29-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Жазылуу
29-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас, Ысык-Көл аймактарында +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +3...+8 градус жылуу, ал эми Нарын облусунда -1...-6 градус суук болору айтылды.
Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Термометр борбор калаада +3...+5, Ошто +6...+8 градусту көрсөтөт.
Бишкек суу канал өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын суу менен камсыздоо кызматынын башчысы Кеңешбек Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Радио
Бишкектиктердин үйүнө жеткенге чейин суу кантип тазаланат? Адистин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0