Кээде өзүбүз деле реабилитацияга муктаж болуп калабыз. Спорттук дарыгердин маеги
19:06 15.03.2023 (Жаңыртылды: 21:18 15.03.2023)
© Фото / предоставлено Исой БичановымСпорттук-реабилитациялык борбордун дарыгери, Спорттук медицина жана спорттогу реабилитация ассоциациясынын президенти Иса Бичанов
© Фото / предоставлено Исой Бичановым
Жазылуу
Акыркы кезде спортто бир топ жеңиштерди багындырдык. Бул — жеке спортчунун эле эмес, бүтүндөй команданын, кесипкөй адистердин комплекстүү ишинин натыйжасы.
Sputnik Кыргызстан агенттигине спорттук жана функционалдык дартты аныктоо боюнча дарыгер, спорттук реабилитациялык борбордун жогорку категориядагы дарыгери Иса Бичановду чакырганбыз. Спорттук медицина жаатында Кыргызстанда кандай алгылыктуу иштер бар экени кызыктырды.
— Алгач өзүңүздүн кесибиңиз тууралуу айтсаңыз?
— Акыркы 10-15 жылдын аралыгында биздин кыргызстандыктар дүйнө жана Азия чемпионатында жакшы жыйынтыктарды көргөзүүдө. Албетте, бул — машыктыруучунун, спортчунун жана алар менен бирдей иш алып барган медиктердин эмгеги. Өзүм Кыргыз мамлекеттик медицина академиясын 1997-жылы аяктагам. Андан кийин жандандыруу бөлүмүндө иштеп жүрүп, 2009-жылы Бактыгүл Алишова менен таанышып, ал спорттук медицинага чакырган. Башында чогуу үйрөнүп жүрүп кызыгып, атайын квалификациядан өтүп, Россиядан, Беларустан окуп келип иштеп жатканыма 12-13 жылдай болуп калды. Өлкөдө спорттук медицина боюнча жакшы врачтар саналуу. Бактыгүл Алишева спорт тартмагында эмгектенип келген жалгыз врач эле. Анын аталган тармакка салымы чоң. Жанына жаш врачтарды чогултуп окутуп, устаттык кылып үйрөтүп келе жатат. Акыркы кезде спорт менен машыккан жаштар да көбөйдү. Спортчу менен машыктыруучу гана иштешсе жеңишти багынтуу кыйын. Көп тармактуу камкордук керек. Врачтар спортчуну ар дайым карап, көзөмөлдөп, машыккан спортунун түрүнө жараша иммундук статусун, гормоналдык балансын текшерет. Көзөмөлсүз машыкканда ден соолукта маселе жарала баштайт. Муну жогорку квалификациялуу врачтар гана карап, жардам берет. Андан тышкары, массажист, физиотерапевттер, реабилитологдор иштеши керек. Ийгиликке жетишип, ошол эле убакта ден соолугун сактап калуу оор болот.
© Фото / предоставлено Исой БичановымИса Бичанов спортчу Жоламан Шаршенбеков менен
Иса Бичанов спортчу Жоламан Шаршенбеков менен
© Фото / предоставлено Исой Бичановым
— Спорттук медицина канчалык деңгээлде татаал? Жалпы медицинадан айырмачылыгы эмнеде? Келгенден бери кандай кыйынчылыктарды байкадыңыз?
— Спорттук медицина — татаал багыттардын бири. Өзгөчөлүгү бар. Спорттук дарыгер ар тараптан билимдүү болушу керек. Мисалы, жугуштуу оорулар менен жараатты билип, диетолог, физиолог, психолог да болуу талап кылынат. Айрыкча командалык түрдө окуу-машыгууда жүргөндө спортчулар сыркоолоп калат. Баарына жардам көрсөтүүгө дараметиң жетиштүү болушу зарыл. Кыргызстанда спорттук медицинанын атайын факультети жок. Бактыгүл Алишева министрликке чуркап жүрүп, медициналык академияда спорттук медицина кафедрасын ачты. Ал жакта жылына 2-3 дарыгер даярдала баштады. Реабилитациялык борборго жаш врачтардан беш-алтыны алып үйрөтүп, иштеп жатабыз. Азыркы учурда сегиз гана врачпыз. Бизде 25 миң бала тизмеде турат. Жылына көзөмөлдөп, аларды медициналык кароодон өткөрүү, текшерүү — биздин милдетибиз. Ал эми курама командадагы спортчуларды Бактыгүл Насыровна, мен жана Данияр Мурзалиев үчөөбүз коштоп жүрөбүз. Спортчулардын өзү жана машыктыруучулары менен тыгыз иштейбиз.
