Кыргыздар салмакты, узундукту, убакытты кантип ченеген?

Мыскал, танап деген эмне

Кыргыздар салмакты, узундукту, убакытты кантип ченеген?

Мыскал, танап деген эмне
Кыргыздар күнүмдүк жашоо-турмушунда убакыт, салмак, узундук бирдиктерин кеңири колдонуп келген. Анын айрымдары салыштырмалуу айтылып так массасы, убактысы болгон эмес.

Азыр алардын көпчүлүгү унутулуп бара жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги толук чечмелеп берүүгө аракет кылат.

Аралык, узундук бирдиктери

Аралык, узундук бирдиктери

эли — бир манжанын туурасы. Болжол менен 2-2,5 сантиметр. Аны кыргыздар көбүнчө кара малдын эттүүлүгүн аныктоодо колдонот;

таман – тѳрт элини билдирет. Ал да малдын эттүүлүгүнѳ карата айтылат;

укум – баш бармактын учунан сөөмөйдүн экинчи муунуна чейин;

сере – болжол менен 6-8 сантиметр. Төрт элини да сере дешкен (бээнин казысы сере чыгыптыр);

сөөм — баш бармак менен сөөмөйдүн аралыгы;

карыш — баш бармак менен ортондун аралыгы;

кере карыш — баш бармактан чыпалактын учуна чейин;

тапан — адамдын таманынын узундугу. Болжол менен 25-30 сантиметр;

бакса — сокмо дубалдын калыңдыгындай аралык, 30-35 сантиметр;

кары — сунулган колдун учунан көкүрөктүн ортосуна чейин. Болжолдуу бир метр;

төш чары — колдун учунан ийинге чейин;

кез — бир колдун учунан экинчи колдун ийнине чейин. Болжол менен 105 сантиметрге барабар узундук. Айрым булактарда 0,71 метрге барабар деп да жүрөт;

кулач – эки колду кергендеги ортодогу аралык;

кадам — адамдын орточо арышы. Бир метрдин тегереги;

саржан — 2,134 метрге барабар узундук. Ошондой эле ал жер эсептөөдө азыркыга чейин элет жеринде колдонулуп келет;

бута атым — мылтыктын огу так тие турган 100 метрге чейинки аралык. Кыргыздар ошондой эле ат байлам сөзүн да кеңири колдонгон. Ал боз үйдөн ат байлоочу мамыга чейинки аралык. Дөөлөттүүлөр ат мамысын конок үйдөн оолак жайгаштырган;

тай чабым — үч чакырым;

кунан чабым — беш-жети чакырым;

ат чабым — 25-30 чакырым;

таш — сегиз чакырым;

козу кѳчтүк — 4-5 чакырым, кой кѳчтүк – 6-8 чакырым аралык;

шашкелик жер — күн чыккандан тартып күн шашке болгонго чейин жѳѳ же атчан ѳтүүгѳ мүмкүн болгон аралык.

күн жүрүш — эртең менентен кечке чейинки жол жүргѳндѳгү аралык. Ат менен 50-60 чакырым, жѳѳ 30-40 чакырымдай.

Бийиктик бирдиктери

Бийиктик бирдиктери

тизе бою — адамдын тизесине чейинки бийиктик. Болжол менен жарым метр;

тушар — жерден жылкы туягынын тушала турган жерине чейинки бийиктик. Болжол менен 15-20 сантиметр;

камчы бою — метрдин ¾ бөлүгү же 75 сантиметр;

кереге бою — киши боюндай, болжол менен 1,5-1,8 метр;

укурук бою — болжол менен 3 метр;

аркан бою — болжол менен төрт-беш метр. Кыргызда "күн аркан бою көтөрүлүп калды" же "шашке маал" болуп калды деп да айтышкан.

Салмак бирдиктери

Салмак бирдиктери

мыскал — 4,2-5 грамм же жүз даана арпа даны;

зээр — 49,2 грамм;

байса, пайса — 50 грамм;

кадак — 409,5 грамм, бул сөз жергиликтүүлөр арасында совет бийлиги орногонго чейин кеңири колдонулган;

жың — 600 грамм;

чексе — 5-6 килограмм. Ошондой эле мурун дарыгердин дары салган баштыгын да чексе дешкен;

баштык – 10-12 килограмм;

батман — 65,5 килограммдан 262 килограммга чейин салмак. Аны кыргыздар Октябрь революциясына чейин кеңири колдонгон.

Мыскал, ашмүшке, пайса, зээр түшүнүктөрү өтө аз салмактагы баалуу асыл таш, дары-дармек, апийим, чайды өлчөө бирдиги болгон.

