Ормон хандын өлүмү бийлик талаш эмес, саясий курмандык. Маек
20:08 24.12.2022 (Жаңыртылды: 22:45 24.12.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Ормон хандын эстелиги. Архив
Жазылуу
Быйыл айтылуу Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдыгы белгиленип жатат. Ал тарыхта Ормон хан деген ат менен калган жана түндүк кыргыздарынын башын бириктире алган эл жакшыларынан болгон.
Sputnik Кыргызстан агенттигине тарыхый инсандын урпактары, "Ормон хан" фондунун мүчөлөрү, тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошев менен Азамат Айдаров келип маек беришти.
— Ормон хандын тарыхый вазыйпасы, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кошкон салымы тууралуу айтып берсеңиз?
Рыскул Жолдошев: — Ормон хан 1842-жылдары кыргыздардын салттуу көчмөн мамлекетин түптөөгө аракет кылган. Мурда көз каранды болуп келген кокондуктардын бийлигинен арылып, өзгөчө Ысык-Көл өрөөнүндөгү Кокон чептерин кыйратып, Чүйдөгү чоң чептерди кууп чыга албаса да алар менен мамилесин токтоткон. Муну анын эркиндикке жасаган кадамы катары бааласак болот. Ал түзгөн аймактык көз карандысыздык 13 жыл бою Ормон хандын аракети менен жашап турган, бирок ошол маалдагы сырткы жана ички каршылыктардын негизинде токтогон.
— Мамлекеттүүлүккө аракет кылган дегенде Ормон хандын курултай чогултканын айтып жатасыз го...
Рыскул Жолдошев: — Бул тууралуу илимде кеңири каралып, элге жеткиликтүү маалымат бериле элек. XVII кылымдагы Кокон хандыгынын (бектигинин) түптөлүшүнө ошол эле кыргыздардын салымы чоң. Анткени Жунгар хандыгы түндүк кыргыздарды Ферганага чейин сүрүп барганда андагы кыргыздар биригип, өрөөндүн өзбек бектерин Бухара эмирлигинен бөлүп чыккан. Түштүк кыргыздардын Кокон хандыгына көз карандысыз болгону Ирдана бектен башталат. Ирдана бек кыргыздарды коконго күч менен баш ийдирүүгө аракет кылган. Түштүк кыргыздар Алимхандан баштап XVII кылымдын аягы, XVIII кылымдын башында кокон бийлигин тааный баштаган. Ал кыйрап, Бухара эмирлиги басып алганда кайрадан калыбына келтирүү үчүн кыргыздар көтөрүлүп, Таластан Шерали ханды алып барышкан. 1842-жылдан баштап Кокондо кыргыздар таасирдүү күчтөргө айланган. Ушул маалда түндүктө Ормон хан Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бий, бектерин чакырып азыркы Балыкчыда жыйын курат. "Кыргыздар ушинтип ар кимге салык төлөп жүрө беребизби, бир короого деле койчу керек экен. Өз мамлекеттүүлүгүбүздү түзбөйлүбү" деген Ормонду эл жакшылары ак кийизге салып хан көтөрүшөт. Бул Кокон архивинде жана эң биринчи жолу Кыргызстандын аймагына келген орус топографисттеринин жазмасында калган. Алар 1847-жылы Ормон хандын көзү тирүүсүндө келип, эч кимге салык төлөбөгөн көз карандысыз мамлекет экенин жазып кетишиптир.
© Sputnik / Шабдан АбылгазиевРыскул Жолдошев: 1842-жылдан баштап Кокондо кыргыздар таасирдүү күчтөргө айланган. Ушул маалда түндүктө Ормон хан Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бий, бектерин чакырып азыркы Балыкчыда жыйын курат
Рыскул Жолдошев: 1842-жылдан баштап Кокондо кыргыздар таасирдүү күчтөргө айланган. Ушул маалда түндүктө Ормон хан Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн бий, бектерин чакырып азыркы Балыкчыда жыйын курат
© Sputnik / Шабдан Абылгазиев
— Бүгүн Ормон хан тууралуу айтылган тарыхый булактар изилденип, маалыматтар так жазылды деп айтууга болобу?
