Интернет аркылуу акчаңызды шыпырып кеткендерден абайлаңыз. ИИМден кеңеш

© Фото / Pexels/ Anna ShvetsКыз интернет менен колдонуу учурда. Иллюстративдик сүрөт
Кыз интернет менен колдонуу учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Жазылуу
Министрликтин маалымат кызматы белгисиз адамдар тарабынан жөнөтүлгөн шектүү шилтемелерге кирбөөгө, аларды ачпоого чакырды.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Интернет колдонуучулардын саны өскөн сайын алдамчылык жол менен акча табууга аракет кылган кылмышкерлердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы билдирип, шылуундардын тузагына түшпөөнүн ыкмаларын тизмектеди.
Маалыматта айтылгандай, кибермейкиндикте алдамчылыктын эң көп таралган схемалары:
Интернет-дүкөндөрдүн окшоштуктары. Арзан буюмдар жана ыңгайлуу келишимдер — булар онлайн сатып алуучуларды азгыруу үчүн иштелип чыккан. Издөө системалары аркылуу колдонуучулар шилтемеге кирип, катталып, товарды сатып алуу үчүн банктык реквизиттерди киргизишет. Сатуучу бул учурда төлөмдү алып жок болот же таптакыр башка товарды жөнөтөт. Ошол себептен сиз ар дайым браузериңиздеги дарек тилкесин текшеришиңиз керек. Ал "https" (коопсуз маалыматтарды берүү протоколу) менен башталышы керек. "Https" — бул ресурстун коопсуз экендигин билдирет, бирок ал толук коопсуздукка кепилдик бербейт;
Интернет-банкингдин көчүрмөлөрү. Алдамчылар банктык окшош веб-сайттарын түзөт. Кат, SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү менен колдонуучуларды авторизациядан өтүүгө чакырышат. Бул нерсеге көңүл бурбагандар фейк сайтка кирип, жеке кабинетте катталып, акчага кирүү үчүн логин жана сыр сөз ачып салышат. Алдамчылар маалыматтарды алары менен банктык эсептеги акчаны толугу менен шыпырып кетет;
Утуп алган байге жөнүндө же эсепти бөгөттөө жөнүндө билдирүү менен каттарды жөнөтүшөт. Кылмышкерлер адатта "жеңүүчүдөн" чоң утушка ээ болуу үчүн белгилүү бир сумманы которууну же картанын кулпусун ачуу үчүн төлөөнү суранышат;
Аккаунттарды бузуп, тааныштар аркылуу кат жөнөтүү. Киберкылмышкерлер почтага же социалдык тармактарга баракчанын ээсинин туугандарына жана досторуна тез арада акча каражатын которуу өтүнүчүн жазып, чочуткан ар кандай кырдаалдарды ойлоп табышат;
Өздөрүн кайрымдуулук, туристтик компания же авиакомпания катары тааныштырган жасалма веб-сайттар. Ооруп жаткан баланы дарылоо үчүн тез арада акча чогултуу зарылчылыгы, өтө арзан баадагы түрдүү жолдомолор, чет элдик банк эсебине же электрондук капчыкка акча которуу өтүнүчүн айтып акча алышат;
Чоң киреше табуу мүмкүн деп сунушташат. Алдамчы жумуш берүүчүлөр билимди талап кылбайт, алыс аралыктан деле иштесе болот деп сунушташат. Уюштуруучулук муктаждыктарын төлөө үчүн алдын ала акча каражаты керек деп акча сурашат. Адам акча которуп бүтөрү менен эле жасалма уюм жок болот.
"Алдамчылардын айла-амалдарына кабылбаш үчүн банктык карталардын жардамы менен ар кандай акча операцияларын жүргүзүүдө этият болуу зарыл. Белгисиз адамдар жөнөткөн шектүү шилтемелерине кирбеңиздер, эч качан эч кимге банк картасынын номерин жана сыр сөзүн бербеңиз, жеке маалыматтарды ачыкка чыгаруудан алыс болуңуз", — деген ИИМден.
Смартфон кармаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2022
Жалган маалыматты кантип аныктоо керек? ИИМдин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0