Майрамда "Тазалык" күчөтүлгөн режимде иштейт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасын кызматкерлери иш учурунда. Архив
Бишкектеги Тазалык муниципалдык ишканасын кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2022
Жазылуу
Таштанды чыгаруу боюнча маселелер жаралса 0 (312) 34 00 21 номери боюнча кайрылса болот.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Алдыдагы майрам күндөрү "Тазалык" муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады.
Негизги майрамдык иш-чаралар болгон "Ала-Тоо" аянтында 60 адам жана 7 атайын техника иштейт.
"Аянттын бардык периметри боюнча таштанды челектери, анын ичинде 40 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнер орнотулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Таштанды чыгаруу боюнча маселелер жаралса 0 (312) 34 00 21 номери боюнча кайрылса болот.
Шаар жетекчилиги бул күндөрү "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине жардам катары таштандыларды урналарга таштоону суранат.
Бишкек суу каналдын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Жаңы жылдык эс алууда "Бишкек суу канал" күнү-түнү тынымсыз иштейт
Жаңылыктар түрмөгү
0