Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Остеопат: гаджеттен улам балдардын көкүрөгү ийилип, мойну алдыга чыгып калууда

© Sputnik / Асель СыдыковаВертебролог, мануалдык терапевт жана остеопат Айзат Алимбекова
Вертебролог, мануалдык терапевт жана остеопат Айзат Алимбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Жазылуу
Вертебролог, мануалдык терапевт жана остеопат Айзат Алимбекова омуртканын оорулары жана алардын пайда болуу себептери тууралуу айтып берди.
Дүйнө жүзүндөгү калктын 95 пайызы омуртка оорусу менен жабыркайт. 1980-жылы адамдардын 60 пайызы эле бел ооруларынан жапа чекчү. Азыр эми элдин жашоо образы, тамактануусу кескин өзгөрүп, тукум кууган оорулар (Бехтерев илдети, ревматоиддик, серопозитивдүү артрит) арбыды. Бул тууралуу Айзат Алимбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Остеопат: гаджеттен улам балдардын көкүрөгү ийилип, мойну алдыга чыгып калууда
Анын айтымында, бүкүрөйүү — бел ооруларынын негизги себеби.
"Учурда 16 жашка чейинки курактагы балдарда омуртканын сколиозу көп кездешүүдө. Буга алардын гаджеттерди колдонгондон улам гиперкифоз (көкүрөк бөлүгүнүн ичине карай ийилиши), гиперлордоз (моюн бөлүгүнүн алдыга кетип калышы) абалына келип калышы себеп болууда. Андан кийин эле остеохондроз оорусу турат. Омуртка сөөктөрүндө, кемирчектерде кан тамырлар жок болгондуктан ал айланасында жайгашкан булчуңдардан, кан тамырлардан азыктанат. Эгер булчуң тырышып, омурткалар кысылып кан барбай калса эле остеохондроз башталат. Булчуңдардын талып, уюп, жел туруп калганын сезгенде эле алдын ала баштоо керек. Эгер ага маани бербесе остеохондроз күчөп отуруп грыжага айланат. Азыр белдеги ( L5-S1, L4-L5, L3-L4 бөлүктөрүндө), ошондой эле көкүрөктөгү грыжа менен жабыркагандар басымдуулук кылат. Белдеги грыжа бутту чымыратып оорутса, көкүрөктөгү грыжада жүрөк кысылып, аритмия, тамак сиӊирүү системасы бузулуп, дем алуу кыйындайт. Омуртка булчуңдар менен курчалган, тулку бойду кармап турган жөн гана сөөк эмес, ал биздин функционалдык активдүүлүгүбүз үчүн жооптуу болгон нерв системасы жана жүлүн болуп эсептелет. Демек, адамдын организминин абалы омуртканын саламаттыгынан түздөн-түз көз каранды. Адам кичинесинен тарта белди түз кармап жүрүүгө үйрөнүшү керек. Белди түздөөчү корсеттер бизге жардам бербейт. Тескерисинче, аны кийгенде булчуӊдар кысылып, басымдан улам кан тамырлар ичкерип башка көйгөйлөрдү жаратат. Омуртка ооруларына кабылбаш үчүн белдин гигиенасын да сактоо керек. Өтө оор жүктөрдү көтөрбөңүз. Жүк көтөрүүгө туура келсе белге күч келтирбей салмакты денеге туура бөлүштүрүп көтөрүү керек. Күнүмдүк жеңил көнүгүүлөр булчуңдардын тонусун сактоого жардам берет. Ал эми туура тамактануу омуртка аралык кемирчектердин саламаттыгына оӊ таасир этет. Андыктан ачуу, туздуу тамактарды азайтуу зарыл", — деди Алимбекова.
Ал көпкө отуруп иштеген адамдар ар эки саат сайын туруп омурткасын эс алдырып (ал үчүн адам отургучка ичи менен жатып, кол-бутту бош таштап койсо, омуртка чоюлуп, эс алат) турушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0