Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иманалиев: Айтматовдун айылын туризмдин борборуна айлантса болот

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик кызматка эмгек сиңирген ишмер, Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты, жазуучу Каныбек Иманалиев. Архив
Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген ишмер, Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты, жазуучу Каныбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жазылуу
Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген ишмер, Жогорку Кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты, жазуучу Каныбек Иманалиев өспүрүмдөр үчүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов мектебин ачууну сунуштады.
Биз залкарларды юбилейлерде гана эстейбиз. Бирок башкалардан айырмаланып Чыңгыз Айтматов күндө эскере турган инсан. Ал көзү өтүп кетсе да, мисалы, кыргыз туризмине эебегейсиз пайда алып келе алат. Бул үчүн анын төрөлүп-өскөн айылын туристтик борборго айлантуу зарыл. Мындай пикирин Каныбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Иманалиев: Айтматовдун айылын туризмдин борборуна айлантса болот
Анын айтымында, жазуучунун айылы Шекерди маданий туристтик борборго айлантууга көп каражат талап кылынбайт.
"Россиянын Тула облусуна караштуу Толстойлордун укум-тукумуна тиешелүү Ясная поляна деген жер бар. Учурда ал жерге орустун улуу жазуучусу Лев Толстойдун урпактары чогулушат. Андан сырткары, аталган тарыхый жайды көрүүгө дүйнөнүн төрт бурчунан саякатчылар келет. Туристтик борборго айланып калган. Чыңгыз Айтматов төрөлүп-өскөн Шекер айылын деле мына ушундай жерге айлантса болот. Баарыбыз жакшы билебиз, анын чыгармаларындагы каармандарынын дээрлик бардыгы тарыхый адамдар. Ошол эле "Биринчи мугалим" повестиндеги мектепти таап, Гүлсарат байланган мамыны, Толгонай эне жашап өткөн үйдү таап жасаса болот да. Туристтерден сырткары кыргызстандык эле мектеп окуучуларын алып барыш керек. Россияда Лев Толстой жана Фёдор Достоевский адабий мектептери бар. Ушул сыяктуу кошумча сабактарды өткөргөн Чыңгыз Айтматов мектебин ачса болот. Өлкөдө 2300дөй орто мектеп бар. Жок эле дегенде ошонун 300ү аталган кружокко катышса, жумасына бир сааттан Айматовдун кинолорун көрүү, чыгармаларын окуучулардын көзү менен талдоо, Шекердеги туристтик борборго алып баруу, айтор, кийинки муунга өздөрүнүн кабыл алуусу менен Айматовдун чыгармаларын жайылтуу. Менимче, бул эстелик куруп кое бергенге караганда улутка, кыргыз адабиятына көбүрөөк пайда алып келмек", — деди Иманалиев.
Ал балдарды шыктандыруу үчүн конкурстар жарыяланып, Айматов стипендиясы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0