“Нуска” китепканасын сактап калуу үчүн далай кордук көрдүм. Садыкулованын маеги

© Фото / из личного архива Анаркан Садыкуловой"Нуска" китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова
Нуска китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
Жазылуу
"Нуска" китеп борборунун өзгөчө тарыхы бар. Залкар жазуучулар атын коюп, кыргыз тилдүү китептер гана сатылган дүкөн болуп түзүлгөнүнө быйыл туура 40 жыл толду. Ошол 40 жылдык тарыхында "Нуска" китеп борборун Анаркан Садыкуловасыз элестетүү кыйын.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде "Нуска" китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова болду. Советтер Союзу тарап, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары аталган китеп борбору да менчиктештирүүнүн курмандыгы болгон. Ошол кезде 30 жаштын тегерегиндеги жаш келиндин премьер-министрге чейин кат жазып, китеп борборду сактап калуу үчүн кылган аракети азыркы жаштар үчүн жомоктой угулушу мүмкүн.
— Алгач кепти “Нуска” китеп борборунун кантип пайда болгонунан баштасак.
— Алгач дүкөн Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинде болчу. 1995-жылдан баштап китепканага кол салуу башталган. Биринчи Лебединовкадагы китепканалар базасы кытайларга сатылды. Негизи эле Аскар Акаевдин учурунда шаардын жакшы жерлеринде жайгашкан китепканалардын имаратына көз артуулар көп болду. Тартып эле алышкан. Совет көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн ортосунда саясий, техникалык, букинис китептерди саткан 4-5 дүкөн бар болчу. "Нускада" ал кезде башка да сатуучулар иштечү. Мен директору элем. Дүкөндү сактап калуу үчүн Майрам Акаева менен катуу кармаш жүрдү чынында. Барбаган жерибиз, кайрылбаган кишибиз калган жок. Түгөлбай Сыдыкбековго, Сүйүнбай Эралиевге, Сооронбай Жусуевге кайрылып абалды түшүндүрсөм, алар да менин айтканым менен болуп сотко, Ак үй менен көк үйгө барып жүрүштү. Бийликтен ар кандай коркутуулар болду. Акаевдин туугандары келип далай кодулашты. Алгач “эже, ушуну менчиктештирип албайлыбы” деп акырын айтышкан. Ал кезде мамлекеттин мекемесин менчикке чыгарып алуу түшүбүзгө да кирчү эмес. Ал сөздөргө маани бербей жүрө бердим. Кийин коркутуулар күч алды. Ичип алып да келишти. Бир ирет өкмөт башчы Апас Жумагуловго аксакалдарды киргиздим. Бирок анда да тыянак чыккан жок. Мүлк башкармасынын башчысы болуп турган Равшан Жээнбековго чейин бардык. Бир ирет Чыңгыз Айтматов Москвадан келип, Абдылдажан Акматалиев аркылуу жолуктум. Ал кишиге кат берсем окуп чөнтөгүнө салды да, “билбейм эми, менин сөзүм өтөр бекен” деди. Акыры баары бир имаратты тартып алып, мени китепканадан чыгарып салышкан. Андан кийин “Вечерний Бишкек” гезитинин редактору Александр Тузов келип маек алганда курчтук, жаштык менен болгонун болгондой айтып койсом кекетүү-мокотуулар ого бетер күч алган.
© Sputnik / Асел АкматСадыкулова: убагында ишсиз калган 41 китепканачынын бири инсульт алып каза болсо, экинчиси стресстен майып болуп калган. Анткени биздин түшүнүк, көз караш башка болчу да
Директор книжного центра Нуска Анаркан Садыкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
Садыкулова: убагында ишсиз калган 41 китепканачынын бири инсульт алып каза болсо, экинчиси стресстен майып болуп калган. Анткени биздин түшүнүк, көз караш башка болчу да
— Ошол кезде көчөдө китеп саткандар абдан көбөйүп кетти эле. Мунун баары китепканалардын жабылып калганынын кесепети экен да?
— Канчалаган китепканачылар ишсиз калды. Ишсиз калган 41 китепканачынын бири инсульт алып каза болсо, экинчиси стресстен майып болуп калган. Анткени биздин түшүнүк, көз караш башка болчу да. Баары тең жаш келиндер эле. Ишсиз калганда да “Нусканы” сактап калуу үчүн далай эшикти каккыладым. Бир ирет Апас Жумагуловдун кабылдамасында турсам, ал киши он мүнөттөй кечигип калды. Күтүп туруп “эмнеге мынча басынам, шүгүр, жегенге бир үзүм наным, үй-бүлөм бар” деп Апас Жумагуловдун келгенин көрсөм да ызаланып басып кетип калдым. Кирбегеним деле жакшы болуптур. Кийин уксам жакшы жерде жайгашкан ар бир имаратты тизме менен эбак эле бөлүштүрүп, менчикке берип коюшуптур. Жумагулов деле эч нерсе чечмек эмес экен.
— Негизи дүкөн кандайча "Нуска" аталып калган?
— 1981-жылдан бери китеп тармагына аралаштым. Биринчи дүкөн 1983-жылы “Кыргыз китеп” деп эле турчу. Мында кыргыз китептердин жана техникалык китептердин дүкөнү жайгашкан. Ошол убакта Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев, Насирдин Байтемировдун — баарынын көзү тирүү болчу. Эркиндик бульварында китептин бет ачарын өткөрүп, чыгармаларын окуп берип карапайым эле жүрүшчү. Ошондой күндөрдүн биринде Жазуучулар союзунан кат жазып, мени шаардык комитеттин төрагасына жөнөтүштү. Барсам төрага көзүнүн төбөсү менен бир карап алып катты окуду да, “бара бер” деп койду. Бир айдан кийин техникалык китептерди башка жакка көчүрүп, "Кыргыз китеп" кеңейтилген. 1983-жылы текчелерди толтура албай комиссия келерде бирден китеп коюп койгон кез. Анан китепканага ысым ыйгаруу керек болуп, жазуучулардын баары келди. Тандаган аттарынын жанына фамилиялары жазылган кагазды мага беришет. Мен карап келе жатсам “Нуска — Түмөнбай Байзаков” деп турат. Ушул атка кызыгып калып агайларга дароо сунуштадым. Ал кезде баары төрө пейил күтпөгөн карапайым адамдар болчу. Каткырып мени колдоп, ошону менен дүкөндүн аты “Нуска” аталып, бакыйтып жазып илип койгонбуз.
© Фото / предоставлено Анаркан Садыкуловой

