Mанастын Бакайга кандыкты, Алмамбетке жол баштоону бериши. Улуу баяндан 7 факт

© Фото / Теодор ГерценМанас эпосунан иллюстрация
Манас эпосунан иллюстрация - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Жазылуу
Бул сапар "Манас" эпосунан Бээжинге аттанар алдында баатыр Манастын кандыкты Бакайга берип, кан досу Алмамбетке жол баштоону тапшырганын баяндайбыз.
Манастын котур таштуу кандарга өзү басып барышы. Ал күнү аскер жатыптыр, эртеңки таң атыптыр, Арстан Манас Айманбоз атын минип кандарга каршы бармакка даярданды. Доол кагылды, астына адис мергенден жыйырмасын салды, мылтыктар жапырт октолду, милтелери чоктолду, аркасында жыйырмасы, алардын колунда алеңгир жаа, сыр жебе, оң жагында жыйырмасы кылычтарын кескерип, кырын бузбай бастырат, сол жагында дагы жыйырмасы, андан ары айбалта колго алышкан, кыйгактуу найза көк түпөк кырк аскер келет сундуруп, асты жагында аларды алты жасоол жол баштайт, ортосунда он эки жайсаң бош коштойт. Жети желдет жол ачтырат кыйкырып. Калбанын кара оюнан, кайнарлуу суунун боюнан төрт миң кулан алып келип, айдатып алган. Жетимиш кулач ажыдаарды жети жерден чынжырлап, жетимиш жерден кишендеп кошо алып келет бышылдатып-күшүлдөтүп сойлотуп. Алты жолборс соксоктойт, баатырды карайт сак-сактап. Үстүндө алп кара куш айланат, көлөкөсү күндү жаап. Токой көчкөндөй, тоо жыгылгандай, суу ташкындаткан толкундуу көлдөй Эр Манас конок кандарды аралап кирди. Молдолор айткан Кара тажаал дегени Көйкапка кетпей эле мында экен дешип, бири-бирин тургун деп, тигини барып кара деп жакадан алып сүйрөшүп жүрөт. Майга тоюп магдырап, чайга тоюп чалкалап, этке тоюп элдиреп жаткандар эстен танды жалдырап. Ортого келип Манас доол сокту эле алты кулак алтын так алдына келди, такты алты айланып ажыдаар курчап сойлоду, алты бурчка алты жолборс байланды. Анан койдой жайылып куландар келди, буларга улай он жүз миң аскер орой турду чок болуп, урушар адам жок болуп. Ошол кезде Манас баатыр тактын башына чыкты. Өзү эле чыкпай Бакай абасын ала чыкты.
Баатырдын өкүмү. Манас мыршабына "жанагы кандар кайда, бери айдап кел, келбегенин байлап кел, кежирлик кылып тартынса, келдесин кесип жайлап кел!" деп буйрук берет. Бөрк ал десе баш алган мырдарлар атка минип чапкылап, улуксунган кандарды аттан түшпөй чакырды, айдап алып дүргүтүп, койдой кылып үркүтүп, коркокторун мүргүтүп айдап келди так алдына. Чубурушуп кандар келет, бет алдында сексен төрт жигит мылтыгын чоктоп турат. Алар ортолук менен кириши кирип, чыгайын десе тешик жок, качайын десе эшик жок – туш-тараптан камоодо калды каржалып. Ошондо Манас алты канга карап "ар качандан бир качан тийишкениң койбойсуң, эмне оюн ойнойсуң, каар кылсам, капылет өлүп сойлойсуң" деп адегенде каарына алып келип, эми мынча жайылып келипсиңер бир капамды айтайын деп, "Бакбурчун, кытай баш журтуң, Чынмачын менен Каканды чабалы, ал жакта Каспаңдын кара тоосунда, капкалуу Бээжин оозунда Чок-Табылгы жайлаган, чоң кара атын байлаган, жоо дегенде шайланган, алтымыш жайсаң иниси, Алооке кандын кенжеси, Калдайдын уулу капырга, кан Коңурбай баатырга казат кылсак кандай дейсиңер" деп кандарга тигилип сынай карап калат. Артынан барасыңарбы, жокпу, бат айткыла деп шаштырып турат.
