Улуттук банктын адиси акчаны кантип үнөмдөө керектигин айтып берди

© Фото / Pexels / Mikhail Nilov Калькулятор менен кыз. Иллюстративдик сүрөт
Калькулятор менен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Жазылуу
Эксперт кыргызстандыктар жеке бюджетин кантип туура пайдаланышы керектигин айтып берди.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Улуттук банктын каржылык сабаттуулук бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Мүсүралиев кыргызстандыктар жеке бюджетин кантип туура пайдаланып, акчаны үнөмдөө керектигин айтып берди.

Жеке бюджетти кантип башкаруу керек?

Бюджет — бул сиздин кирешелериңиздин жана чыгашаларыңыздын планы. Сиз бюджетти түзүп эле тим болбостон, аны так аткарышыңыз керек. Жеке же үй-бүлөлүк бюджетти түзүү пландалган максатка жетүүгө мүмкүндүк берет.
Финансылык сабаттуулукка карай жолдогу биринчи кадам кирешелер менен чыгашаларды талдоо болуп саналат. Ал акча кайда, канча кетип жатканын көрүп, "тешиктерди" убагында жабууга шарт түзөт.
Тамак-ашка, коммуналдык тейлөөгө, кийим-кече сатып алууга, интернетке, уюлдук байланышка, көңүл ачууга жана башкаларга айына канча акча сарпталарын эсептеп чыгуу зарыл. Киреше да каралышы керек. Кирешенин бир нече булагы болсо жакшы болот: эмгек акы, батирди ижарага берүүдөн түшкөн акча, толук эмес жумуш күнү жана башкалар. Эң негизгиси, чыгашалар сиздин кирешеңизден ашпашы керек.

Кантип акчаны туура сактоо керек?

Бул маанилүү жана зарыл. Алар финансылык эркиндиктин жана көз карандысыздыктын ачкычы. Эреже катары, көп адамдар биринчи акча коротот, андан кийин калганын ката баштайт. Бул эң чоң каталардын бири, сиз тескерисинче кылышыңыз керек. Мисалы, айлык алганыңызда кирешеңиздин 10-20 пайызын топтоо үчүн бөлүп, андан кийин гана жумшаңыз.
Акчаны сактоо үчүн төшөктүн астына коюп коюу дагы туура эмес. Мисалы, депозиттик эсеп ачуу, кыймылсыз мүлккө инвестиция салуу, мал алуу жана башка нерселерге салсаңыз, ал акырындык менен көбөйөт.
Жүз долларлык купюра. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Улуттук банк кечээ рынокко 47,1 млн. доллар сатты
Жаңылыктар түрмөгү
0