Бийлик ар бир аймакта "Жер-Үй" сыяктуу комбинаттарды иштетүүгө кызыкдар

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас алтын кен комбинатына барган
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас алтын кен комбинатына барган  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Жазылуу
Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, "Жер-Үй" комбинаты эки жыл ичинде жети тоннадан ашуун алтын өндүргөн.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде "Жер-Үй" сыяктуу 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үчүн иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу Талас алтын кен комбинатына барган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде "Жер-Үй" сыяктуу 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үчүн иш жүргүзүүдө

Өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде "Жер-Үй" сыяктуу 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үчүн иш жүргүзүүдө - Sputnik Кыргызстан
1/2

Өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде "Жер-Үй" сыяктуу 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үчүн иш жүргүзүүдө

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Бул тууралуу Талас алтын кен комбинатына барган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди

Бул тууралуу Талас алтын кен комбинатына барган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/2

Бул тууралуу Талас алтын кен комбинатына барган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди

1/2

Өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде "Жер-Үй" сыяктуу 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үчүн иш жүргүзүүдө

2/2

Бул тууралуу Талас алтын кен комбинатына барган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди

Ал ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, алтын бөлүп чыгаруучу фабриканы жана калдык сактоочу жайды көрүп чыкты. Ошондой эле вахталык шаарчадагы кызматкерлердин жашоо шарты менен таанышты.
"Облустук фондго 407 миллион сом которулган. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн эсебине 1,3 миллиард сомго жакын акча каражаты топтолду. 20 жылдан бери бул комбинаттын иштешине каршы чыккандар азыр уялууда. Заманбап технологиялар жана тыкыр жүргүзүлгөн көзөмөл экологияга кымындай да зыян келтирүүгө жол бербейт. Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде ушундай 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үстүндө иштеп жатат. Бул милдетти ишке ашыруу - өлкөбүздүн келечекте гүлдөп-өнүгүшүнүн негизги шарты", — деди Байсалов.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын март айында комбинатты ишке киргизүү аземине президент Садыр Жапаров катышкан. Эки жыл ичинде ишкана жети тоннадан ашуун алтын өндүргөн.
Жерүй алтын кениндеги кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Совет убагында чалгынданган кендердин запасы 10-15 жылда түгөнүшү мүмкүн. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0