Кыргыздын жоголуп кеткен асыл тукум жылкысынын генетикасы Нарындан табылды. Маек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылкы. Архивдик сүрөт
Жылкы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Жазылуу
Кыргыз эли жылкы баласына жакын келет. Жылкынын генетикасы жана анын өзгөчөлүктөрү, ага арналган илимий изилдөөлөр өзүнчө кызык. Бул жагынан артта калып жатсак да, акыркы учурда жылыштар бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде биология илимдеринин кандидаты, Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык технологиялык университетинин биология жана химия кафедрасынын доценти генетик Мирбек Исаев болду. Биз адиске бир нече суроолорду узаттык.
© SputnikБиология илимдеринин кандидаты, Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык технологиялык университетинин биология жана химия кафедрасынын доценти генетик Мирбек Исаев
Кандидат биологических наук, генетик Мирбек Исаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Биология илимдеринин кандидаты, Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык технологиялык университетинин биология жана химия кафедрасынын доценти генетик Мирбек Исаев
— Кыргыз жылкысы жана анын генетикасы тууралуу сөз кылсак. Генетика жаатында илимий жактан аксап жаткандайбыз. Ага мүнөздөмө берүү менен генофонду коркунучта деген пикирди билдирүүдөсүз...
— Кыргызды жылкысыз, жылкыны кыргызсыз элестетүү кыйын. Ата-бабалар илгертен тоолуу шартта жашап, катаал аба ырайына да моюн бербеген. Ошол замандан бери төрт түлүк малдын бири, минсе транспорт, жесе тамак болуп берген — жылкы баласы. Союз мезгилинде окумуштуулар асыл тукум алуу үчүн кыргыз жылкыларын колдонушкан. Таласта, Нарында, Ноокатта "жаңы кыргыз асыл тукумун" (Новокиргизская порода) чыгаруучу атайын жылкы заводу болгон. Буларды ат чабышка салып, үстүнө оор жүк артып бийик-бийик ашууларда текшерип, суукка чыдамдуулугун да сынаган. -25...-30 градуста кээ бир жылкылар тоют таппай калса, булар карды тээп күрткүнүн алдынан өз чөп-чарын таап жейт. Тилекке каршы, союз тарап кеткенден кийин ат чабышка, көк бөрүгө өзгөчө басым жасалып, анын натыйжасында тез чуркаган таза кандуу Европа жылкылары менен аргындашылган аттарга басым жасап калдык. Багытыбыз жылкы менен байланышта болгондон кийин асыл тукум кыргыз жылкыларынын жоголуп кетишине тынчсызданып кандидаттык диссертациямды ушул багытта жаздым. Акыркы кезде алтын жана башка кен казуу иштери флора, фаунага, жапайы жаныбарларга, жаратылышка да таасирин берип жатпайбы. Мунун катарында кыргыздын жаңы асыл тукум жылкылары да жоголуп кетеби деген коркунуч болду. Ошол себептен Нарындан 50 жылкынын, Доорот-Коргон Чоң Алайдан 30дай жылкынын (деңиз деңгээлинен 3500-4000 метр бийиктикте жүргөн аттар) ДНКсын алып Москвадагы генетика изилдеген күчтүү лабораторияга жибердим. Алар совет убагынан бери ушул иш менен алектенгендиктен материал арбын. Кыргызстан аны кыла албайбыз. Эски, жок болуп бара жаткан материалды (жылкы тукумун) изилдөө үчүн башка материалдар менен салыштырып жасоо керек. Бул лабораторияда дүйнөдөгү 30дан ашык жылкы тукумунун генетикасы бар. Изилдөөнүн жыйынтыгында илгерки бизден жоголуп кеткен асыл тукум аттарга жакын генетика Нарындын жылкыларынан табылды. Ошол себептен учурда Нарындан 20 жылкыны алып барып, Талас облусунун Талды-Булак айылында өстүрүп жатабыз. Биринчи муунун быйыл жазында алабыз.
Ысык-көлдүк малчы Баатырбек Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Алтынга тете байлык тоодо таштанды болуп жатат. Малчы Акматов менен маек
— Окумуштуу катары кыргыз жылкысынын генетикасын изилдеп чыктыңыз. Бул эмгекке окумуштуулар кандай баа беришти?
