Европа сөз эркиндигин Россиядан коргоодо. Ой толгоо

© AP Photo / Virginia MayoЕвропа комиссиясынын төрагасынын орун басары Жозеп Боррель
Европа комиссиясынын төрагасынын орун басары Жозеп Боррель - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Жазылуу
Европа биримдигинде россиялык маалымат каражаттарынын ишине тыюу салуу менен: "Биз сөз эркиндигин кысымга алган жокпуз, тескерисинче, аны коргоп жатабыз", — деп билдирди ЕБдин үлкөн жетекчилеринин бири.
Эске салсак, жалган маалыматка каршы күрөш боюнча конференция Брюсселде өтүүдө. Европа комиссиясынын төрагасынын орун басары Жозеп Боррелдин цензура түшүнүгү ушундай өңдөнөт деп боолголойт Елена Караева. Анын учкай ой толгоосун РИА Новости жарыялаган.
Каатчылык маалында коомдук колдоо жана консолидация абзел, ал эми россиялык маалымат каражаттары өз карашын билдирип, фактыларын сунуп, ой-пикирлерин ортого салууда. Бул Украинаны кыңк дебей колдоого тиешелүү стратегия жана азыркы тактикасынын тууралыгынан шек санатып коюшу ыктымал. Анда эмне болот? Европалык коомчулукка жик түшүшү мүмкүн. Бул көрүнүш ишенбөөчүлүккө, анын артынан рейтинг төмөндөйт. Мындай кырдаал манифестация жана нааразычылык акцияларына кептейт.
Жогорудагылардын баары саясий жактан канчалык жымсалдашса да, экономикалык каатчылык каптап турган маалда болушу мүмкүн. Ошол себептен Россияны жактаган нерселерге бүт бөгөт коюлат. Ал эми Россияга каршылардын баарына жол толук, кеңири ачылат. Бирок саясатын жактырбаган өлкөлөрдүн маалымат каражаттарын бөгөттөөнүн арты ошол өлкөлөрдүн авторлорунун китептерине да тыюу салынышына алып келиши ыктымал.
Ал тургай азыр деле андай көрүнүш Европанын чордонунда болбосо да, чыгыш чек араларында байкалууда. Акыры кырдаал ошол авторлордун китептерин өрттөөгө да жетиши мүмкүн. Андай болбойт деп так кесе айта албайбыз, себеби 90 жыл илгери, 1933-жылдын май айында Берлиндин Опернплац аянтында "германиялык эмес духка каршы акциялар" алкагында китептер өрттөлгөнү белгилүү. Окуядан бир нече гана ай мурун Германияда басма сөз кысымга алына баштаган. Ошол убактагы саясий үлкөндөргө каршы пикирин билдирген журналисттер камалып, абакка, концлагерге түшүп калган. Тарых кайталанчу касиетке ээ тура.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Россиялык ЖМКларга Европада тыюу салуу боюнча Захарова Боррелдин айтканына үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0