Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын операция: Артемовск курчалып, Запорожьеде украиналык күчтөр майтарылды

© AP Photo / Kateryna KlochkoЗапорожье облусундагы украиналык аскер кызматкерлери
Запорожье облусундагы украиналык аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Жазылуу
Атайын аскердик операция зонасында россиялык күчтөр 800 чакырымдык чийининде ырааттуу баратат. Артемовски шаарына жана Запорожье багытында катуу кармаш жүрүп, украиналык күчтөр талкаланууда.
Жапырт мобилизациялоонун алтынчы толкуну, батыш куралдары менен камсыздалышы НАТО, Украина Куралдуу күчтөрүнө согуштук аракеттердин мүнөзүн өзгөртүү үчүн көмөкчү боло албайт. Себеби аны Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн тактикалык жана стратегиялык артыкчылыгы аныктоодо деп белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул жолку калем шилтеминде да ал атайын операциянын жүрүшүнөн сөз кылган.
Россиялык күчтөрүнүн бөлүктөрү жана "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын чабуулчу отряддары Артемовски/Бахмуттагы бир нече миң жоокерден турган украиналык гарнизонду курчап барат. Славянск жана Константиновка багытындагы шаардын негизги эки жолу россиялык артиллериянын дайымкы көзөмөлүндө.
Украина тарапта дүрмөт жетишсиз. Артиллерия менен согуштук техникасын украиналык күчтөр турак жай арасында жашырып, жайкын жашоочу катары баш калкалашууда. Бул фактыны британиялык Sky News телеканалы да тастыктады. Украиналык эки Ми-8 тик учагы барар жерине жетпей калды. Бири Артемовскинин жака белинде көчмө зениттик ракеталык комплекси менен атып түшүрүлүп, экинчи борт артка бурулуп, батышка кайтты.
Мурдараак Артемовскиден түштүккө карай үч чакырымдык аралыктагы Клещеевкада Украина Куралдуу күчтөрүнүн 53-механизациялаштырылган бригадасынын командачылыгы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын чабуулчу отряддарынын кысымы менен качып, бригада жеке курамынын 70 пайызынан, тагыраагы, эки миңден ашуун жоокеринен ажырады.
Донецк багытында россиялык жоокерлер ыкчам-тактикалык жана армиялык авиация, ракеталык күчтөр жана артиллериянын колдоосу менен Славянскиден түндүк-батышка карай 16 чакырымдык аралыкта жайгашкан Краснополье калктуу конушу бошотулду. Ошол эле убакта РФтин Куралдуу күчтөрү Запорожье багытындагы украиналык күчтөрдүн алдыңкы катарын талкалады. Сутка ичинде бир нече калктуу конуштар бошотулуп, россиялык жоокерлер Гуляйполе жана Орехов шаарларына карай бет алышты.
Бүгүнкү күндө Запорожье облусунун аймагынын 75 пайызы Россиянын көзөмөлүндө. Ал РФтин курамына 2022-жылдын сентябрында өткөн референдумдун жыйынтыгы менен киргени белгилүү.
Соледар жана анын тегерегиндеги калктуу пунктуларды бошоткон соң россиялык күчтөр Северск шаарына карай бир нече багыт менен баратат. Касташкан тарабы Кременная районунда улам активдүүлүк көрсөтүп, анткен менен украиналык күчтөрдүн контрчабуулдарынын мизи катуу кайтарылат. Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы жетекчилигине россиялык жоокерлер "курал тутумдарынын баарын" интенсивдүү колдонуп жатканын маалымдоодо.
Аскердик чалгындоонун башкы башкармалыгы Харьков облусундагы Купянск багытында россиялык жоокерлер келерки айда чабуул коёрун боолголоп жатат. Мындай шартта Украина Куралдуу күчтөрүнүн чоң контрчабуулга камылгасы ишке жарары арсар. НАТОдогу союздаштары Германияны "Леопард" танктары менен Украина Куралдуу күчтөрүн камсыздоо жаатында кысым кылууда. Берлин моюн толгоодо.
Кошмо Штаттардын конгрессиндегилер Ак үйдүн администрациясын киевдик режимге Крымга сокку уруу үчүн америкалык M1 Abrams танктарын, ATACMS баллистикалык ракеталарын берүүнү өтүндү.