Бичанов: Кыргызстанда спорттук дарыгерлерди даярдаган окуу жайы жок
— Спортчулардын физиологиясы башкалардан өзгөчөлөнөбү? Мисалы, оор атлеттер, күрөш же сууга сүзгөндөр бири-биринен айырмаланып турат эмеспи. Кандай иштешесиздер?
— Ар бир спорттун түрүнө жараша өз өзгөчөлүгү болот. Спорттук күрөш, жеңил атлетика, сууга сүзүүнүкү айырмаланып турат. Мунун баарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштейбиз. Ар бир спортчу боюнча башкы машыктыруучу менен жолугушуп, сүйлөшүп, ага байланыштуу керектүү медикаменттерди алабыз. Нерв, жүрөк системасын текшерип, гормоналдык анализдерди алуу боюнча программаларды түзүп алабыз. Ошого жараша кеңештерибизди беребиз, ар бир спорттун өзгөчөлүгү эске алынат.
— Жогорку Кеңеште дене тарбия жана спорт жаатында мыйзам долбоору каралып жатат. Анда спорттун маанилүүлүгү жана аны өнүктүрүү да көрсөтүлгөн экен. Адис катары мындай мыйзамга эмнелерди камтуу керектигин айтсаңыз?
— Бул мыйзам долбоору менен тааныша элекмин. Ар бир спорт федерациясы күчтүү врачтын болушун талап кылат. Спорттук медицина жаатында билим берүү жаңыдан жолго коюлгандыктан профессорлору да жок. Медицинада дайыма окуп, билимиңди өнүктүрүп турушуң керек. Ошондо гана биздеги спорттук медицинанын деңгээли көтөрүлөт. Анын үстүнө аталган тармак өнүгүп жатат. Мамлекет жаштардын чет жактан билим алып келишине жана спорттук медицина факультетин ачууга шарт түзүүсү кажет. Мында маяна маселеси да бар. Жаңы бүтүп келген врачтар колуна 9 500 сом алат. Окууга убактысы, жылына квалификациясын жогорулатууга акчасы кетет. Азыр аларды " баары жакшы болот, чыдап иштеп тургула" деп кызыктырып, кармап турабыз. Анан ал да үй-бүлөсүн багуу үчүн кошумча жумуш издеп баштайт да. Катар, Түркия өңдүү өлкөлөрдөн жакшы маяна сунуштап кетип калган спорттук дарыгерлер бар. Башка спорттук федерациялар да мыкты дарыгерлерге мотивация иретинде маяна коюп бирден врач алса жакшы болмок. Бул жагынан Футбол федерациясын үлгү катары көрсөткүм келет. Алар жогорку айлык менен бир топ дарыгерлерди иштетишет. Негизи спорт медицинасына кызыккандар көп болгону менен жакшы маяналуу иш ордун табуу кыйын экенин укканда айла жок баш тартышат.
© Фото / предоставлено Исой БичановымБичанов: спорттук дарыгер болуп иштеп жатканыма 12-13 жылдай болду
Бичанов: спорттук дарыгер болуп иштеп жатканыма 12-13 жылдай болду
© Фото / предоставлено Исой Бичановым
Россия менен Беларуста аталган тармак абдан жакшы өнүккөн. Бул мамлекеттерден окуп келүүгө да көп каражат керек. Бирок кээде өзүбүздүн же демөөрчүлөрдүн жардамы менен барып жатабыз. Өзгөчө, олимпиадалык комитет колдоп каражат бөлөт. Быйыл Россиядан мыкты спорт дарыгерин чакырып конференция өткөрсөк деп турабыз. Максатыбыз — жаштарды тартуу жана дарыгерлердин билимин жогорулатуу. Жакында адистиктер боюнча республикалык классификаторго спорттук медицинаны киргиздик. Спорттук дарыгердин профессионалдык стандарттарын иштеп чыктык. Ага кандай талаптар, жөндөмдөр керектигин жаздык. Жыл сайын спорттук дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн аттестациядан өткөрүүнүн тесттерин даярдадык. Ал тесттер кайра-кайра экспертизадан өтүп отуруп, бир жума мурун базага кирди. Мунун максаты — спорт дарыгерлерин өнүктүрүү.
— Спорттук дарыгерге кандай талаптар коюлат?
