Доллардын куну түшөт өңдөнөт... АКШдагылар камынууда

© AFP / KAREN BLEIERЖыйырма долларлык купюранын арткы бети, Вашингтондогу Ак үй менен бириктирилген. Архив
Жыйырма долларлык купюранын арткы бети, Вашингтондогу Ак үй менен бириктирилген. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
Жазылуу
Америкалык танкалардын Киевге берилиши кызуу талкууга алынып турган маалда учурдун бир урунттуу маселеси көз жаздымда калды. Америкалыктар Украинада эмне унутту дейсиз?..
Америкалык корпорациялар Украинанын айыл чарба жерлеринин басымдуу бөлүгүн эбак сатып алып койгону айтылат. Анан да чындап эле украиналык титанга кызыгышат. Себеби бул америкалык өнөр жай үчүн стратегиялык сырье деп белгилейт Виктория Никифорова. Серепчинин геосаясаттагы кызыкчылыктардан кеп салган кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Вашингтон үчүн дагы бир чоң кызыкчылык – тамыры бир элдердин жаңжалдашуусу. Геосаясий пайдасы мында айдан ачык. Бирок чындап эле бул держава ушундай майда пайдалар үчүн өз калкынын тагдырын кылдын учуна коюп, дүйнөлүк согушка дейре тобокелге барабы? Украиналык жаңжалды тутантканы Батыштын экономикасын эңшерип, Ак үй менен желдеттеринин ортосуна жик салып жатканын айтпай эле коелу.
Кошмо Штаттар Украинага эмнеге мынчалык "жармашып" жатканына көрүнүктүү америкалык экономист Пол Крейг Робертс таамай баасын берген. "Вашингтон бийлиги доллар менен бирге чабалдап барат" деген аталыштагы макаласында ал коомчулуктун көңүлүн Сауд Арабиясынын жакындагы эле чечимине бурат. Эске салсак, аталган өлкө мунай акысын АКШ доллары менен гана эмес, башка валюталар менен да алууну чечти. Америкалык маалымат айдыңы эмнегедир бул кабарды укмаксанга салышты.
Экономисттин пикиринде, бул окуя — мунай-доллардын америкалык администрация жарым кылым мурун түзгөндөй түрүндөгү күнү бүткөнү. Ошол кезде тайманбас генерал де Голль америкалыктардан Францияга АКШнын бир жарым миллиард долларына он алты жарым миң тонна алтынды алмашууну талап кылган. Бул каражат өлкөнүн улуттук банкында топтолуп, расмий курсуна да толук туура келчү. Мындай өтүнүч, албетте, баарын аңтар-теңтер кылган. Бирок 1968-жылдагы май окуясын уюштуруп, акыры Де Голлдон да өчүн алып тынышкан.
Мындайга жол бербөө керектигин, эгер жөн коюшса, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү алтын куймаларына кезекке туруп каларын аңдаган бийлик чара көрүү жолун издейт. Ошентип 1971-жылы президент Никсон алтын стандартты жокко чыгарган. Ошондо АКШ каржы министри франциялык кесиптешине "эми америкалык доллар — биздин валюта жана силердин көйгөйүңөр" дегени белгилүү.
Никсон саудиялыктар менен мунай америкалык долларга гана сатыларын макулдашкан. Ошентип АКШ доллары Жер планетасындагы эң көп колдонулчу көмүр-суутектин наркын бычып, бул артыкчылык ага узак жылдарга негизги дүйнөлүк валюта макамын камсыздаган. Эми ошол доору аяктап барат. Мурда доллар мунай сатып алуу, инфляцияны тизгиндөө үчүн каражатын сактоо үчүн зарыл болсо, эми дүйнөдөгү бул көрүнүш өзгөрүлүп барат.
АКШнын жана Европа биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Кытай: Европа АКШдан эмнеге мынча көз каранды экенин ойлонуучу убакыт келди
Кытай менен Россия мунай жаатында рубль жана юань менен эсептешүүдө. Индия Россиядан мунайды өз рупийине сатып алууну ойлонуп турат. Ал эми долларда же америкалык баалуу кагаздарда акча сактоо боюнча өлкөлөрдө жыйырма жыл мурун эле шек жарала баштаган. 11-сентябрдагы табышмактуу терактыдан кийин АКШ Жакынкы Чыгышта аскердик агрессиясын баштаганы эсиңиздедир. Көп өтпөй Булуңдун ошол эле монархиялары мунайдын калдыктарын долларга гана эмес, өз чөлдөрүнө сала баштаган. Жомоктогудай эле заматта заманбап калаалар, дүйнөдөгү эң бийик имараттар, укмуштай фонтандар курулуп, тарыхта эң көп каражат сарпталган дүйнөлүк чемпионаттар өткөрүлө баштады.
2007-2009-жылдары Улуу рецессиядан соң доллар тутуму дагы бир жолу чайпалган. Америкалык карызынын көлөмүн Кытай кыскартууга киришкен. АКШ менен экономикалык алакасына карабастан Кытай да өлкөнүн, ички рыноктун өнүгүшүнө чоң каражат сала баштаган. Башка кайдан акча "сорууга" болот? Албетте, Европадан. Бирок да пандемия, локдаун, андан соң Россияга каршы санкциялар континенттин шайын оодарып койду. Адистердин баамында АКШ үчүнчү булактан да куру жалак калды.
Бүгүнкү күндө талдоочулар долларга дүйнөлүк сооданын улуттук валюталарга өткөрүлүшүн, ошондой эле америкалык акчаны сүрүп чыгара турган жаңы резервдик валюталардын пайда болушу коркунуч туудурат. Маалымат каражаттары жазып жаткан Россия менен Ирандын стейблкоин же алтын менен камсыздалган криптовалютасынын да келечеги кең болушу мүмкүн.
Бул багытта Түштүк Американын эң ири эки экономикасы Бразилия менен Аргентинанын да бирдиктүү sur валютасын чыгаруу демилгеси да бар. Бразилиянын президенти Лула бул демилгени өрчүтүп, БРИКС өлкөлөрүнө бирдиктүү валюта түзүүнү сунуштады. Бул блокко дүйнөнүн ири экономикалары киргенин эске алсак, АКШ долларына реалдуу тең салмактуулук жарата алары ырас.
Кошмо Штатттардын өзүндө кытай ренминбисинен катуу чочулашат, себеби Кытайда ыңгайлуу жана ыкчам санарип төлөм тутумдары Кытайда ийгиликтүү өнүгүүдө. Алар дүйнө жүзүнөн керектөөчүлөрдү тартууда. Россиянын да бул планда эбегейсиз артыкчылыгы бар.
Пол Крейг Робертс макаласында эл аралык эсептешүүдө доллардын үлүшү азайса "АКШ катуу үнөмдөө режимине" кептелерин баса белгилейт. Украина маселесине кайтсак, бүгүн Вашингтон үчүн валютасын колдоонун бирден-бир ыкмасы — аскердик агрессия. Украинанын айынан жаралган Европадагы башаламандык да кайсы бир убакка чейин долларды талап кылат. Ошол себептен АКШ Украинага акырына чейин күчүн жумшайт.
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2023
Эксперт: жакында доллар АКШ аймагынан сырткары жарабай калышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0