Велосипед тээп бараткан киши Германиянын Дюссельдорф шаарындагы эң ири немис курал өндүрүүчү Rheinmetall AG компаниясынын башкы кеңсесинде жарнактын жанынан өтүп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Өз жолун тандады… Германиянын геосаясий кырдаалына анализ
Президент Владимир Зеленский жана Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный жүздөгөн НАТОлук танк алабыз деп үмүт артууда. Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишель жакынкы согуштук аракеттердин эки-үч аптасы Украина үчүн тагдыр чечерлик болорун билдирди. Украиналык Коргоо министрлигинин расмий өкүлү 22-январда: "Жаз, жайдын башталышы согушта чечүүчү болот. Эгер бул убакка пландалган россиялык чоң чабуул үзгүлтүккө учураса, Россия менен Путиндин кыйрашы ошол болот", — деди.
Ал эми украиналык жаңы аскерлер Беларусь чек арасынан бир нече чакырымдагы полигондордо болушунча машыгып, чоң камылга көрүп жатканда CNN телеканалы: "Эскилиги жеткен, айрымдары өз экипаждарынан эки эсе улуу Т-72 танктары туманга аткылап, жердеги күчтөр ээн калган имараттарга чабуул коюуга машыгууда… Генерал-лейтенант Сергей Наев ири калибрдүү пулемёт жана зениттик куралдар менен жабдылган он эки пикапты кабыл алууда", — деп белгилейт.
Франциялык Agoravox басылмасы украиналык согуштук аракеттер театрында демилге көптөн бери Россиянын колунда экенин жазды. Ал эми Украина "көктөмдө колдон чыгарган территорияларынын бирин кайтарып алгандан тышкары эч кандай стратегиялык дивидендге ээ болгон жок". Батыштын салымы текке кетти.
Улук илимий кызматкер, төрт аскердик жаңжалдын ардагери, АКШ Армиясынын подполковниги Дэниел Дэвис: "Танктар, аскердик пехота машинасы, гаубицалар, абадан коргонуу тутумдары, истребитель жана башкалар аларды даярдыктан өткөн, дасыккан адистер пайдаланган учурда гана жогорку майнаптуулукту камсыз кылат", — деп кошумчалайт.
Украиналык реалдуулук "Call of Duty" видео оюну эмес. Ушул тапта НАТО өлкөлөрүндө "танк танкка каршы" согуштарына даярдалган адистер оголе аз, Россия менен согушуу үчүн Украиналык Куралдуу күчтөрүнүн экипаждарын окутчу киши жок.
Анан да НАТОлук ок өткөрбөс техникаларды "жетишерлик күйүүчү май, ок-дары менен жабдып, маал-маалы менен тейлеп, взводдон батальонго чейин тактикалык деңгээлде кесипкөйлүк менен колдонуу" зарыл.
Аталган секторлордун кайсынысы болбосун кокус үзгүлтүккө учураса, мыкты техника бачым эле ыргытылчу темир-тезекке айланат. Украина Куралдуу күчтөрү "дүйнөдө мыкты" атыккан германиялык PzH 2000 өзү жүрүүчү түзүлүшүнүн мүчүлүштүктөрүн жакшы билишет. Анан да россиялык күчтөр атайын аскердик операция башталгандан берки 11 ай аралыгында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 7600дөн ашуун танк жана башка ок өткөрбөс машинасын жок кылган.
Бүгүнкү күндө Россия аскерлерин заманга бап Т-90М "Прорыв" танктары менен жабдууда. Балким, немец, британ жана америкалык негизги танктар польшалык Т-72 модификациясына караганда кыйла жакшы корголгон. Ошентсе да украиналык согуштук аракеттер театрында алардын келечегин болжоо кыйын эмес. Россиялык атайын аскердик операция зонасында НАТО тарабынан берилген ок өткөрбөс техника кандай көлөмдө болбосун, жарактан чыгып калары турулуу иш.
Киевдик режимге берилген жаңы куралдар партиясы эч нерсени өзгөртүп жибербейт. Бирок россиялык атайын операциянын Украинанын чегинен да өтүп кеңейиши Батыштын кадамдарынан түз көз каранды. НАТО өлкөлөрү канчалык агрессивдүү кийлигишсе, россиялык атайын аскердик операциясынын зонасы ошончолук кеңеет.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Challenger 2 танкынын жанында жоокерлер.Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага ташталган "темир-тезек": эскилиги жеткен НАТОлук курал... Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0