Кандар менен келишимге келүү. Баатырдын бул айтканына корккондон кандар кожурап, коёндой көзү жоодурап, барабыз деп айта албай, барбайбыз десе эле баарынын башы карыш жерге жете албай ыргып-ыргып кетет, ошону түшүнүп селейишип, оң колун обого алып, ооздоруна келмесин салып туруп берди. Андай болсо мындай деп, Канкор Манас катчыга катын жаздырды, казатка барар убадасын алып бүт кандардын жыгалуу мөөрүн бастырды. Ким айнып кетсе артынан барып, атышып жатып өлөрүн, элин талап жөнөөрүн да айтып ийди. Муну укканда көзү жалдыраган кандар жоодон айныбасын айтышты. Манас эми булардын кимиси кан болорун ушунча журту баштап аларын сураганда эч ким унчукпайт. Үч кайтара сурады. Үн болбоду. Эт бышымдай турушту. Бир убакта Эки-Кемин жайлаган, эгиз кара ат байлаган, Таздын уулу эр Үрбү ордунан туруп, мен кан болсом айылым жок аз элем, арбын колду башкарар аскерди кайдан табамын деп кандыктан баш тартат. Кайра көпкө турушат. Жалдырашып Манаска гана карашат.
Манастын кан тандашы. Кандын баары жалпы баш болор кан таппай каржалып, шайы кетип турганда Манас өзү эми арманда калбагыла, менин өзүмдүн тандаган кишим бар деп, ал кишинин атын атайт: "Атка минсе – ак жолтой, атышкан жоодо – сан колдой, жортуп чыкса – ак жолтой, жоого тийсе – сан колдой, айтышканда сырдашым, наалышканда муңдашым, коштогону Коёнбоз, төшөнгөнү баяндос, жоо тепсесе ойгонбос, качырса жоого шаңдуу кул, кармаганы кандуу кул, урунганы жамбы-бул, ак сакал Бакай абамды калк агасы бабаңды кан көтөрсөк канетет?" Манастын айткан кебине баары макул болушту, Бакайды дароо кан аташып коюшту, башка кандар баарысы буйрукка мөөр басып тастыкташты.
Манас эпосу боюнча сувенирдик шахмат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
Кандардын Манаска келип максатын айта албай туруп калганы. Улуу баяндан 9 факт
Баатырдын жалпы колго кайрылышы. Бакайды кан көтөрүп, даң көтөрүп, колуна өкүмөт берип башкалардын ичинде таруудай тардык калбаган соң Манас бүт аскерге, жарданып турган кыргыз-казак колуна кайрылат. Ал кайрылганда ушул жигиттердин Кордой менен кол салып, Көл-Камышка жол салып, ары Илеге түшкөнүн айтат, Өткөрмөлүү, Даркандан, Өгүз-Кечүү, Калкандан өткөнүн айтат, Жүгүрүктүн Жүгөн-Таш, Жүйүрмөнүн Кара-Сазын басканын, жүлүндөй Сары-Кыядан аташар жоого беттешкенин, Шарпылдак, Аягүздө Чук-Терек, Эгиз-Кара, Былкылдак, Эгизектин Кара-Саз жерин көргөнүн айтат, Алтай тоодон айланып, Уркундун улуу суусунан кечкенин айтат, тоо түгөнүп, уч болуп, жол түгөнүп, түз болуп, суу түгөнүп, чөл болуп, тоо түгөнүп, бел болуп, бенденин башы дел болуп, томуктай болгон тоо көрбөй, тоо көрсө да соо көрбөй, кашыктай болгон кар көрбөй чөлдө жүргөндөрүн айтат, Качырткынын кытайын Кара-Шаар, Таңшаңга сүргөнүн айтат. Дагы-дагы көп нерсени айтат, колдун корпогонун, коодон бузгандагын, өмүрү урушта өткөндүгүн, эл коргогон эрлер экенин айтат. Айтып келип аягында Каспаңдын кара тоосунда, капкалуу Бээжин оозунда, кан Коңурбай калчага урушка барууга чакырат.
