ИИМ: айдоочулар шаар аралык каттамды бир күндө бир гана жолу жасасын

© Sputnik / Эмиль СадыровЖолдогу унаа. Архив
Жолдогу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Жазылуу
Укук коргоо органы "Коопсуз жол" программасын иштеп чыгууну пландоодо.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков келерки жылы Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу үчүн бир катар чараларды көрүүнү сунуштады.
Онлайн-жыйындын пресс-релизи ИИМдин сайтына жарыяланды.
Ниязбековдун негизги тапшырмалары:
такси кызматтарынын, жөө жүрүүчүлөрдүн, маршруттук такси айдоочуларынын арасында, вокзалдарда, базарларда жана соода борборлорунда жол эрежесин сактоо маалыматын жайылтуу. Жолугушуулар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
көйгөйлөрдү чечүүгө жергиликтүү бийлик органдарын тартуу, жол эрежесин алдын алуу боюнча чараларды көрүү;
эч бир айылда, бир дагы райондо оор кесепеттерге алып келген кырсык болбошу керек. Айдоочулар чектен ашкан ылдамдыкта жана мас болуп айдоого болбой тургандыгын, автоунаанын техникалык абалын текшерүү зарылдыгын билиши керек;
шаар аралык каттамда жүргөн айдоочуларга бир күндө бир жолкудан ашык каттамдарды жасоого тыюу салынсын. Анткени алар уктабай, кирешенин артынан сая түшүп жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудуруп жатышат. Министр Бишкектен аймактарга такай каттаган айдоочулардын тизмесин түзүүнү талап кылды;
ташуучуларга жол кирени өзү билемдик менен жогорулатууга, жүргүнчүлөрдү же нормадан ашык жүк ташууга тыюу салынсын;
жолдун кайсы бир кооптуу участокторун кароосуз калтырып кырсыктар катталса, инспекторлорго катуу чара көрүлөт. Ниязбеков "ар бир аянтта, райондо жана облустарда" жооптуу кызматкерлерди, жетекчилерди бекитүүнү убадалады;
Жогорку Кеңеште жарандарды ташуу эрежелери боюнча мыйзам долбоору каралууда. Бул — жүргүнчү ташуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн жөнгө салат;
"Коопсуз жол" программасын тез арада иштеп чыгуу тапшырылды Анын максаты — жолдордогу абалды координациялоо жана көзөмөлдөө, электрондук санариптик системаны колдонуу менен жол кырсыктарын алдын алуу. Ага мисал катары "Автоураган" системасы айтылды.
Ниязбеков "Коопсуз жол" программасы жана анын функцияларына токтолду:
дайыма жол эрежесин бузган, жол кырсыгына кабылган, айып төлөбөгөн жана автотранспорттук алдамчылык менен алектенген адамдардын электрондук тизмесин түзүү жана алар менен иштөө;
"Түндүк" системасы аркылуу мамлекеттик органдар менен иштешүү жана кырсыкты алдын алуу максатында ыкчам маалымат алуу;
жол инфраструктурасына жооптуу мекемелер жана жергиликтүү бийлик органдары менен түз иш алып баруу;
ар бир инспектордун ишин баалоо (кантип баалоо керектиги азырынча так эмес).
ЖКККББнын Жол кайгуул кызматы жана укук-тажрыйба колдонуу башкармалыгынын улук инспектору подполковник Болот Бердигулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Радио
Бердигулов: эрежени үч жолу бузган айдоочу кайра сынак тапшырышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0