Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаал киргизилген Нарынга барды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын дубанына иш сапар менен барды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын дубанына иш сапар менен барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Жазылуу
Учурда көчкү түшүү кооптуулугунан улам кечки саат алтыга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолу жабылып турат.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын дубанына иш сапар менен келип, аба ырайына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан кабар алды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматына таянып аймактык кабарчы билдирди.
Иш сапарынын жүрүшүндө Жапаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Жарандык коргонуу комиссиясынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, учурдагы кырдаал боюнча жалпы маалыматты укту.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын дубанына иш сапар менен келип, аба ырайына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын дубанына иш сапар менен келип, аба ырайына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан кабар алды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын дубанына иш сапар менен келип, аба ырайына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан кабар алды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов жолугушуу учурунда көчкү, жол каттамдардан сырткары башка көйгөйлүү маселелерди да ортого салды

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов жолугушуу учурунда көчкү, жол каттамдардан сырткары башка көйгөйлүү маселелерди да ортого салды - Sputnik Кыргызстан
2/3

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов жолугушуу учурунда көчкү, жол каттамдардан сырткары башка көйгөйлүү маселелерди да ортого салды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кара-Кече кенине барып, анын иши менен таанышты

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кара-Кече кенине барып, анын иши менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
3/3

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кара-Кече кенине барып, анын иши менен таанышты

1/3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын дубанына иш сапар менен келип, аба ырайына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан кабар алды

2/3

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов жолугушуу учурунда көчкү, жол каттамдардан сырткары башка көйгөйлүү маселелерди да ортого салды

3/3

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кара-Кече кенине барып, анын иши менен таанышты

Эске салсак, кыштагы аба ырайына байланыштуу Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Учурда көчкү түшүү кооптуулугунан улам кечки саат алтыга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт жолу жабылып турат. Ал тиешелүү кызматтар көчкү кооптуулугун алдын алуу жана жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов жолугушуу учурунда көчкү, жол каттамдардан сырткары башка көйгөйлүү маселелерди да ортого салды. "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасы тарабынан колдон келишинче техникалар тартылганы менен 3748,95 чакырым автожолду сапаттуу тейлөө үчүн дагы бир топ техникалар керектигин айтты.
Ошондой эле автогрейдер, механикалык жүктөгүч, автосамосвалдар, каз тамандуу жана дөңгөлөктүү эксковаторлор, асфальт жаткыргычтар, таптагычтар, автокрандар жана асфальт-бетон заводу зарыл экендигин айтып, Жапаровдон техникадан жардам берүүлөрүн өтүндү.
Жапаров буга жооп иретинде быйыл 2,5 миллиард сомго жолчуларга жаңы техникаларды алып келүү каралып жатканын, алар келсе Нарын облусу да негизги техникалар менен камсыздаларын айтты.
Министрлер кабинетинин төрагасы бул жолу өзгөчө кырдаалга байланыштуу шашылыш келгенин, март айынын ичинде жазгы-талаа жумуштары, Нарында ишке ашып жаткан пилоттук долбоорлор, административдик-аймактык реформа боюнча жыйын өткөрүлүп, кеңири талкууланаарын билдирди.
Мындан сырткары, Нарын шаарындагы жеке менчикке өтүп кетип пайдаланылбай турган жер аянттарын инвентаризациялап, кайра мамлекетке алуу боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берди.
Эртең менентен баштап Бишкек — Нарын — Торугарт жолу жабылат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2023
Эртең менентен баштап Бишкек — Нарын — Торугарт жолу жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0