— Союз учурунда бул маселе көтөрүлгөн. Бизде кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту бар. Изилдөө иши ийгиликтүү болду. Бирок жеке чарба болгондуктан жылкычылар, фермерлер айтканыбызды уга бербейт. Алар да өз тажрыйбасына таянат. Ошентсе да алар кыргыз жылкыларына кызыгат. Сүтү, эти да жакшы болорун айтып жатышат. Кыргыз жылкысынын бою 150 сантиметрге жетпейт. Ошол себептен улак тартууга көбүнчө орустун Дон жылкысы жана англис аргымагы менен аргындаштырып, көк бөрүдө аттарды омуроолотуп сүздүртүп үйрөтүп жатышат. "Бою жапыз" деп биздин жылкыны чанышат, бирок кыргыз жылкысына баары бир жетпейт. Биздин жылкынын өңү тору, чабдар, кула болот. Эң өзгөчөлүгү бийик тоолуу жерде, суукта жүрө алат. Андыктан булардын туягы башка жылкылардан айырмаланып, бакайлары кыска, соорусу түшүп, чычаңы кыска келет. Ага жүз килограмм жүктү артсаң да тоодо, кыя жолдордон кыйналбай өтүп кетет.
— Спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерация өзүбүздүн жылкыны сактоо жагын колго алуу максатын айтты. Кыргыз жылкысы канча аралыкка чуркайт?
— Биздин ата-бабалар атты алыскы аралыкка чапкан. Азыр ошол ат чабыш акырындап келе жатат. Көчмөндөрдүн биринчи оюнунда да буга аракет кылышты. Союз учурунда аттардын 2-3 чакырымды канча убакытта басып келе жатканын текшерип, ошого жараша да ылдамдыгын белгилечү. Азыр муну да өнүктүрүү керек. Асыл тукум жылкысынын генетикасына жакын жылкыларды таап, таптап көрсө эле көрүнөт.
Алар алыска чуркоодо күчтүүлүгү, чыдамдуулугу жагынан билинип эле калат. Европанын асыл тукумдуу жылкылары буттары узун, келишимдүү болгону менен бат чарчайт.
© SputnikМирбек Исаев: өзүңүздөр билгендей, түркмөндөрдүн ахалтекин деген асыл тукум аты бар. Алар аны кудайындай көрүп сыйлайт. Бирок ахалтекин чакан аралыкка тез чуркоочу жылкы. Биз деле кыргыз жылкысын бренд катары алып чыгышыбыз керек.
Кандидат биологических наук, генетик Мирбек Исаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Мирбек Исаев: өзүңүздөр билгендей, түркмөндөрдүн ахалтекин деген асыл тукум аты бар. Алар аны кудайындай көрүп сыйлайт. Бирок ахалтекин чакан аралыкка тез чуркоочу жылкы. Биз деле кыргыз жылкысын бренд катары алып чыгышыбыз керек.
— Бул илимий изилдөөңүздү дагы улантсаңыз керек. Кандай багытта иш алып барасыз?
— Негизи бир асыл тукум алууга көптөгөн жылдар талап кылынат. Беш-алты жылда эле "алдык" деп айтуу туура эмес. Генетиканын өз мыйзамы бар. Ата-бабаларыбыз минген, кийин жоголуп кеткен жылкыны чыгарып, аны селекциялык жол менен аргындаштырып жибербей, сатпай баксак... Болгону убакыт керек. Ошондой эле генетикалык лаборатория Кыргызстанда жок. Мүмкүнчүлүккө жараша ДНКсын Россияга жиберип жатабыз. Бул багытта кадрларды да даярдап жатам.
— Коңшуларда бул жагы кандай?
— Өзүңүздөр билгендей, түркмөндөрдүн ахалтекин деген асыл тукум аты бар. Алар аны кудайындай көрүп сыйлайт. Бирок ахалтекин чакан аралыкка тез чуркоочу жылкы. Биз деле кыргыз жылкысын бренд катары алып чыгышыбыз керек. Азыр бир ыргакта иш жүрбөй чачкын болуп турат. Жылкыларыбыздын базасын түзүп, жаңы асыл тукум кыргыз жылкысына "тайтору, аккула" өңдүү ат коюп, анын тукумдарын китепке каттап генофонд түзсөк мамлекет үчүн да жакшы болот. Союз учурунда Кыргызстандагы №54 жана №113 жылкы заводдору мыкты күлүктөрдү чыгарып, жарыштарда алдыда болгон. Негизи англиялык окумуштуулар англис асыл тукумун карап, бул жагынан кыйын. Бирок акыркы жылдары генетика жагын россиялык окумуштуулар да колго алды. Борбор Азияда Казакстан кызыгып турат. Башка мамлекеттерде бирин-экин гана, азыраак.
— Шакирттериңиз да бар экен...
— Таластагы №113 жылкы заводунда ветеринардык багытты бүткөн эки окуучум бар. Булар генетикасы аныкталган кыргыз асыл тукумдуу жылкыларын карап, менден кеңеш алып, тарыхты, илимий ачылыштарды да окуп жатышат. Уучубуз кур эмес.
Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Кемел Ашыралиев: кыргыздар жигиттин ким экенин ат жабдыгынан билген
Жаңылыктар түрмөгү
0