Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жарыялаган статусуңуз көп нерседен кабар берет. Психологдун түшүндүрмөсү

© Sputnik / Асел АкматПсихолог Шолпан Мамытова
Психолог Шолпан Мамытова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2023
Жазылуу
Психолог Шолпан Мамытова адамдын ички сезимин угуп жаткан музыкасынан, көрүп жаткан тасмасынан жана социалдык тармактарда жарыялаган статустарынан билсе болорун айтты.
Көп учурда адамдын угуп жаткан музыкасы ички эмоционалдык абалына туура келет. Бул тууралуу Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жарыялаган статусуңуз көп нерседен кабар берет. Психологдун түшүндүрмөсү
Анын айтымында, катуу депрессиядагы адамдар таптакыр музыка укпай калат.
"Адамдын ички дүйнөсүндө эмнелер болуп жатканын анын угуп жаткан музыкаларынан, көрүп жаткан тасмаларынан, социалдык тармактардагы аккаунтундагы башкы сүрөтүнөн жана жарыялаган статустарынан билсек болот. Өзүм да жеке тажрыйбамда кардарлардан алгач эле кандай музыка угуп жатканын сурайм. Мисалы, катуу депрессиядагы адамдар таптакыр музыка укпай калат. Эгер адам Тик-Токто жүргөн философиялуу видеолор менен статусуна бөлүшүп жатса, демек, ал ошондой абалда. Акылдуу сөздөрдү бөлүшө берген адамдарга ошол акыл жетишпей жаткан болушу мүмкүн. Албетте, бул жерден баары деп жалпы жыйынтык чыгаргандан алыспыз. Бирок көпчүлүгү десек жаңылышпайбыз. Анткени ар бир адам индивидуалдуу жан экенин унутпашыбыз керек. Социалдык тармакка бөлүшкөн жөнөкөй эле сүрөттөр көп нерседен кабар берет. Ким эмнени бөлүшүп жатса, ал нерседен адамдын таасирленгенин же ошол нерсеге жеткиси келерин аңдасак болот. Күлкүлүү окуяларды бөлүшө бергендер жакшы маанайда же маанайын көтөргүсү келип жаткандар болушу мүмкүн. Ал эми фильмдер тууралуу айта турган болсок, кайгылуу кинолорду көргөндөр ортодон ылдыйыраак маанайда жүргөндөр. Комедия жанрындагы тасмаларды көргөндөрдүн маанайы орто же ортодон жогору болушу мүмкүн. Жеке практикамда депрессияда жүргөн адамдар бир кинону толук көрө албай турганын байкадым. Жадагалса алар тамактын даамын да сезбей калышат", — деди психолог.
Ал виртуалдуу ааламда активдүү болгондордун реалдуу жашоосу кызыксыз болушу мүмкүн деген божомол бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0