Садыкулова: 1981-жылдан бери китеп тармагына аралаштым. Биринчи дүкөн 1983-жылы “Кыргыз китеп” деп эле турчу

Садыкулова: 1981-жылдан бери китеп тармагына аралаштым. Биринчи дүкөн 1983-жылы “Кыргыз китеп” деп эле турчу - Sputnik Кыргызстан
1/3

Садыкулова: 1981-жылдан бери китеп тармагына аралаштым. Биринчи дүкөн 1983-жылы “Кыргыз китеп” деп эле турчу

© Фото / из личного архива Анаркан Садыкуловой

2/3

3/3

— Азыркы “Нуска” дүкөнү кандайча түптөлдү?
— Акаевдер тартып алгандан кийин ызаланып көпкө жумушка чыкпай жүрдүм. Бир күнү болбой энциклопедияны ревизия кылууга чакырып туруп алышты. Үйдөгүлөр да “кимди коркутасың, иштеп алаксы” деп урушканынан бардым. Иштеп жүрүп терезени карасам жанынан интеллигент адамдар көп өтөт экен. Энциклопедияны ар ким карызга ала берип чакчалакей болуп кетиптир. Мамлекетке карызы андан өсүптүр. Тизилген, чаң баскан китептерди иреттеп жатсак Законбек Бейшеев менен Аманбек Карыпкулов келип калышты. Мен аларга “ушул жерге китеп дүкөн ачам” десем, экөө тең “көңүлүң калбаган кандай немесиң” деп аябай урушушту. Акыры болбой эле кат жаза бергенимден аргасыз мейли дешти. Же өмүрүмдү китепке арнап койгонумду ойлоштубу же сынаштыбы, айтор, макул болушту. Ошентип мурунку ашкана болгон эски имаратты чуркап жүрүп, ар кимден уруш угуп, жаман көрүнүп жатып оңдотуп, китеп дүкөн катары түптөгөм. 1998-жылы дүкөндү ачтым. Бардык документтерин жасатканым менен текчелер жок болчу. Аны энциклопедияда иштеп кеткен балдар эски шкафтардан жасап беришти. Жалаң кыргыз китептерди саттык. Алгач киши кирбей кыйналганбыз. Азыр деле өкмөт китепке акча бөлгөнү менен Маданият министрлиги аны каякка жумшап жатканын билбейм, муну сурай да албайм.
— Жаңы дүкөнүңүздүн атын кайра эле “Нуска” деп атаган турбайсызбы?
— Ооба, себеби кыргызстандыктар “Нусканы” билип калган да. Тааныйт. Бул ат китепке ылайыктуу.
— 1998-жылдагы каатчылыкта дүкөндү кантип сактап калдыңыз?
— Айлык менен ишим болгон жок. Адам кудайга шүгүр деши керек. Өзүң бир нерсени ниет кылып койсоң ошого Кудай таалам жардам берет экен. Бир жагынан көк беттигим болду окшойт. Алгач ачканда күнүнө 100 сомдон түшсө бардык салыгына жетет турбайбы деп эсептедим. Жанымдагы китепканачы Ирина экөөбүз тең эле айлыгы жок иштедик. Кээде гана китептин акчасына түшкү тамак алып койчу элек. Демөөрчү деле издеген жокмун, бирок бир-эки жолу жардам бергендер болду. Бир ирет журналист Улан Эгизбаев келип калыптыр. Анын журналист экенин деле билген эмесмин. Сүйлөшүп отуруп полубуздун жыртыгын, текчелерибиздин илгерки замандай эскилигин көрдү. Ошол бала келип тартып кеткен. Ошондон кийин эле бир жолу бир келин, экинчисинде бир жигит телефон чалып жардам болорун айтып, көп өтпөй президенттин иш башкармалыгынын алдындагы департаменттен келип актап, полуна линолеум төшөп, бирдемелерди чаптап кетишкенде бир аз киши өңдөнүп калдык. Анан эле он жыл мурун Түркияда иштеген эки кыргыз жигит келип “жардам беребиз” деп кыйылып кетишпейт. Кой десем болушпайт. Ошол жигиттер келип текчелерди, тепкичтерди, столдорду, полду, дүкөндүн аты жазылган тактанын баарын менден бир сом албай зымпыйтып жасап берип кетишти. Эки дүйнө ыраазымын, ал мен үчүн болбосо да элдин эртеңи үчүн да.
© Фото / из личного архива Анаркан Садыкуловой

