Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ менен НАТОнун дүрмөттөрү түгөнүүдө. Бирок көйгөй бул эмес...

© AP Photo / Vadim GhirdaУкраиналык аскерлер. Архив
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Жазылуу
Украинанын куралданышы боюнча жагдай жана атайын операция зонасында Россиянын артыкчылыгы жаатында аскерий баяндамачы Александр Хроленко кеңири токтолгон. Ошондой эле ал Украинадагы мобилизациянын жүрүшүнөн да кеп салат.
Украиналык согуштук аракеттер театрындагы Россия менен прокси-согушта АКШ менен НАТОнун чечилгис маселеси — артиллериялык дүрмөттөрдүн жана киевдик режимдин мобилизациялык ресурсунун таңсыктыгы. Ушул абал Украина Куралдуу күчтөрү жана НАТОнун Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн атайын аскердик операция форматында майнаптуу туруштук берүүгө жөндөмсүз экенин айгинелейт. Ал эми келечегинде "тескелүүчү эскалация" жамааттык Батыштын өзүнө коркунуч туудурат.
Атайын аскердик операция зонасындагы Россиянын тактикалык жана стратегиялык артыкчылыгы айдан ачык. Россиялык күчтөрдүн чабуулдук аракеттери планга ылайык ишке ашырылууда. Ал эми Украина Куралдуу күчтөрү, АКШ жана НАТОнун бул согуштук аракеттер театрындагы негизги эки көйгөйү — артиллериялык дүрмөттөрдүн жана резервдегилердин таңсыктыгы.
АКШ сенаты америкалык аскердик-өнөр жай комплекси "ири державалар менен атаандашууга даяр эмес", Украинаны курал менен камсыздоого сарпталган запасты толуктоо үчүн бир топ жыл керектигин эскертип, коңгуроо кагууда.
Дүрмөттүн өндүрүшүн жылына 93 миңге чейин – 600 пайызга жогорулатылган шартта 155 миллиметрлик артиллериялык ок-дарынын корун эле толуктоо үчүн беш жыл зарыл. Эске салсак, россиялык атайын аскердик операциянын он бир айында Украина Куралдуу күчтөрү АКШдан келген артиллериялык ок-дарынын бир миллиондон ашуун даанасын чыгымдады.
"Дүрмөттүн таңсыктыгы" түшүнүктүү, себеби алдыдагы эки жыл ичинде аны өндүрүү бүтүндөй жамааттык Батыш үчүн чечилбей турган маселе экени ырас. Фронтто россиялык артиллериянын артыкчылыгы чоң – бир стволго сегиз бирдик экени айтылат.
Россиянын армиясы атайын аскердик операция зонасында Украина Куралдуу күчтөрүн, анын техникасын, ок-дары кампаларын, күйүүчү май сакталуучу базаларын көбүнесе ыраактан артиллериялык ок же ракеталык сокку менен жок кылууну улантат.
АКШ Коргоо министрлиги артиллериялык дүрмөт чыгаруучу жаңы ишканаларды келерки он беш жыл ичинде бир миллиард доллардан каржылоого ниеттенип туру. Мындай мөөнөт жана мынча каражат, албетте, америкалык аскер-өнөр жай комплексин үмүттөндүрүп, ошол эле учурда киевдик режимди кубантары арсар. Себеби Украинанын резерви түгөнүп барат. Ошол эле учурда Вашингтон Киевден Куралдуу күчтөрү үчүн 200 миң жаңы жоокерди тез арада мобилизациялоону катуу талап кылып жаткан кез. Анткени жазда "чыгыш фронтто" контрчабуул уюштурууга чамынууда.
Жапырт мобилизациянын буга чейинки беш толкуну шыктанган, даярдыктан өткөн резервдердин баарын "жууп" кетти. Эми көчөдөн, соода борборлорунан же коомдук транспортто колун кайрып топтогон жарандар украиналык армиянын сапатын чыңдай албайт.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн деградациясын америкалык "Абрамстан" отуз же ал түгүл европалык "Леопарддан" эки миңди алып келишсе да, заматта жоюп жибере алышпайт.
Польшалык Niezalezny Dziennik Polityczny басылмасы бейшембиде "фронттордо украиналык армиянын ийгиликсиз кадамдары айдан ачык, жашырууга да мүмкүн болбой калганын" жазып чыкты.
Польшанын кургактагы күчтөрүнүн мурдагы командачысы Вальдемар Скшипчак "согуштук аракеттер аймагынан украиналыктар качып, ал эми ал жакта калганы мага украинби же оруспу, айырмасы болбогондой таасир калтырууда" деген ойлорунан бөлүшкөн.