Ошондой эле кыргыздар күнүмдүк турмушунда кыпындай, таруудай, тырмактын агындай, кенедей, бармактай, чыпалактай, буурчактай, буудайдай, койдун коргоолундай, бармак басым, бир чымчым, бир кочуш, бир ууч, кош ууч, бир тутам, бир чөйчөк, алакандай, бир аш кашык, бир чай кашык, бир чөмүч, бир кесим, бир кап, бир этек, бир ороо, бир челек өлчөмдөрүн кеңири колдонгон.

Эскертүү: кээде айрым бирдиктер ар кайсы аймакта түрдүү салмакта эсептелген. Мисалы, чейрек Таласта төрт килограмм болсо, Кыргызстандын түштүк аймактарында алты килограммды чейрек дешкен.

Аянт бирдиктери

Аянт бирдиктери

билектей — адамдын билегиндей;

сандай — адамдын санындай;

өгүздүн белиндей — орточо өгүздүн белиндей ченем;

үй ордундай — боз үйдүн тигилүүчү ордундай аянт;

танап — бир гектарга чукул аянт. Андан сырткары, Орто Азия элдеринде мурун теше сөзү да гектар аянтка маанилеш болгон;

батман — Фергана өрөөнүндө бир батман 10-12 гектар жерге барабар аянт болгон.

Убакыт бирдиктери

Убакыт бирдиктери

чай кайнам — 15-20 мүнөт;

эт бышым — эки-үч саат;

бээ саам — эки саат;

күн бою — күн чыккандан батканга чейин;

түнү бою — күн киргенден таң атканга чейин.

бир жума — жети күн;

бир ай — 30 же 31 күн;

бир жыл — 12 ай;

мүчөл — адам жашынын 12 жылдык цикли. 12 жаш бир мүчөл, 24 жаш эки мүчөл, 36 жаш үч мүчөл болуп уланып кетет;

бир кылым — 100 жыл.

Ошондой эле Белек Солтоноев бир сутканын ичиндеги убакыттарды 33кө бөлүп жазган: таң каракчы, таң дүмпөйү, таң куланөөк, таң кылаюу, таң аппак атуу, күн чыккан, күн тоонун башына тийген, күн көтөрүлгөн, күн текши тийген, шашке, улуу шашке, жалган түш, чак түш, түш кыя, түш оогон, сарт бешим, кыргыз бешим, ала көлөкө, дигер, күн батар, күн батканда - шам, үрүл-бүрүл деп киши таанып-тааныбас убакты, эл аягы басылган, куптан, тамак ичер, тамакты текши ичер, эл жатар, эл текши жатканда, уйкуга кирерде, текши уктаганда, оор уйку, түн ортосуна жакын, түн ортосу, түн ортосу оогондо, таңга жакын деп бөлгөн.

Сан бирдиктери

Сан бирдиктери

ондук — он аскерден турган топ;

элүүлүк — 50 аскерден турган топ;

жүздүк — 100 аскерден турган топ;

миңдик — 1000 аскерден турган кошуун;

түмѳн — 10 миң аскерден куралган кошуун.

Андан сырткары, бир короо, бир үйүр деп да санашкан.
  • Кыргыз аялдары ийикти кантип, эмнеге колдонушкан?
    Ийик — жүн, кебез, жибектен жип ийрүүчү аспап. Аны кыргыздын кыз-келиндери жип ийрип килем, таар, шалча, атка жабуу сыяктуу чарбалык керектүү буюмдарды жасоодо кеңири колдонуп келген. Ошондой эле төө, топоз, койдун жүнүнөн, эчкинин тыбытынан ийрилген жүндөн кийим-кече даярдалган.
  • Кыргыздар жаргылчакты эмне максатта кантип колдонгон?
    Кыргыз эли күнүмдүк жашоо турмушунда жаргылчактын жардамы менен жасалган азыктарды кеңири пайдаланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул буюм тууралуу инфографика сунуштайт.
  • Бешик жана анын тарыхы
    Бешик жасала баштаганда биринчи жыгачынан баштап, бала уктаганга чейинки ар бир кыймыл-аракет каалоо-тилек, бата менен коштолот.
Редактор
Мирбек Сакенов

Фото
Россиянын илимдер академиясынын Петр Великий атындагы антропология
жана этнография музейинин сүрөттөрү

Маалымат булагы
Константин Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүгү",
Кусеин Карасаевдин "Миң түркүн суроого миң түркүн жооп",
Э. Нуриев "Кыргыз тилиндеги нумеративдер",
Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" китеби

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0