Садыкулова: китепканачы Ирина экөөбүз тең эле айлыгы жок иштедик. Кээде гана китептин акчасына түшкү тамак алып койчу элек. Демөөрчү деле издеген жокмун, бирок бир-эки жолу жардам бергендер болду

Садыкулова: китепканачы Ирина экөөбүз тең эле айлыгы жок иштедик. Кээде гана китептин акчасына түшкү тамак алып койчу элек. Демөөрчү деле издеген жокмун, бирок бир-эки жолу жардам бергендер болду - Sputnik Кыргызстан
1/4

2/4

3/4

4/4

— Азыр дүкөндө канча киши иштейт?
— Негизи үч киши иштеши керек эле. Бирок аларга да айлык төлөө керек болгондуктан жалгыз иштейм. Бир жолу жаш кыздарды үйрөтүп азыраак акчага сатуучу кылып алайын деп жарыя берсем, мөлтүрөгөн кыздар келишти. Баары студент. Сурасам, китеп окушпаптыр. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасын билбегендер бар экен. Маянаны 15 миң сомдон өйдө алгысы келет. Анан кой деп өзүм эле иштеп жатам. Өзүм директор, пол жуугуч, кароолчу, сатуучумун. Бирок мамлекетке үч кишинин салыгын төлөйм.
— Учурда деле борбордогу кыймылсыз мүлктөрдү кайра менчиктештирүү иштери жүрүп жатпайбы. Азыр талашкандар болгон жокпу?
— Роза Отунбаеванын убагында бул имаратты алабыз дешти. Өйдө жактан үмүт жок, көңүлү калган жаным айла жоктон авторлорго китебин алып кетүүсүн суранып чала баштадым. Анан эле элдин баары келип, мени “сиз эмне жазбайсыз” деп урушуп 1000 кишинин колу менен ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге чейин кирип, маселени түшүндүрдүк. Ошондо тынчыган. Ачык айтканда, азыр деле аңдыгандар көп. Бирок бул жер аарынын уясындай, тийсең баарылап кетерин билип унчукпай жүрүшөт. Анткени түшүнүп калышты. Биздин имараттын бир капталында Абсамат Масалиевдин фонду, үстүндө дагы бир аткаминерлер отурат. Азыр дүкөндө миңдеген китеп бар. “Нуска” кыргыз адабиятына, маданиятына кайдыгер эмес адамдар үчүн маанилүү. Тил жоголсо, улут жоголот. Бул жерде канчалаган кыргыз адабиятынын, тилинин байлыгы жатат. Өмүрүмдү китепке арнадым. Бул да мүмкүн жашоого келген миссиям болсо керек. Мен бактылуумун. Нечендеген улуу жазуучулар менен чайлашып, сырдашып, баарлашып калдым. Сөздөрүн уктум. Китеп болбосо илимий жетишкендиктер, мыкты чыгармалар, маданият да болбойт эле.
Көчмөн кыргыз үй-бүлөсү Сары-Камышка көчүп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Ташкент, Алматы жана Кытай архивдеринде кыргыздын тарыхы катылып турат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0