Салык баанын өсүшүнө таасир этпейт. А. Жапаров доскага жазып түшүндүргөн видео

© Пресс-служба правительства КРМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Жазылуу
Өкмөт башчы бааны аныктоодо салык кырктын бир бөлүгү болушу мүмкүн деп эсептейт.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Ишкерлерди салык төлөөгө милдеттендирүү баанын жогорулашына таасир этпейт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде билдирди.
Өкмөт башчы баа кантип аныкталары жана андагы салыктын үлүшү тууралуу айтып, анын формуласын доскага жазып түшүндүрдү.
"Товардын өзүнүн баасы, транспорттук чыгымдар, сактоого, маяна төлөөгө корогон акча жана салык бар. Ушунун баарына ишкер өзүнүн кирешесин кошот. Ошентип баа аныкталат. Салыктын үлүшү кичинекей эле, ошону төлөбөй жатышат да. Ар бир жаран калем сап, нан, семечка болобу бекер алып жаткан жок. Ошонун ичиндеги кичинекей салыкты бюджетке төлөп коюңуздар деп жатабыз. Баа күйүүчү май кымбаттаса, валюта курсу өссө, товардын үстүнө көп акча кошулса көтөрүлөт. Ал эми салык баага катуу таасир бербейт", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал салык товардын баасынын кырктан бир бөлүгү болушу мүмкүн деп эсептейт.
ККМ. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
ККМ, ЭТТК колдонуу — заман талабы. Салык кызматы зарылдыгын эске салды
Жаңылыктар түрмөгү
0