Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия Батыштын мунай санкцияларынан буйтап… Сереп

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМунай казуучу станция. Архив
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жазылуу
Соңку күндөрү маанайды көтөрүү үчүн Батыштагы беделдүү басылмаларды барактап чыгуу жетиштүү болуп калгандай. Маселен The Wall Street Journal жакында эле ансыз да жалбырттаган русофобиялык "эки жүздүүлүктүн" жалынына май чачкандай эле болду.
Европа биримдиги тарабынан россиялык чийки мунай жана анын кайра иштетилген өндүрүмдөрүн импорттоонун кескин чектелишинен улам россиялык экономика кыйрап калгандын ордуна гүлдөп жатканын маалымдады. Кырдаалга баам салган Сергей Савчуктун материалын РИА Новости жарыялаган.
Ар кыл тармактагы 20дан ашуун дүйнөлүк рынокту камтыган Kpler эл аралык аналитикалык компаниясынын адистеринин пикиринде, россиялык мунайчылардын Европа менен кол үзгөнүнө кың деп да койбой, ыкчам түрдө жаңы кардарларга, атап айтканда, дал Түндүк Африка өлкөлөрүнө мунайдын багытын бурду.
Эске салсак, былтыр декабрда эле Европа биримдиги АКШнын кысымы алдында россиялык мунайды, ал эми узаган айда бааны чектөө менен россиялык өндүрүштөгү мунай өндүрүмдөрүн импорттоого тыюу салды. Россияга кастарын тиккендердин клубундагы саясатчылар Россиянын экономикасына катуу сокку урду, анткен менен реалдуулук өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизип койду.
Дагы бир аналитикалык Bruegel агенттиги мындан эки жыл оболу эле (жарыяланган акыркы маалыматтар) РФте чийки мунайдан 540 миллион тонна алынып, бул жалпы дүйнөлүк өндүрүштүн он үч пайызын түзгөнүн билдирген эле. Анын эки жүз алтымыш миллион тоннасы экспорттолуп, бул көрсөткүч да дүйнөлүк рыноктун 13 пайызын түзгөнү белгилүү. Эки жүз сексен миллион тонна чийки мунай өлкө аймагында кайра иштетилип, анын 130 миллион тоннасы бензин, мазут жана май түрүндө чет өлкөгө сатылган. Бул рыноктун он бир пайызына жетип, ал эми калган 150 миллион тоннасы Россиянын ички керектөөлөрүн жабууга жумшалган.
Эски экспорттук схемада Европа биримдиги россиялык мунай жана анын өндүрүмдөр импортунун 60 пайызга чукулун алчу. Эгер талдап көрсөк, Европа чөлкөмүндөгү портторго танкерлер менен ай сайын 6,3 миллион, ал эми мунай түтүктөрү менен 3,2 миллион тонна кетип турган. Экинчи негизги сатып алуучусу Кытай эле, бул державанын импортунун көрсөткүчтөрү бул багытта 4,1 жана 2,5 миллион тоннаны түзгөн. Баага чектөө киргизилип, импортко жана деңиз кемелерин камсыздандырууга тыюу салынганы батыш талдоочулары, башкалары да россиялык мунай сатуучулар кыйла арзандатып мунайды Кытай, Индия жана Азиянын бөлөк өлкөлөрүнө "агызат" деп жоромолдошкон.
Россиянын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун баш катчысы Россия менен мамиледе артка жол жоктугун айтты
Реалдуулук жана орус соода жолу баарын айран таң калтырды. Мисалы, Марокко 2021-жыл ичинде россиялык мунайдан 600 миң баррель импорттогон. Ал эми 2023-жылдын январь айында эле бул көрсөткүч эки миллионго жетти. Ошол эле Kpler эл аралык аналитикалык агенттиги февраль айында марокколуктар дагы 1,2 миллион челек сатып аларын болжойт. Рыноктун анализи Алжир менен Египетте да ушундай эле көрүнүш экенин айгинелейт.
Кыйла өнүгүп калган химиялык өнөр жайга ээ, мунайдын негизинде полиэтилен, желимдин түрлөрүн жана желим массаларын чыгаруучу Тунис Россиядан январда 2,8 миллион, ал эми февралда дагы 3,1 миллион баррель сатып алган.
Россиянын өзүнүн чакан болсо да танкердик флоту, ал тургай достук алакадагы өлкөлөрдүн мунай куюучу кемелери табылып калды. Балтиканын портторунан Түндүк Африкага чейин сүзүп баруу Кытай менен Сингапурга чейинки жолго караганда бир топ кыска экен.
Батыштын РФ мунайын аргасыз Азияга сатышы логистиканы узартып, бул ого бетер чыгымга салат деген тилегин таш капты. Болбосо алар бир жылдан тарта Россиянын "колу байланып, буту тушалышын" күтүп келе жатышпайбы.
Басылманын журналисттери ар тараптуу иликтөө жүргүзүп, деңиз жана океан мейкиндигинде россиялык мунайды бир танкерден башкасына куюп, транспорттук документтер айырбашталган схема жөнгө салынып, болушунча иштеп жатат деген бүтүмгө келишкен. Андай эки "фабрика" Греция менен Түндүк Американын жээгинде күнү-түнү иштегени белгиленген.
Эң коркунучтуу, анан да кылдаттык менен жашырылган дагы бир көйгөй Европанын өзү россиялык мунайды, мазут жана бензинди импорттоону улантып жатканында.
Санкциялардын катаал топтомунда бул үчүн атайын жылчык калтырылган. Россиялык мунайды каалаган пропорцияда (кымындай көлөмдө да) бөлөк өлкөлөрдүн кара алтыны менен аралаштырып импорттоо эмбаргону бузуу болуп саналбайт. Мунай тазалоодон өткөн деп саналып, аны сатып алуу уят эмес, мыйзамдуу болуп калат.
Бир аз мурдараак "Украина кайсы биримдикке кирбесин, аны баары бир ыдыратып тынат" деген саясий анекдот бар эле. Азыркы учур анда тамашанын гана үлүшү бар экенин көрсөтүп турган өңдүү. Жакында эле Европа биримдигинде россиялык мунай да, газ да, көмүр да болгон. Эми европалыктардын Украинасы жана "чыккынчылыктардын" учу көрүнбөгөн түрмөгү бар.
Британиянын премьер-министри Риши Сунак NLAW танкка каршы куралы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен кармашууга дагы бир держава жулунуп жатабы? Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0