Алмамбеттин кол башчы болушу. Эр Манас ушинтип сурап турганда бул атабыз уккан кеп эмес экен, адам көргөн жер эмес экен, ушул айткан жерине эче жылда жетебиз, аттиң дүйнө, ал жакка барабыз деп азаптуу арманда өлөр бекенбиз, бул Манаска сөз айтып, аны олжо кылууга эмнеге келдик экен деп баш чайкашат убаймалуу алты кан дымагы өчүп күл болуп. "Кытайдын Бээжин калаасын көргөн барбы, жол баштаар адам барбы" деп сурады эр Манас, "көргөнүң болсо – чыккын" деди. Чыкпады жан адам. Манас кайталап үч жолу сурады, көрдүм деген жок болду. Анан бирөө чыкты. Ал алтын айдар, чок белбоо Алмамбет экен, аттан түшүп бат келди. Эр Алмаң адегенде бирөө-жарым кандардан "Кытайдан келген бир кул деп, кытайдын куну бир пул деп" айтып салбасын, андай болсо көңүлү сууп каларын алдын ала эскертип айтат. Кытайдын ашуусу бийик тоосунан ашканын, кара күрмө, жеңи жок, калдайы бар, беги жок, кызыл күрмө, жеңи жок, кытайы бар, беги жок, атка минсе эби жок, арбак урган капырлар менен эчен курдай кармашканын айтат. Камал бузуп, кан сузуп, капкалуу Бээжин шаарынан качып чыкканын айтат. Башка эч ким Бээжинди көргөнүн айта албайт. Кытай жолун көргөн, билген жан болбогон соң Манас ушул жолдун бийлигин Алмамбетке берели деп жиберет. Анан да Алмамбет айткан боюнча көргө түшсө түшүүгө, көлгө түшсө тобокел арт жагынан сүзүүгө, дабан ашса ашууга, шамалга учса учууга, кара жер кучса кучууга, каралашып ушул жол башчыга макул бололу дейт. Азар-түмөн калың журт макулдугун беришти, кандары дагы бир кагаз толтуруп, ага мөөрлөрүн балтайтып басып ийишти. Манас Алмамбетке жол берди, жол бергенин кол көрдү, кан Бакайга кол берди, кол бергенин эл көрдү.
Манастын дагы бир айкөлдүгү. Манас кечинде доол согуп күңгүрлөп, тоо көчкөндөй дүңгүрлөп, алтындуу сарай коргонго, Акылайдын ордосуна барып, тагына отуруп, Ажыбай менен Чалыбайды чакыртты. Аларды жаңы келген аскерлердин ичин аралап кирүүгө, кол ичинде атым арык дегенин, атынан ибеп жегенин, арман менен келгенин, тонум жыртык дегенин, тонунан ибеп жегенин, тозок тартып келгенин ушу бүгүндөн калбай артка кайтаргыла дейт. Бул буйрукту угушуп, элүүдөн-кырктан турушуп, колдун баары буркурап, койдой маарап чуркурап кете турган жол издеп калды. Бээжинден түшкөн олжосунан кечели, эгин эгип, мал багып, жай турмушту кечели дешет. Кол бузулат, чачылат, кетүүгө көбү камынат. Ошол кезде кырк чоросу дүркүрөп, Кыргыл чалы күркүрөп, Аккула менен болкоюп, накери бутта чойкоюп, найза колдо койкоюп, кылыч белде кыңгырап, айбалта жанда шыңгырап, сырнайза колдо зыңгырап, аккелте жондо жаркылдап, ала байрак, сур желек, асабасы жалпылдап эр Манас аралап колго кириптир. Кол ичинде тааныганы бар экен, тааныбасы бар экен. Бири-бирине айтышат, оң бөйрөгү болк этсе, оң муруту солк этсе, ойротко түйшүк салуучу оңолбогур как ушу, сол бөйрөгү солк этсе, сол муруту былк этсе, солоонго кыргын салуучу Солтон Манас как ушу, качырганы жолборстой, кайсаганы албарстай, бети толгон бейбактын ажыдаар түгү бар, жүрөгүндө жүнү бар, айкырганда канкорго адам уулу бас келбес, ач арстан үнү бар Айкөл Манас дал ушул дешет. Чын эле Манас ушул болсо доол келсе жел тийбес чытырман токой турбайбы, доочу келсе мал бербес, жүгүрүк чечен турбайбы, жазайыл атса ок тешпес, жасалуу коргон турбайбы, ушу Манас турганда жалтансак кудай урбайбы, ааламдан ашык акылы Арстан Манас баатырдын аркасында жүрөлү, атышкан жоосун сүрөлү, ажалдуубуз өлөлү, катарында жүрөлү, кармашкан жоосун сүрөлү, калабасын көрөлү, казабыз жетсе өлөлү деп баарысы – отуз жүз миң колу Бакай канга баш ийип, Алмамбет айткан жол менен, Эр Манасты эш кылып Бээжинге аттанмак болду.
Памятник Манасу в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Элчилердин Манаска барышы, Айкөлдүн сүрү. Улуу баяндан 8 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0