Мураталиев: кыргызда ысырапкорлук акылсыздык катары бааланган
Жазылуу
"Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев кыргыздар бардык нерсеге сарамжалдуу мамиле кылып келишкенин айтты.
Жаратылыштан баштап күнүмдүк жашоосунда колдонгон бардык нерсеге кыргыз эли өтө сарамжалдуу жана аяр мамиле жасаган. Буга далил катары алардын жайытты колдонгонун алсак болот. Мындай пикирин Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мураталиев: кыргызда ысырапкорлук акылсыздык катары бааланган
Анын айтымында, кыргызда "карыз тамак" деген түшүнүк болгон.
"Ата-бабаларыбыз сууга, жерге өзгөчө мамиле кылышкан. Жер эне деп аташкан. Суу тууралуу айтылган көптөгөн макал-лакаптар аны аярлап, демек, сарамжалдуу коллдонгонунан кабар берет. "Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор", "булактын көзүн бүтөбө", "суунун сурагы бар" деген түшүнүктөр кыргыз элинде ислам дини келгенге чейин эле калыптанган. Мунун баары анын сууга сарамжалдуу мамиле кылганынан кабар берет. Ошол эле жайыттарды колдонгонун алсак, жаздоо деп тоонун күнгөй бетин тандап көчкөн. Андан соң жогорулап жайлоого чыккан, ысык тараганда тоонун тескейине күздөөгө түшүп, кышында шамалдан далдоо, мал карды тээп оттой ала турган жерде кыштаган. Мына ушул философиянын өзү эле табияттын мыйзамына баш ийип, аны сарамжалдуу пайдаланганын далилдеп турат. Мындан сырткары, күнүмдүк жашоосунда да ысырапкорлукка жол берген эмес. Мисалы, "карыз тамак" деген түшүнүк болгон. Бул өзгөчө ысык мезгилдерде колдонулган. Бир үй-бүлө мал союп колу-коңшусун тамакка чакырган. Алар баарлашып отуруп баары курсагын тойгузган. Эртеси башка бүлө ушундай тамак уюштурган. Ошентип муздаткыч жок заманда да кыргыздар азык-түлүгүн сарамжалдуу пайдалана алышкан. "Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт" деген сыяктуу сөздөр айтылып, кыргыз түшүнүгүндө ысырапчылык акылсыздык катары бааланган", — деди Мураталиев.
Ал көчмөн кыргыздар чарбасында да көп буюм чогултпай, кийим-кечеги да жашоо шартына ыңгайлашып сарамжалдуулукту түшүндүрүп турганын кошумчалады.