Смартфондогу оюндар жаш баланын мээсин жабыркатышы мүмкүн. Изилдөө

© AP Photo / Steven SenneТелефон кармап турган бала. Архив
Телефон кармап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Жазылуу
Адистер орточо эсеп менен күнүнө эки сааттан смартфон колдонгон 437 бөбөккө изилдөө жүргүзүшкөн.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жаш баланын смартфондон көзүн албай ар кыл оюндарды ойногону анын ата-энеси менен болгон байланышын солгундатып, ал тургай мээнин өсүшүнө да залалын тийгизет. Бул тууралуу окумуштуулар аныктагандыгын StudyFinds басылмасы жазды.
Маалыматта илимпоздор 18 айга чейинки 437 наристеге изилдөө жүргүзгөнү айтылат. Анын жыйынтыгында 12 айга чейинки телефон, телевизор көргөн бөбөктөрдүн кийин, чоңойгон мезгилинде окууга жетишүүсү начар болгондугу байкалган. Бул изилдөөгө орточо алганда эки сааттай экрандан көзүн албай отурган балдар тандалып алынган.
Адистер мээнин өсүүгө, окууга жана психологиялык абалга жооп берген бөлүктөрү наристенин алгачкы күндөрүнөн баштап өрчүп, жетилерин айтышкан. Окумуштуулар бул процесс баланын курчап турган чөйрөсүнө жараша болорун эскертишкен.
"Кичинекей балдар 2D экрандардан алган маалыматты иштеп чыгууда кыйналып калат. Татаал нерселерди түшүнүү, айрыкча улуураак балдар, чоңдор үчүн арналган контент, баладан эбегейсиз зор когнитивдик ресурстарды жана маалыматты кайрадан иштеп чыгууну талап кылат", — деп жазылат маалыматта.
Мындан улам окумуштуулар мындай процесс "мээнин өнүгүүсүн бузушу мүмкүн" деген корутунду чыгарышкан.
Кыз күзгүгө карап атат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2023
Көбүрөөк жылмайыңыз! Адистер стрессти алдын алуу ыкмаларын айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0