсин.
— Бүгүнкү күндө мугалимдерге жоопкерчиликтин баарын үйүп, сыйлабастык жагдайлар да кездешип жатат. Алардын кадырын көтөрүп, коргоо керек деген пикирлерге көз карашыңыз кандай?
— Мугалимдердин коомдо баркы 1991-жылдан баштап кете баштады. Менчиктештирүү учурунда жер, мал жок, же жарытылуу айлык берилбей психологиялык, материалдык жактан абдан кыйналышты. Байлар кыйын, мугалимдер байкуш экен деген психологияга жеттик. Ошол убакта 14 миң мугалим мектептен кетип калды. Окуу куралдары да жок. Себеби илимий жактан изилдөө, мектептерде мугалимдердин адистигин көтөрүүнүн баары тең эле Москвадан келчү да. Ошонун баары бир заматта жок болуп калганда мугалимдер жетимсирей түштү. Балдардын эч кимиси мугалим болом деп айтпай калган.
Экинчи жагынан социалисттик көз караш менен мугалим баарына жоопкерчиликтүү болушу керек деген түшүнүктө калдык. Мунун баары педагогдорго сокку болду. Министрлик Гапар агайды (Гапар Мадеминов — ред.) коомдук кеңешчи кылып алыптыр. Бул эң сонун. Анткени ал киши ата-энелер мектебин түзгөн. Муну менен үйдө жоопкерчилик да өсөт. Ата-энелерге балдарга кандай мамиле жасоо керектигин, кандай окутуу керектигине чейин үйрөтүп, баткендик балдар орточо көрсөткүчтө 175 балл алып жатат. Ата-эне балага кандай мамиле жасап, кантип окутуп, кандай окуу куралдарын алуу керектигин жана мотивация берүүнү үйрөткөн. Кыргыздар баланы "бала, бала баладай, башы-көзү чарадай" деп түртүп коёбуз. Ошол эле еврейлер балдарын "сен баарынан таланттуусуң, акылдуусуң, кыйынсың" деп үйрөтөт. Үйдө кандай тарбияласа, ошондой балдар өсүп чыгат. Демек, мугалим да күн сайын билим алып, ата-эне да жоопкерчиликтүү болуп, кайдыгер карабаш керек.
Нуска китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
“Нуска” китепканасын сактап калуу үчүн далай кордук көрдүм. Садыкулованын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0