Европа Улуу Жеңишти жокко чыгаргысы барбы? Ой толгоо

© Sputnik / Марк Редькин / Медиабанкка өтүүБерлиндеги Совет аскерлери. Архив
Берлиндеги Совет аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Жазылуу
Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Россиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчөлүгүн "токтотуунун механизмдерин иштеп чыгуу" демилгесин көтөрдү.
Ошентип Европа биримдигинин (жогоруда аталган Кеңеш — анын Еврокомиссия жана Европарламент өңдүү институту эмеспи) Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын кайра карап чыгууга белсенгенине кейийт Елена Караева. Серепчинин РИА Новости сайтына жарыяланган макаласында ушу жагдай талданган.

Санкциялар аркылуу

"Россиялык экономиканы кыйратуу" аракети, РФтин активдерин тоңдуруу шылтоосу менен тартып алуунун аркасынан Батыш нацизмди жеңүү, гитлердик рейх жана анын желдеттерин талкалоого СССРдин салымын жокко чыгарууну көздөп туру. Чынында гитлердик жебеге кирген өлкөлөр азыркы Европа биримдигинин мүчөлөрү эмеспи.
Анткен менен бул тек гана географиялык дал келүү деп эсептеп, тарыхый фактыларга кайрылып көрөлү. Ким эмне дебесин, Бириккен Улуттар Уюмунун өзү ошол рейхти жеңген державалардын демилгеси менен түзүлгөн. Атап айтканда түптөлүшүнө СССР, АКШ, Улуу Британия, ошондой эле генерал де Голлдун күчү жана нацизм менен күрөштө жанын аябаган Каршылык көрсөтүү кыймылынын мүчөлөрүнүн каны менен бул катарга кабыл алынган Франция өбөлгө болгону ырас. Ошол себептен дал аталган мамлекеттер БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү жана бул – эл аралык уюмдун вето коюуга укуктуу эң жогорку органы.
Коопсуздук кеңешиндеги ар бир орундуктун куну – мындан 77 жыл мурунку каргашада окко учуп шейит болгон, ок жеп жаракат алган, ачарчылыктан набыт болгон он миллиондогон жана жүз миңдеген аскер, жайкын тургандардын каны. Европа кеңешинин төрагасы бул демилгесин "Россия эл аралык укукту бузуп жатат" деген себеп менен бекемдөөдө.
Тарыхка бир көз чаптырып көрөлү. Европада эл аралык укук жана коопсуздуктун азыркы түзүмү үч, тагыраак, Тегеран – 43, Ялта – 45 жана Потсдам (1945) эл аралык конференцияларында кол коюлган документтердин негизинде жаралган (Европада согуш аяктаганы менен Япония менен жаңжал бүтө элек кез эле). Дал ошол жакта азыркы дүйнө түзүмү түптөлүп, Бириккен Улуттар Уюмуна СССРден тышкары Украина менен Беларусь кабыл алынганын эске сала кетели. Анткени Москва нацизмди жок кылууда беларустар менен украиналыктардын салымын түшүндүрүп, эки республиканын да мүчө болушун өтүнгөн.
Ялта жана Потсдам жыйындарында иштелип чыгып кабыл алынган документтердин жоболору дээрлик сыясы кургай электе бузула баштаган. Бир жыл да өтпөй, 1946-жылдын мартында Батыш кансыз согушту жарыялаган. Ооба, "темир көшөгө" жөнүндөгү кандайдыр кооз сөздөр жаңырган. "Диктатура" каптап келе жатканын айтышкан. "Эркин дүйнөгө Чыгыштан коркунуч жаралганын себеп катары көрсөтүшкөн.
Бирок андай шылтоолордун артында таптакыр башка ниет катылган. СССРди алсыратып, курал чыгаруу жарышы башталган. Экономикасын өнүктүрүүгө, өлкөнүн кайрадан тирденишине бөгөт болгулары келген. Баамдап көргөн кишиге кезегинде кай тараптын эл аралык укукту бузганы даана байкалар. Макулдашуулардын эч бирин көзгө илбей туруп алар дароо НАТОну түзүүгө киришишкен. 1949-жыл эле. Ага жооп иретинде Варшава келишими уюму ошондон туура алты жылдан кийин, 1955-жылы пайда болгон. Ушул тапта да РФ Батыштын кастыгына жана ал жараткан коркунучка гана жооп берүүдө.
Бүгүнкү күндө европалык бийликтин жогорку бутактарындагы аткаминерлерди кабатырга салган эл аралык укуктун бузулушу – аныгында ошол эле эл аралык аренада иш алпаруунун европалык гана стили.
Чыгыш жана Борбордук Европаны сызга отургузуп кеткен Экинчи дүйнөлүк согуш, континентти гитлердик чумадан дал СССРдин куткарышы биримдикке мүчө-мамлекеттердин азыркы лидерлеринин чекесине чыккан чыйкан сымал өңдөнөт. Европаны рейхтин диктатурасынан тазалоодо СССРдин жоготуулары, курмандыктары жана эрдигин азыркы европалык саясий каймактар коомдук аң-сезимге "зордук-зомбулук, репрессия жана жарандык эркиндикти басмырлоо куралы" катары көрсөтүү далалатында.
Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган маалдагы "катачылыктарды" тезинен жоюуга бет алган Батыш Россиянын ордуна Коопсуздук кеңешине дал Германияны киргизүүнү көздөйт. Ал эми тарыхты талдай билген карапайым адам да мындай аракеттин төркүнүн түшүнөр.
Кызыл армиячылар дал Берлинге чабуул койгон маалда британиялык Башкы штабда ойго келбеген план даярдалган операция жөнүндө маалымдалган. Анда СССРге кол салуу туурасында кеп козголгон. Ошондуктан Россиянын Коопсуздук кеңешке мүчөлүгүн токтотуу тууралуу Европадан кабар келсе же континентте айтыла баштаса, бул айың кеп, талкуу же жоромол деп кол шилтеп койбоңуз. Демек, аткарууга жигердүү киришкен пландын Батыштагы тийиштүү үлкөндөрдүн уруксаты менен жайылтылган кеп деп болжоңуз. Реванш алуунун убагын күтүп жатат деп боолголоңуз.
9 май жеңищ парады. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Путин 2025-жылды КМШда нацизмге каршы күрөшүүнүн жылы деп жарыялоону сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0