Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Гинеколог аз кандуулуктун кооптуулугун жана дарылоо жолдорун айтып берди

© Sputnik / Асел АкматАкушер-гинеколог Гүлзат Кабылова
Акушер-гинеколог Гүлзат Кабылова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2023
Жазылуу
Акушер-гинеколог Гүлзат Кабылова аялдардагы анемиянын ар кандай түрлөрү бар экенин айтып берди.
Аз кандуулук аялдардын репродуктивдүү функциясына олуттуу коркунуч келтирет. Бул тууралуу Гүлзат Кабылова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Гинеколог аз кандуулуктун кооптуулугун жана дарылоо жолдорун айтып берди
Анын айтымында, анемиянын ар кандай түрлөрү бар. Пайда болуу себептери да ар кандай болот.
"Аз кандуулук — канда эритроциттердин жана гемоглобиндин азайышынан улам пайда болгон оору. Ага көбүнчө канды көп жоготуу, кан пайда болуунун бузулушу (организмде темирдин, кээ бир витаминдин жетишсиздигинен, чучуктун жабыркашынан), ошондой эле кээ бир жугуштуу оорулар (кургак учук, дизентерия ж.б.) себеп болот. Аз кандуулукта органдар кычкылтек жакшы жетпей, мындан улам ар кандай оорулар өрчүйт. Репродуктивдүү органдарга катуу таасир этет. Мунун баары бойго бүтүүдөгү кыйынчылыктарга, башкача айтканда, тукумсуздуктун өнүгүшүнө, ошондой эле кош бойлуулуктун оор өтүшүнө кептеп, ал тургай төрөт учурунда өлүмгө алып келет. Эске сала кетсем, Кыргызстандагы аялдардын дээрлик 70 пайызы өмүрүндө жок дегенде бир жолу аз кандуулук менен жабыркаган. Анемия негизинен төрт түргө: темирдин, B12 витамининин, фолий кычкылынын жетишсиздигинен келип чыккан анемия жана тубаса деп бөлүнөт. Булардын ичинен эң көп тараганы – темир жетишсиздигинен пайда болгон анемия. Дарылоо толук диагностикадан жана себебин аныктоодон кийин гана дайындалат. Жеңил аз кандуулук менен жабыркаган учурда диета кармап, этти жана темирге бай башка тамактарды көбүрөөк жеген жетиштүү. Оор учурларда тиешелүү дары-дармектер дайындалат. Этек кир келгенде аял 300 граммга чейин кан жоготот, аз кандуулук ден соолугун начарлатышы мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек", — деди Кабылова.
Ал баш айлануу, кубаруу, чач, тырмактын түшүп, начарлашы, тура калганда көздүн караңгылашы, ошондой эле эс-учун жоготуу улам кайталанса дарыгерге кайрылып, гемоглобин менен ферритиндин деңгээлин текшерүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0