10-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте туман учурунда кишилер. Архив
Бишкекте туман учурунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Жазылуу
10-февралда өлкөнүн көпчүлүк райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жума күнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Нарын чөлкөмүндө -3…-8 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -3…-5, Ош шаарында +2…+4 градус болот.
Көөкөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Көөкөрдүн сыры. Жасалышы, колдонулушу боюнча инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0