Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Баетов бир катар окумуштуулар каршы чыккан президенттин жарлыгы боюнча айтып берди

© Sputnik / Акбар АкжигитовМинистрлер кабинетинин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы Батыркул Баетов
Министрлер кабинетинин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы Батыркул Баетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Жазылуу
Жумушчу комиссия Улуттук илимдер академиясынын институттарын текшерет.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы Батыркул Баетов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда кээ бирлер каршы чыгып жаткан президенттин жаңы жарлыгы тууралуу айтып берди.
Ал февраль айынын орто ченинде кол коюлган жарлыкты реформаторлук деп атады.
"Биринчи кезекте Улуттук илимдер академиясындагы "тынч" жана эффективдүү эмес иш жүргүзгөн эки илимий институт окуу жайларга өткөрүп берилет. Аймактык жана гуманитардык изилдөөлөр боюнча институт Ош мамлекеттик университетине, Экономика институту Кыргыз экономикалык университетине берилет. Ушул эле жарлыкта Улуттук илимдер академиясынын 11 институту ири ЖОЖдор менен тыгыз интеграция болушу каралган. Жарлыктын алкагында 1-ноябрга чейин механимздерди иштеп чыгып, интеграция канчалык деңгээлде пайдалуу болгону боюнча баа берилиши керек. Анын негизинде өнүктүрүү, өткөрүп берүү же жоюп салуу керек деген сыяктуу чечим чыгарылат", — деди Баетов.
Ал ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы 20 академиялык институтту, 20 тармактык институтту жана ЖОЖдор менен борборлорго караштуу 40ка жакын институтту текшере турган жумушчу комиссия түзүү буйругуна кол койгонун билдирди. Аталган комиссия иштин соңунда илимий мекемелердин абалы тууралуу президентке отчет берет.
Мындан тышкары, жарлыкка ылайык, эки айдын ичинде илимий тармакты оптимизациялаган жол картасын бекитүү керек. Каржылоо да көбөйөрү болжолдонуп жатат. Учурда жыл сайын ИДПнын 0,08 пайызы бөлүнүп берилет.
"Кээ бир илимий ишкерлер документ менен таанышпай туруп соцтармактарда жана ЖМКларда "бизди жойгону жатышат" деп арызданышууда. Буга байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мен эки институтту өткөрүп берүү зарылчылыгын айтып, сөз сүйлөдүм. Калгандары боюнча комиссия изилдөө жүргүзүп өз бүтүмүн жыл соңунда берет. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө илимий ачылыштар университеттерде жасалат. Бизде окумуштуулардын 70 пайызы жогорку окуу жайларда иштешет. Облустарда жети мамлекеттик окуу жай бар. Бирок алар сабак өтүү менен гана чектелишет", — деди Баетов.
Ал фундаменталдуу илим университеттерде жакшы өнүгө турганын кошумчалады.
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Пресс-борбор
Сейсмология институту Кыргызстанда пайдалуу долбоор иштеп чыгууда
Жаңылыктар түрмөгү
0