Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакчиев: ар бир чоро Манастын деңгээлине тете айтылган

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Манас" улуттук академиясынын президенти, филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиев. Архив
Манас улуттук академиясынын президенти, филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Жазылуу
"Манас" улуттук академиясынын президенти, филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиев ушул күнгө чейин "Манас" эпосунун Сагымбай Орозбаков же Саякбай Каралаев сыяктуу алп манасчылар айткан варианттары орус тилине толук которулбай жатканына токтолду.
"Манас" эпосу башкалардан реалдуулугу менен айырмаланат. Аны азыркы замандын кишиси окуса да учурдун жашоосун көрө алат. Демек, эпостогу жашоо биздин доорубуздан өтө алыстап кеткен эмес жана тарыхый чындыкка жакын. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Бакчиев: ар бир чоро Манастын деңгээлине тете айтылган
Анын айтымында, илгери дастан Манастын жети бабасы жана жети урпагы тууралуу айтылган.
"Эпостор жалпысынан мифологиялык, архаикалык жана классикалык болуп үч түргө бөлүнөт. "Манас" эпосу классикалык түрүнө кирет. Бирок анда мифологиялык, архаикалык элементтер бар. Башка улуттардын эпосторунда мындай кенен түшүнүктөр жокко эсе. Алар рухтар же кудайлар менен адамдардын кагылышуусу сыяктуу азыркы жашоодон өтө алыс окуяларды сүрөттөйт. "Манас" эпосундай болуп бир каармандын, баатырдын баяны айтылганы менен көлөмү жагынан кыска, биздин "Курманбек", "Эр Төштүк" сыяктуу кенже эпосторубузга окшош. Ал эми "Манас" эпосун илгерки манасчылар жети атасы менен жети урпагын кошо айтышкан. Демек, анын көлөмү азыркыдан алда канча чоң болгон десек жаңылышпайбыз. Ошол эле Балыкооз, Келдибек манасчылар эпостогу ар бир чорону өзүнчө Манастын деңгээлинде баяндашкан экен. Биз муну Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдин кагазга түшүрүлгөн варианттарынан да көрсөк болот. Мисалы, "Алмамбеттин жомогу", Чубактын төрөлгөнүнөн тартып баяндалганы жана башка учурлар. Булардын баары, тилекке каршы, Манаска кирип, кошулуп кеткен. Азыркы учурда биз мына ушул кагазга түшүрүлүп калган варианттарын да таанытуу, жайылтуу иштеринде абдан чабал болуудабыз. Башка тилдерди кой, 150 жылдан бери чогуу жашап келе жаткан орус тилине эпостун толук варианты которула элек", — деди Бакчиев.
Ал эпосту таанытуу, жайылтуу иштеринде котормодон башка да кадамдар жасалышы зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0