https://sputnik.kg/20230301/mamlekettik-ishkanalar-kireshesin-byudzhetke-berbeyt-1073230769.html
Мамлекеттик ишканалар эми 3 жыл кирешесин бюджетке бербей турган болду
Мамлекеттик ишканалар эми 3 жыл кирешесин бюджетке бербей турган болду
Sputnik Кыргызстан
Учурда өкмөттүн карамагындагы ишканалардын 50 пайызы гана өзүн-өзү каржылай алат. 01.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-01T11:53+0600
2023-03-01T11:53+0600
2023-03-01T11:54+0600
кыргызстан
мамлекеттик ишкана
киреше
бюджет
каржылоо
данияр амангелдиев
https://sputnik.kg/img/104161/26/1041612641_0:0:3936:2214_1920x0_80_0_0_16a0359f720359f201a073bcb7cb4008.jpg
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Мамлекеттик ишканалар тапкан кирешесин республикалык бюджетке берүү милдетинен үч жылга бошотулду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев парламентте билдирди.Анын айтымында, буга чейин мамлекетке караштуу ишканалар кирешесинин 50 пайызын республикалык бюджетке которуп келген.Ошондой эле министр учурда 63 мамлекеттик ишкана, 34 ачык акционердик коом бар экенин, алардын ичинен 50гө жакыны өзүн-өзү баккан ишкана деп аталарын айтты.
https://sputnik.kg/20230201/bijlik-zheruj-kombinat-1072536031.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104161/26/1041612641_124:0:3623:2624_1920x0_80_0_0_313090d75b713b577b46a28e6fd3706f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мамлекеттик ишкана, киреше, бюджет, каржылоо, данияр амангелдиев
кыргызстан, мамлекеттик ишкана, киреше, бюджет, каржылоо, данияр амангелдиев
Мамлекеттик ишканалар эми 3 жыл кирешесин бюджетке бербей турган болду
11:53 01.03.2023 (Жаңыртылды: 11:54 01.03.2023) Учурда өкмөттүн карамагындагы ишканалардын 50 пайызы гана өзүн-өзү каржылай алат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Мамлекеттик ишканалар тапкан кирешесин республикалык бюджетке берүү милдетинен үч жылга бошотулду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, буга чейин мамлекетке караштуу ишканалар кирешесинин 50 пайызын республикалык бюджетке которуп келген.
"Жакында эле министрлер кабинетинин токтому чыкты. Азыр өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдап алышы үчүн мамлекеттик ишканаларды үч жылга бошотуп жатабыз. Мындай саясаттын максаты — мамлекеттик ишканаларды жандантып, өзүн-өзү башкарган, кирешелүү тармакка айлантуу", — деди Амангелдиев.
Ошондой эле министр учурда 63 мамлекеттик ишкана, 34 ачык акционердик коом бар экенин, алардын ичинен 50гө жакыны өзүн-өзү баккан ишкана деп аталарын айтты.