Жашоо-шарты катаал айылдарга инвентаризация жүргүзүлөт. Атайын комиссия түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековАйылда жашаган киши. Архив
Айылда жашаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Жазылуу
Көйгөйлүү айылдарды тактоого үч айлык мөөнөт берилди.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жашоо-шарты катаал аймактарда жайгашкан айылдарга инвентаризация жүргүзүлөт. Аны тактоо үчүн өкмөт жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламентте мурда жетүүгө кыйын зона деп аталган айылдарга азыр жолдор түшүп, шарттары жакшырып калгандыктан аталган категориядан чыгарыларын айтты. Ошол эле учурда жаңы айылдар да кошулушу мүмкүн.
Депутат Алишер Козуев өлкө боюнча көйгөйлүү калктуу пунктулар көп экенин айтып, Кара-Суу районундагы Алга-Бас айылын мисал келтирди. Анда айылынын аталышы өзгөргөн деген шылтоо менен бийик тоолуу аймакка кирбей, жашоочулар социалдык жеңилдиктерди ала албай жатышканын билдирди.
"Болбосо ал жерде кыш беш айга созулуп, катуу суук болот. Деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашуун бийиктикте жайгашкан. Айыл тургундары беш жылдан бери бийлик органдарына кайрыла берип муңкурап бүттү. Негизи алардыкы техникалык эле маселе экен. Ушуга окшогон айылдарды карап эртерээк чечип бериңиздер", — деди Козуев.
Аны менен катар Балбак Түлөбаев да Ысык-Көлдө жашоо-шарты катаал, жетүүгө кыйын зоналар көп экенин айтты.
Жыйынтыгында депутаттар жана тийиштүү ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлдү. Алар үч айлык мөөнөттө баарын тактап чыгышы керек.
Белгилей кетсек, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын зона категориясына кирген айылда жашагандарга социалдык кепилдиктер берилет. Анын ичинде пенсияга эрте чыгуу, кошумча маяна алуу жана электр энергиясынан жеңилдиктер каралган.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы Таалайгүл Мамасалиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Радио
Мамасалиева: былтыр 48 айыл өкмөтү дотациядан чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0