Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкектиктердин үйүнө жеткенге чейин суу кантип тазаланат? Адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын суу менен камсыздоо кызматынын башчысы Кеңешбек Акматов
Бишкек суу канал өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын суу менен камсыздоо кызматынын башчысы Кеңешбек Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Жазылуу
"Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын суу менен камсыздоо кызматынын башчысы Кеңешбек Акматов элге берилип жаткан ичүүчү суунун сапатына көзөмөл кандай жүргүзүлөрүн айтып берди.
"Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардыктардын үйүнө жеткенге чейин сууну үч этаптан өткөрөт. Бул тууралуу Кеңешбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкектиктердин үйүнө жеткенге чейин суу кантип тазаланат? Адистин түшүндүрмөсү
Анын айтымында, жай мезгилинде жашыл аянттарды сугаруудан улам жеке секторлорго ичүүчү суу жетишсиз болуп, чыкпай калат.
"Бишкектиктердин үйлөрүнө сууну берердин алдында борбордогу суу көп баскычтуу тазалоодон өтөт. "Бишкек суу канал" ӨЭБинин адистери ар бир этапта процессти көзөмөлдөшөт жана суунун ченемдик талаптарга шайкештигин дайыма текшерип турушат. Лабораторияда суунун үлгүлөрү физика-химиялык, микробиологиялык, радиологиялык жана паразитологиялык көрсөткүчтөр боюнча изилденет. Лабораториянын кызматкерлери күн сайын суу алуучу курулмаларда жана таратуучу тармактын 360 көзөмөл жайларында хлордун калдыгына текшерүү жүргүзүшөт. Кышкысын эл суу тоӊуп калбасын деп агызып коюп жатышат. Сарамжалдуу колдонуу үчүн аны үйлөрүнө киргизүүсү керек. Жай мезгилинде жашыл аянттарды сугарууда суу ресурсунун сарпталышынын эсебинен ичүүчү сууну керектөө кыйла көбөйөт. Жарандардын көп коротуусунун натыйжасында магистралдык суу түтүктөрүндө басым азаят. Бул кечинде, айрыкча, жумуштан кийин крандагы суунун басымынын кыйла төмөндөшүнө алып келет. Бирок жай мезгилинде пайдалануу эрежелери сакталса, бул көйгөйдү азайтуу мүмкүн болот. Сугат мезгилинин башталышына байланыштуу суу менен жабдуу объектилеринин туруктуу иштешин камсыз кылуу, Бишкек шаарынын тургундарын суу менен камсыздоону турукташтыруу максатында башкармалык бакча жана короо-жай участокторунун ээлеринен май айынан сентябрь айына чейин күндүзгү жана кечки убакта бак-дарактарды сугарбоону суранат. Жашыл аянттарды сугарууга 00:00дөн 05:00гө чейинки мезгилде уруксат берилет. Эгерде күндүз жана кечкисин ичүүчү суу менен сугаруу фактысы аныкталса, абонентке "КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин" 119-беренесине жана "Бишкек шаарындагы суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануу эрежелеринин" 5.2 пунктуна ылайык чаралар көрүлөт", — деди Акматов.
Ал конуштарда жер астынан сууну чыгарып (скважина), зыянсыздырылбастан колдонуу ден соолукка кооптуу экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0