Азамат Айдаров: — Улуттук тарых музейинин конференция залында Ормон хандын 230 жылдыгына карата илимий жыйын өткөрдүк. Окумуштуулар белгилегендей, ал тууралуу терең изилдөө болгон эмес. Совет мезгилинде Ормон ханды изилдөөгө Абрамзон, Бернштам, кийин Бегималы Жамгырчинов кайрылган. 1952-жылы Борбордук комитеттин пленумунда кыргыздардын эски феодалдарына болгон көксөө күчөп жатканы айтылып, ошону менен тарыхый инсандар тууралуу изилдөө токтоп калган. Эгемендүүлүк алгандан кийин гана бул темага кайрадан кайрылдык. Мен да бир-эки макала жарыяладым, андан кийин белгилүү жазуучу Жапаркул Токтоналиев эки томдон турган көркөм чыгарма жазган. Чындыгында андан кийин ушул материалдын негизинде гана жазып, сүйлөп келе жатышат. Жаңы эч нерсе жок.
— Ормон хандын мамлекеттик деңгээлдеги саясий инсан болуп калышына эмне түрткү берген. Насаатчысы Калыгул Бай уулунун да таасири бардыгы айтылат?
Азамат Айдаров: — Ормон Ниязбек уулунун хан болушу боюнча ар кандай жаман сөздөрдү айткандар да бар. Тарыхый жазмаларда кыргыздардын хан көтөрүүдө өз нарк-насили, салты болгону жазылып турат. Хандын үч атасы хан же тогуз атасы такай эл бийлеген адамдар болушу шарт. Ушул критерийлерге Ормон хан жооп берген. Эң биринчиси Ормондун теги Маматкулунун атасы Үчүкө баатырдын хан болгону жана ал өлгөндөн кийин Кудаянды хан көтөрүшкөн деген маалыматтар бар. Кийин Хан Кудаян калмактан жеңилип Аму дарыясында өлгөн экен. "Жунгар хандыгы кулаган мезгилде Ферганага түндүк кыргыздарды баштап келген Маматкулду хан же бий" деп айтылган тарыхый булактар бар. Кытай кол жазмасында Маматкулу хан деп жазылып турат. Анын уулу Болот да эл бийлеген бийлерден.
© Sputnik / Шабдан АбылгазиевАзамат Айдаров: Ормон Ниязбек уулунун хан болушу боюнча ар кандай жаман сөздөрдү айткандар да бар. Тарыхый жазмаларда кыргыздардын хан көтөрүүдө өз нарк-насили, салты болгону жазылып турат
Азамат Айдаров: Ормон Ниязбек уулунун хан болушу боюнча ар кандай жаман сөздөрдү айткандар да бар. Тарыхый жазмаларда кыргыздардын хан көтөрүүдө өз нарк-насили, салты болгону жазылып турат
© Sputnik / Шабдан Абылгазиев
— Ормон ханды азыр кыргыздын эмес бир уруунун, өрөөндүн ханы катары сыпаттаган учурлар бар. Ошол эле учурда Жантай хан да бар. Муну кандай түшүнсөк болот?
