Инимдин атасыз өсүп жатканына өзүмдү күнөөлөй берем. Жигиттин каты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТерезени карап турган бала. Архив
Терезени карап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялыкты сактоо менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына атасынын каза болгонун көзү менен көрүп, ага өмүр бою өзүн күнөөлөп калган жигит кат жазган.
Саламатсыздарбы, мен 25 жаштамын. Өзүм шаарда жашайм. Үйдүн ортончусумун. Менден кийин иним бар. Эки эжем турмушта. Апам айылда инимдин жанында жашайт. 14 жашымда атам каза болуп калган. Болгондо да менин колумдан кетти. Ал кезде иним 8-9 жашар бала эле. Үйдө атам, апам үчөөбүз эле болчубуз. Атамдын кан басымы бар экен. Мен аны кайдан билем. Ошол күнү табында эмес болчу. Башы ооруп, жүрөк тушун ушалап кирип-чыгып жаткан. Түштөн кийин эле апам кыйкырып калды, кирип барсам атам жерде жатат, өңү бозоруп башкача. Апам да калдастап кошуналарды чакырууга чуркап кетти. Ал да дүрбөлөңгө түшүп эмне кыларын билбей калса керек. Мени атамдын жанына калтырды. Чуркап барып эле атамдын башын кармап, жүрөгүн укалаган болуп "аталап" жаттым. Анан эле оозун ачып энтигип катуу кыйналып жатканынан эсиме суу ичирип жиберсем жакшы болуп кетет деген ой кылт этип, ашканага чуркап кеттим. Эсимде, атам бир колун көтөрүп, чала-була булдуруктап атымды айтып, токтотууга аракет кылгандай болгон. Колума жылуу суу алып шашкалактап келсем эле көзү аңтарылып баратыптыр. Колумдагы сууну бетине чачып, бакырып эле жулкулдатып жибердим. Бирок атам кайра өзүнө келбеди. Аңгыча апам чуркап кирип, анын артынан кошуналар, иши кылып ызы-чуу болуп жатып калдык. Көп өтпөй доктурлар келди. Апамдын ыйлаганы, инимдин томсоруп түшүнүп-түшүнбөй турганы, эжемдин чыркыраганы көз алдыма тасмадай тартыла берет. Бирок дайыма өзүмдү алардын алдында күнөөлүү сезе берем. Бой жеткенде менин күнөөм эмес экенин түшүндүм, бирок бир туугандарымдын атасыз калганына, апамдын эрте жесир калып, баарыбызды жалгыз асыраганына, инимдин ата мээримин толук албаганына күнөөм бардай сезилет. Ушул сезим кетпей койду. Мага жомоктогу бир сыйкырчы жолугуп, "бир тилегиңди айт" десе, атам менен жарым саатка болсо да бир сүйлөшүү мүмкүндүгүн сурайт элем. Кээде таң калам, маземди алган мындай сезим кайдан калып калды?
Психолог Сажира Абдыкаимова:
Саламатсызбы? Кайгыңызды элестетүү кыйын, түшүнүү оор, ошого карабастан кайрат кылыңыз демекмин. Мындай кайгыны башка салбасын. Жараткан бизге сыноо бердиби, демек, биз бул сыноодон өтүшүбүз гана керек. Орду толгус жоготуу болуптур, бирок абдан кайраттуу адам экенсиз. 14 жашта болсоңуз да атаңыздын акыркы мүнөттөрүн жеңилдетүүгө аракет жасаптырсыз. Эч нерсе жасай албай карап туруп берсеңиз эмне болмок? Атаңыздын эрте каза болгону сизге тиешелүү эмес. Ар бир адам бул жарыктыкка өз жазымышын өтөө үчүн гана келет. Атаңызга ошол гана жашоону буюрган. Маңыздуу жашаган чыгар деп ишенем.
Өзүңүздү күнөөлүү сезбеңиз, ал кыжалаттыктын атаңыздын каза болгонуна эч кандай тиешеси жок. Кыргыз үй-бүлөлөрү бала тарбиялоодогу үйрөнө турган ойду айтып жатасыз. Күнөөлүү сезим — бул адамды каалагандай башкара алууга боло турган жүгөн. Эгер сиз башка адамдардын жүрөгүнө кымындай күнөөлүү сезимди сала алсаңыз, демек, ал адамды башкара аласыз. Бул нерсе, албетте, туура эмес. Анткени башка бирөөнүн күнөөлүү сезимин козгобой эле жардам сураса болот дегенди түшүнбөй кетебиз. Ал үчүн көп эмгектенүүгө туура келет. Адам табиятынан тапкыч келет, узак жолго караганда бат эффект бере турган кыска жолду тандап алуу ыңгайлуу. Эгер чындап бул күнөөлүү сезимдерди пайдаланбай калсак, көп дубалдар кулайт. Эң эле жөнөкөй мисал, эки бир тууган бир буюмду талашып калды. Аны чоңунан кичинекейине алып берип жатып чоң баланы "сенин бир тууганың, муну менен бөлүшпөгөндө ким менен бөлүшөсүң? Сенин бир туугандык мээримиң жок турбайбы?" деп күнөөлүү сезимге оройбуз. Ушундай кичинекей нерселер чогулуп отуруп, 18 жашка чейин бир сандык күнөөлүү сезимдерди белекке алабыз. Бул нерсени ата-эне атайын жасабайт. Көпчүлүк учурда мындай мамиле туура эмес экенин да билбейт. Ошондуктан өзүңүздү күнөөлүү сезген жалгыз адаммын деп эч ойлобоңуз. Бул сезимдерден толугу менен арылууга болот. Анын бирден-бир жолу, мыкты психолог менен иштешиңиз. Өзүңүз ачылып, ичтеги сырыңызды ойлонбой айта алган адамды табыңыз.
Аялга карата зордук-зомбулук. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Кызганычтан кол көтөргөн жигитке кантип турмушка чыгам. Кыздын даты
Жаңылыктар түрмөгү
0