Нотариат жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилди
Жазылуу
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Жогорку Кеңеш 19-январда нотариат жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү үчүнчү окууда жактырганын айтты.
Мыйзам долбоор жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, калкка көрсөтүлүүчү нотариалдык кызматтын сапатын жана калктын нотариуска болгон ишенимин жогорулатуу, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн нотариат институтун реформалоо максатында иштелип чыккан. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Нотариат жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилди
Анын айтымында, мыйзам астындагы 16 акты, нотариалдык инструкция, жоболор, электрондук нотариаттын автоматташтырылган маалымат системасынын экинчи этабы иштелип чыкты.
"Буга чейинки "Нотариат жөнүндө" мыйзам 1998-жылы кабыл алынган. 25 жылдын ичинде жеке нотариус институту бир топ жолду басып өттү. Замандын талабына ылайык, жаӊы редакциядагы мыйзам сунушталды. Ал жерде үч концептуалдык өзгөрүү болду. Алсак, жеке жана мамлекеттик нотариустун укуктарын теӊдештирүү, нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнү санариптештирүү жана жеке нотариустардын кесиптик көз карандысыз нотариалдык палатасын түзүү каралган. 1998-жылдан бери реестрде 800дөн ашык лицензия алган жеке нотариус катталса, учурда 400ү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Дагы 96 мамлекеттик нотариус бар. Калктын демографиялык өсүшү жана нотариалдык кызматтарга болгон талаптын жогорулашынан улам алардын укуктары теңдештирилди. Азыр эми экөө бирдей ишти аткарат. Жеке нотариустардын жана адвокаттардын лицензия алуу тартиби өзгөрдү. Жеке нотариустардын лицензия алуу тартиби мурда үч этаптан турчу. Азыр бир эле этапты, тестирлөөнү калтырдык. Бул аракеттер адамдык факторду жокко чыгарып, коррупцияга жол бербөө максатында киргизилүүдө. Мыйзамда бардык нотариустардын Нотариалдык палатага милдеттүү түрдө мүчө болушу каралды. Аймактарда бөлүмдөр түзүлүп, адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борбору уюштурулат. Нотариустардын такшалуу (стажировка — ред.) мөөнөтү алты айдан үч айга, иш тажрыйбасы үч жылдан бир жылга түшүрүлөт. Жаңы мыйзамга ылайык, жеке нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө лицензия беш жылга, нотариустун ишине даттануулар болбосо экзаменсиз 10 жылга узартылып берилет. Ошондой эле бул иш менен алектенүүнү каалагандар үчүн жаш курагы 25 жаштан 70 жашка чейин деп белгиленди", — деди Сыдыков.
Ал коомдун аялуу катмарына нотариалдык кызматтардын айрымдарына белгилүү бааны бекитүү каралып жатканын кошумчалады.