Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраева: медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөл күчөтүлөт

© Sputnik / Асель СыдыковаМедициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева
Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Жазылуу
Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Нургүл Ибраева медиктерди даярдоого өзгөчө көӊүл буруларын айтты.
Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларда медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү дайыма жүргүзөт. Эгемендүүлүктү алган 30 жылдан бери улуттук программада сапат тууралуу маселе дайыма көтөрүлүп, айтылып келет. Бул тууралуу Нургүл Ибраева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ибраева: медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөл күчөтүлөт
Анын айтымында, кыргыз фармациялык органы түзүлүп, дары-дармекти борборлоштурулган жерден сатып алуу мүмкүнчүлүк жаралат.
"Медициналык сапат деген эмне? Буга заманбап оорукана, жабдыктардан тышкары дарыгердин бейтаптарды жылуу кабыл алып, тейлөөсү кирет. Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык донор, өнөктөштөр менен биргеликте медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү стратегиясын иштеп чыгып жатат. Анда дүйнө жүзүндө медицинанын сапатын жакшыртуу жаатында жасалган иштер изилденип, алардын тажрыйбасы стратегияга киргизилүүдө. Бул алгоритмде медициналык инфратүзүмдөн тышкары дарыгердин деӊгээли, билими каралып, квалификациясын жогорулатуусу, ооруканага түшкөн арыз, медициналык жардам кандай сапатта берилгени көзөмөлдөнөт. Мында медициналык кызматкердин даярдоосуна өзгөчө көӊүл бурулат. Медициналык окуу жайларга жетишсиз болуп жаткан айрым адистерди окутууга тапшырма берүүдөбүз. Ооруканалардын башчылары медициналык билими бар адам эмес, мыкты менеджер болсун деген талап коюлууда. Ар бир ооруканага видеокамералар орнотулуп, ал дарыгер менен бейтаптын ортосундагы пикир келишпестикти ооздуктап, ошону менен бирге дарыгердин көрсөткөн кызматы, мамилеси каралат. Азыр беш облуска компьютердик томография коюлду. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн жардамы менен дагы алты жабдык алып келинет да, булар райондук чоң ооруканаларга коюлат. Андан тышкары, тез жардам унаалары көбөйтүлүп жатат. Бишкек, Ош өӊдүү ири шаарларда лабораторияларды борборлоштуруу аракети көрүлүүдө", — деди Ибраева.
Ал калкты дары-дармек менен камсыздоо жаатында мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирип, баасы көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0