Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Беларусь фронту: Путиндин Минскиге келиши Батышты дүрбөлөңгө салды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүБеларусь жана Россиянын президенттери Александр Лукашенко менен Владимир Путин
Беларусь жана Россиянын президенттери Александр Лукашенко менен Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Жазылуу
Минскиге Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу да келди, ага чейин атайын операция жүргөн жерди кыдырып, командачылар менен кеңешме өткөргөн.
Кечээ Минскиде Беларусь жана Россиянын президенттери Александр Лукашенко менен Владимир Путин көзмө-көз жолукту. Талкууда коопсуздукка басым жасалган. Эки өлкөнүн күч ведомстволору жана коргоо-өнөр жай комплекстери көптөн бери тыгыз байланышта иштешип келет. Жолугушуунун чоо-жайына аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салды.
Владимир Путиндин 19-декабрь күнү Минскиге болгон сапары айрымдардын кызыгуусун арттырса, Россиянын каршылаштарын чочутту.
Беларустун Куралдуу күчтөрү кечээ аскерий даярдыкты күтүүсүз текшерүүнүн алкагындагы бардык иш-чараларды жыйынтыктаган. Өткөн жума күнү Беларусь президенти республиканын айланасындагы абал чыңалып бара жатканын белгиледи.
Буга чейин өлкө аймагында эки өлкөнүн биргелешкен күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү жайгашкан болчу.
Минскиге Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу да келди, ага чейин атайын операция жүргөн жерди кыдырып, командачылар менен кеңешме өткөргөн.
АКШнын The Hill басылмасы "Беларусь президенти Александр Лукашенко Россия лидери Владимир Путин менен жолугушуу алдында өзүн өтө эле ээн-эркин алып жүрөт. Анын үстүнө Беларусь Украина менен согушка кирет деген кооптуулук күчөп жатат" деп жазды.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Сергей Наев 18-декабрь күнү эки президенттин жолугушуусунда "Киевге каршы жүрүп жаткан атайын операцияга Беларустун Куралдуу күчтөрүн көбүрөөк тартуу тууралуу сөз болорун" божомолдогон. Наев жердеги операцияга басым жасоодо. Ал эми Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Батыштагы өнөктөштөрдү россиялык чабуулга олуттуу мамиле жасоого чакырды.
Экинчи жагынан Украинанын аскер чалгыны Россия Куралдуу күчтөрүнүн "Беларусь фронтун" ачууга даярдыгын аныктай алган жок. Өлкө Генштабын Донецкиге, Сватовск, Лиман жана Купянскиге коюлуучу чабуул көбүрөөк түйшөлтүп жатат.
Ошол эле учурда Украинанын коргоо министри "Россиянын үстүнөн болчу жеңишти" элүү чакты өлкө менен бөлүшүүгө даяр экенин айтса, Польша ызы-чуудан пайдаланып Батыш Украинаны басып алууга аракеттенип жатат. Окуянын мындай өнүгүшү жамааттык Батышты дүрбөлөңгө салууда.
Ал арада The New York Times гезити Путиндин кечээ жакында эле РФ Коргоо министрлиги менен болгон кеңешмеси ири чабуулга даярдык көрүлүп жатканынан кабар берет деп жазды. Эмне дейбиз, аман болсок аны да көрөбүз.
АКШ менен НАТОнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Косово: АКШ менен НАТОнун агрессиясынын уландысы

НАТО жеңилүүдөн чарчабайт

Беларусь армиясы атайын операцияга кошулабы-жокпу — чынында эле талкуулана турчу маселе, бирок Москва менен Минск Киев режимин жок кылууга бирдей кызыкдар. Батыш бул эки өлкөнү жок кылам деген, нацисттик Украина ыңгайлуу курал болуп бермек.
АКШ жана НАТО менен украин жергесинде каршылашып келген Беларусь жана Россия кийинки келечегин аныктап алды, ал стратегиялык жактан Батыштын Киевге курал-жарак жана жалданма аскер жөнөтүүсүнөн да, Ак үйдүн Кара деңиз менен Балтика аймагындагы жосундуу иш-аракетинен да көз каранды болбойт.
Батыштын Киев режимине көрсөткөн жардамы азыр миллиарддаган доллар менен саналып жатканына, Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербоктун жаңжалды токтотууга каршы экенине карабай Украина Куралдуу күчтөрү кыйрап жок болуп бара жатат.
The American Conservative Батыш арсеналын түгөтүп, мындан ары Украина тууралуу чындыкты жашыра албай турганын жазды.
Еврокомиссиянын маалыматы боюнча, тогуз айдын ичинде 100 миңден ашуун украиналык жоокер каза тапкан. Россиянын соккусунан Украина Куралдуу күчтөрүнүн энергетикалык системасы, байланышы жана логистикасы талкаланууда. Мунун баарын болтурбай коюуга болмок, бирок АКШ менен НАТОнун абийирсиз кийлигишүүсү Украинанын тагдырын аныктап койду (башка мамлекеттердикиндей эле).
Киев режимине көрсөтүлгөн колдоо мындан ары АКШнын өзүнүн коопсуздугуна кедергисин тйигизери айтыла баштады. Конгресс тараптан көрсөтүлүүчү аскерий жардам да жайлап калды.
Ал эми Украина Куралдуу күчтөрүнүн Россия аймагына чабуул коюшу — аргасыздык, Москванын кескин реакциясын жаратып, АКШ менен НАТОну Россия менен тикелей каршылашууга тартуу далалаты.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыштын Россияны изоляциялоо аракети ишке ашкан жок
Жаңылыктар түрмөгү
0