— Талаптар тууралуу сайтыбызда кызыккандар үчүн кенен жазылган. Алгач адамды көзөмөлдөн өткөрүп, спорт менен машыкканга болор-болбосу каралат. Андан кийин спортчунун деңгээли аныкталат. Биринчи жардам көрсөтүү, калыбына келтирүү жана жогорку деңгээлдеги спортчуга тезинен, сапаттуу жардам көрсөтүү зарыл. Тажрыйбалуу спорттук дарыгерди даярдап чыгуу кардиохирург, нейрохирургдардай эле көп эмгекти жана убакытты талап кылат. Буга да жөндөм керек. Жалпысынан 12-14 жылда жогорку квалификациялуу спорт дарыгери даяр болот.
— Эл аралык деңгээлде ийгиликке жетишкен спортчуларыбыз бар. Буларды даярдаган машыктыруучуларга да жакшы каражат каралууда. Силергечи?
— Жакындан бери дүйнөлүк мелдеште жеңишке жетишкен спортчуларга берилүүчү каражатты медиктерге да бөлүү каралды. Буга чейин тажырыйбада болбоптур. Олимпиада же Азия оюндарында медиктерге сый акы берилчү эмес экен. Мыйзам боюнча, спортчуга берилген сый акынын 50 пайызын башкы машыктыруучу, 30 пайызын улук жана 30 пайызын биринчи машыктыруучу алып жатат. Эми 10 пайызы медициналык кызматкерлерге берилмей болду. Бул жерде бир эле врач эмес, медициналык бригада иштейт. Менимче, бул аз. Мисалы, Россияда спорт жаатындагы медициналык персоналга 25 пайыз бөлүнөт. Муну дагы карашса, бизге кошумча стимул болмок.
© Фото / предоставлено Исой БичановымИса Бичанов футболчу Мирлан Мурзаев менен
Иса Бичанов футболчу Мирлан Мурзаев менен
© Фото / предоставлено Исой Бичановым
— Медикаменттерди алууга мамлекет тарабынан жылына канча акча бөлүнөт?
— Былтыр спортчулар үчүн ийгиликтүү жыл болду. Медикаменттерге жалпы 2 миллион сом бөлүнгөн. Бул аз. Жыл ичинде он чакты спортчуну кароого гана жетет. Бизде азыр эл аралык мелдештерге катышуучу 200дөй спортчу бар. Баарын камсыздоо ири каражатты талап кылат. Себеби медициналык дары-дармек, кайра калыбына келтирүүчү препараттар өтө кымбат. Коңшу өлкөлөрдө бөлүнгөн каражатты салыштырсак, асман менен жердей айырма бар. Бөлүнгөн медикаменттерди баарына жеткирүү үчүн жети өлчөп, бир кесебиз. Рингде жаракат алып калган учурлар болот. Андайда алгач спортчунун өмүрүн сактап калууга же жараатын жеңилдетүүгө далалат кылабыз. Кармашты андан ары уланта алабы, аны кароо керек. Себеби ал жерде өлкөнүн жана спортчунун тагдыры чечилип жатат. Дарыгердин чечиминен көп нерсе көз каранды. Жаракат алса да улантып, жеңишке жеткишкен учурлар көп эле болот.
— Иш процессиңер кандай?
— Спортчулардын машыгуу иштери башталганда эле алар менен чогуу кетебиз. Биз ал жакка да барып карап турабыз, машыгуудан келгенде калыбына келтирүү ишин баштайбыз. Тесттер менен функционалдык абалын текшеребиз. Күнү-түнү ичи, башы ооруп, дене табы көтөрүлгөндөр кайрыла берет. Алардын уктап эс алганына, ичип-жеген, баскан турганына чейин биздин көзөмөлдө. Ушунун баары чогулуп жыйынтык берет. Кичине эле бир жерден кылт этсе мелдешке чоң кедергисин тийгизет. Ошол себептен олуттуу көзөмөлдө болушат. Ары жак, бери жакка чыкканда тамагын көзөмөлдөп, карап жүрөбүз. Турнир башталганда жумушубуз эки эсе көбөйөт. Салмак кууганда ар бир спортчуга жекече мамиле талап кылат. Ошол себептен врачтар жетишсиз болуп калат. Азия оюндарына 50-60 спортчу барат, ага эки эле дарыгер барып жүрөт. Бул да аздык кылат. Спортчуну бат калыбына келтирип кийинки таймашка даярдоо — укалоочулардын иши. Абдан чарчайбыз. Кээде ооруп калган учурлар кездешет. Бир жумага созулган турнирден кийин өзүбүз деле реабилитацияга муктаж болуп калабыз.