Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдыразаков: VIII-IX кылымдарда калпактын бийиктиги 60-80 сантиметрге жеткен

© Sputnik / Асель СыдыковаЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын "Мурас сабаты" көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын Мурас сабаты көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
Жазылуу
НовостиTelegram
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын "Мурас сабаты" көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков калпактын тарыхына токтолду.
Калпактын качан, кайсы кылымда пайда болгонун эч ким так айта албайт. Анткени анын учугу байыркы доорлорго барып такалат. Бул тууралуу Жыпарбек Абдыразаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдыразаков: VIII-IX кылымдарда калпактын бийиктиги 60-80 сантиметрге жеткен
Анын айтымында, VIII-IX кылымдарга таандык калпактын бийиктиги 60 сантиметрден 80 сантиметрге чейин жеткен.
"Алгач калпакты баары эле кийген эмес. Манасчы Рыспай Исаковдун айтымында, Абалкан кан кырк уруу башчыга калпак кийгизген. Адегенде бул баш кийим башкаруучуларга гана таандык болгон. Кээ бир кыргыз таануучулар калпакты пирамидага салыштырып жүрүшөт. Бул туура эмес, калпак ага чейин эле болгон. Анткени биз калпакты ак мөңгүлүү Теңир-Тоо менен байланыштырып келебиз. Ошол эле учурда кыргыздар тоону жакалап жашаган калк экендиги тарыхта белгилүү. Муну менен айтайын дегеним, илимпоздор да пирамиданын чокусу Кан-Теңирге окшош экенин айтып келишет. Мисалы, тарыхчылар белгилешкендей, пирамиданы кургандар Теңир-Тоодон барышкан. Натыйжада арийлердин миграциялык толкуну Египетке да жеткен. Алар пирамиданы өздөрү ыйык туткан тоонун (Теңир-Тоо) элеси катары салышкан. Ушул жерден кошумчалай турган маселе, биз сөз кылып жаткан пирамидада окумуштуулардын башын катырган, ушу күнгө чейин күнү күнкүдөй сакталып турган фараондордун сөөгү да, аталган курулуштун теңинен жогорку бийиктигине коюлган. Муну калпактын кут уясына салыштырсак болот. Анткени акыл-эстин уясы баштын төбөсүндө болсо, куттун уясы ошо төбө менен калпактын чокусуна чейинки боштукта. Эгер пирамидага салыштыра турган болсок, кийилип турган калпактын ичиндеги боштук куттун уясы – түбөлүктүүлүктүн катмарыбы деген да ойго келесиң. Археологиялык казууларга таянсак, мисалы, Алтайдагы "Пазырык" көрүстөнүнөн чыккан биздин заманга чейинки VIII-IX кылымдарга таандык калпактын бийиктиги 60 сантиметрден 80 сантиметрге чейин болсо, убакыттын өтүшү менен баш кийимдин негизги баалуулуктары гана сакталып, формасы өзгөрүп, бийиктиги үчтөн бир эсеге кыскарды. Ал эми мурда калпактын төбөсүндөгү кошуу белгисине каркыранын канаты сайылып бекитилип келсе, азыр ага чачы тагылып калды", — деди Абдыразаков.
Ал калпак өзүнүн формасын өзгөртсө да нукуралуулугун жоготпой, адам акыл-эсинин өсүшү менен тереңдеп XXI кылымга сакталып жеткенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0