Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбетова: аарылар жок болуп кетсе, Жер планетасы төрт жыл гана жашайт

© Sputnik / Асель СыдыковаВедущий специалист отдела животноводства и ветеринарии Министерства сельского хозяйства Эльвира Мамбетова
Ведущий специалист отдела животноводства и ветеринарии Министерства сельского хозяйства Эльвира Мамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин реалдуу сектор башкармалыгынын мал чарба жана ветеринария бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эльвира Мамбетова министрликте бал кластери түзүлгөнүн айтты.
Аарылар бал бергенден тышкары адамдар, башка жаныбарлардын тамагынын негизин түзгөн өсүмдүктөрдүн гүлдөрүнүн чаӊдашуусуна таасир этет. Дүйнөдө аарылар жок болуп кетсе, Жер планетасы төрт жыл гана жашай ала турганын айтып кетүү керек. Бул тууралуу Эльвира Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мамбетова: аарылар жок болуп кетсе, Жер планетасы төрт жыл гана жашайт
Анын айтымында, бал аарычылык тармагында таза бал өндүрүү көйгөйү бар.
"Совет мезгилинде талааларда аарылар менен пландаштырылган чаӊдаштыруу иши колго алынган болчу. Акыркы 2-3 жылда дыйкандар чаӊдаштыруунун маанилүүлүгүн түшүнүп атайын бал челекчилер менен келишим түзө баштады. Бирок аталган тармакты өркүндөтүүгө мамлекет көп көӊүл бурбай жатканын белгилеп кетиш керек. Айыл чарба министрлиги тарабынан "Бал аарычылык жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыккан. Бул мыйзам долбоордо аарычылык ишин жүзөгө ашыруунун, бал аарыларын коргоонун жана көбөйтүүнүн, аары чарбасынын жемиштүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнүн жана балчылыкты интенсивдүү өнүктүрүүнүн укуктук негиздери камтылган. Азыр документ кароодо турат. Андан тышкары, Айыл чарба министрлигинде бал кластери түзүлгөн. Ага балчылар, фермерлер, кайра иштетүүчү компаниялар кирип, кийинки жылы аларга жеӊилдетилген насыя берүү каралууда. Бизде бал аарычылык тармагында таза бал өндүрүү көйгөйү бар. Ооруган аарыларды дарылоодо адистердин билиминин жетишсиздигинен улам туура эмес дарылап, жыйынтыгында балдын курамында тыюу салынган заттар чыгып калып жатат. Ошону менен бирге кайра иштетүүдө, мындайча айтканда, балды белгилүү бир көлөмдө банкаларга куюштурууда талаптардын аткарылышы жана экспортко толук анализден өткөрбөй чыгарылышы боюнча да маселе бар. Бул боюнча министрликте аарычылар палатасы иштеп, көйгөйлөрдү жоюу аракети көрүлүүдө", — деди Мамбетова.
Ал статистикалык маалымат боюнча, Кыргызстанда жылына 2-3 миӊ тоннага жакын бал өндүрүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0