Рыскул Жолдошев: — Көчмөн элдердин хандыгы отурукташкан элдерден айырмаланган. Алар жазылган мыйзам менен жашап келсе, Чыңгыз хандан баштап көчмөндөр оозеки мыйзам менен жашап, аны адат деп кабыл алган. Ормондун мыйзамдары да оозеки болгон. Кыргыз оозеки чыгармачылыгында эл башкаргандардын баарын эле хан деп атай беришкен. Бирок XIX кылымда Ормон хан гана ак кийизге оролуп, мамлекеттик мыйзамдарын түптөгөн. Мисалы, кыргыз кыргызга тийбесин, эр өлтүрсө 300 жылкы, аял өлтүрсө кун берүү, кудалашкан кызды алып алса 150 жылкы өңдүү мыйзамдары "Ормон окуу" деген ат менен бизге жетти. Орус изилдөөчүсү Василий Радловдон баштап Ормон хандын жасалоочу ору (зындан) жана аскерлери, ички, сырткы саясатты жүргүзүүчү аппараты болгонун жазып кетишкен. Ал тургай бир катар согуштук жортуулдары да тарыхта жазылып калган.
Ормон ханга Кокон хандыгы, казактардын Кененсарысы, орустар жана кашкарлык кожолор кайрылып, мамиле түзүп жатканы анын хан экенинен кабар берет. Кокон хан дебестен Ормонду парваначы иретинде да тааныгысы келген, ал эми орустар "главный манап кара кыргызов" деп жазып жатышат. Кыргыздардын фергана тарабы Шералини хан көтөрүп Коконго баш ийсе, ага баш ийбеген түндүк тарабы Ормонго баш ийген. Ормон хандын генерал Вишневскийге жазган катында "менин карамыгымда Кетмен-Төбө, Нарын, Ысык-Көл кыргыздары бар" деп турат. Маалыматтарга таянсак, анын кол алдында 40 миң түтүн кыргыз болуптур. Ормондун өлүмүнөн кийин кун талашып уруулук согуштар башталган жана буга да саясий мааниси бар.
— Ормон хандын өлүмү тууралуу кеп кылсак. Ошол эле Боромбай бий, Балбай баатыр тиреши бийлик талаш эмеспи?
— Уруу аралык уруш-талаштын кесепетинен улам орустарга кошулдук деген туура эмес. Сырткы тукуруу менен ич ара каршылыктар чыккан. Алгач, бизге топонимисттерди, топографисттерди изилдөөчү иретинде жиберет. Ормон ханды өздөрүнө кошуп алууга аракет кылганда ал баш тартат. Орустар бугу элинин жери четте болгондуктан, Боромбай бийди колдошкон. 1854-жылы Боромбай өз кишилерин Омскиге жиберип жатпайбы. 1855-жылы май айынын башында Ормон өз кудасы Боромбайга орустардан баш тарттыруу үчүн барат. Анын келерин Боромбай билип күтүп турган. Ошол жерден колго түшүрүп, ...анан Ормон өлүп жатат. Анын өлүмүнө чейин Бугу менен Сарбагыштын ортосунда чабыш болгон эмес. 1855-жылдын 16-августунда Боромбайдын орустарга жазган каты бар. Анда Ормонго кун доолап жатышканын жана сарыбагыштар казактын бийи Тезек төрөдөн да жардам сураганы жазылган. Мында бийлик талашуу болгон эмес. Ормон хан сырткы саясаттын курмандыгы болгон.
— Ормон Ниязбек уулу тууралуу маалыматтар негизинен сырткы булактардан алынган экен, өзүбүздүн кол жазмаларда калгандары бар бекен?
— Албетте, эң биринчи маалыматты Осмоналы Сыдыковдун китептеринен алабыз. Ормон хан тууралуу абдан жакшы айткан. Андан тышкары Белек Солтоноевдин жазгандары бар. Ошондой эле XIX кылымдагы Тоголок Молдонун кол жазмаларынан кездештиребиз. 1921-жылдан баштап кыргыздын оозеки чыгармачылыгын Каюм Мифтаков деген аксакал келип чогулткан. Кийин ал жыйнактар совет бийлигинин идеология жана цензура саясатына туш келип калганы менен өзөгү сакталган. Азыркы күндө Дөөлөтбек Сапаралиев өңдүү агайлар көп изилдөөлөрдү жүргүзүп жүрөт.