Ситуация в Донецкой народной республике - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн: россиялык күчтөр Угледарга киришти
Батыш Украинага Россияныкынан ашып түшкөн аскердик потенциалды түзүүгө көмөкчү боло албайт. Киевдик режим аргасыздан Варшавага жардам сурап кайрылды. Украина Куралдуу күчтөрүнүн эбегейсиз жоготууларын толуктоо үчүн Польша жана Европа биримдигине мүчө-өлкөлөрдө украиналык качкындарды мобилизациялоо уюштурулду. Ыктыярчылар жок, бирок ижарага берилген турак жай ээлерин аскердик кызматка жарай турган украиналыктар туурасында кабарлоого мажбурлап, ал эми мындайга кулак салбагандарды административдик жоопкерчилик жана айып пул жазасы менен опузалап жатышат.
Венгриялык Pesti Sracok басылмасы Украинадагы мобилизация "аңчылыкты", аеосуз камалоого (курчоого) жана адам уурдоого салыштырды. Мындай жол менен аскерге алынгандар көпкө жашабайт. Коомчулуктан кырдаалдын оордугун, кырсыктын масштабын жашыруу үчүн набыт болгон украиналык жоокерлердин сөөгү тоңдургучтарда узакка сакталып, жакындарына белгилүү бир убакта (беш суткадан ашырбай) гана берилүүдө.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн негизинен венгерлер менен толукталган 128-тоо-чабуулдук бригадасы Соледарда катуу майтарылды. Эми калганы Артемовскиде да жок кылынууда. Ошол себептен Будапешт киевдик режимдин улуттук азчылыктардан куралган (Украинанын венгер калкынан) аскердик бөлүктөрдү билип туруп кырдырып жатканын айыптоодо. Иш жүзүндө бул – геноцид үчүн негиздүү айыптоо.
Мобилизациянын ыкмалары аеосуз түргө өтүүдө. Украиналыктардын повесткадан баш тартуусунан улам жаңжал чыгууда. Украинанын Башкы штабы коомдун кыжырдануусун күчөтүп албоо үчүн военкоматтын повесткаларын тапшыруу үчүн сүрөткө же видеого тартууга тыюу салууну Коопсуздук кызматынан өтүнүүдө.
Киев мажбурлаган мобилизация фактыларын танып, интернеттеги сүрөт-видеодалилдерди "россиялык пропаганда" деп атоодо. Ошол эле учурда Украинада аскерге чакырыктан качкан, дезертирлик же аскердик бөлүктөрдү өзү билемдикке салып таштап кеткен, туткунга ыктыярдуу түшүп, буйруксуз чегинип, командирге баш ийбегендерге кылмыш жоопкерчилиги катаалдатылып, алды 10-12 жылга эркинен ажыратылмак болду.
Украиналык мобилизациялык ресурстардын түгөнүшү Кошмо Штаттарды согуш талаасына Польша күчтөрүн Варшава менен Киевдин эки тараптуу макулдашууларынын негизинде салууга аргасыз кылышы ыктымал.
Кандай болгон күндө да Румыниядагы америкалык десантчылар украиналык чек арага жакын жайгаштырылды. Эми Вашингтондогулар Украина Куралдуу күчтөрүн F-16 истребителдери, "аба — жер бети" тибиндеги радиолокациялык AGM-88 HARM, 300 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган "жер — жер" тибиндеги ракеталар менен жабдуу туурасында кеп козгоодо.
Америкалык "гегемонияны" сактап калуу үчүн Кошмо Штаттар Россия менен "акыркы украиналык калганча" согушууга, европалык желдеттеринин баарын курмандыкка чалууга даяр өңдүү. Америкалык сенатор Жон Корнин (Техастын атынан шайланган республикачы парламентарий) 23-январда АКШ "улуу державалардын атаандаштыгы абалында экенин, анан да бул милдетти аткара албаганын" билдирди.
Украина — чабылган бир садага, америкалык тарыхта Пентагондун Афганистан, Вьетнам, Гренада, Камерун, Ливан, Ливия, Панама, Сальвадор, Сирия, Югославия, Ирак, Йемендеги (тизме толук эмес) ушундай эле авантюраларынын бири катары өз ордун табат.
Франциялык Boulevard Voltaire басылмасы: "Эл аралык укукта куралдуу жаңжалдардын жүрүшүндө "согуштук аракеттердин катышуучусу" деген түшүнүктүн аныктамасы жок экенин, азыр Украинага материалдык жана каржылык көмөк көрсөтүп жаткан өлкөлөргө Россияга карата кастык көз карашын юридикалык жактан негиздөө барган сайын кыйындап баратканын белгиледи.
Жаңжалдын ушул этабында Украина Куралдуу күчтөрүнө көмөктүн көлөмү да көбөйүп, сапаты да артып баратканы "дүйнөгө кыямат" коркунучун жаратат. Россиянын Куралдуу күчтөрүндө куралдын запасы сан жана сапаттык мааниде да жетишерлик.
РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бүгүн да: "НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн жарандары алардын блогу азыр Россия менен тирешке толугу менен тартылганын жана бул барган сайын кырдаал ырбап жатканын билүүгө тийиш", – деп дүйнөгө канчанчы жолу эскертип турат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Запорожье облусундагы украиналык аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операция: Артемовск курчалып, Запорожьеде украиналык күчтөр майтарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0