Кыргызстанда 3 645 ишкер өкмөт тарабынан пайызсыз насыя алды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча. Иллюстративдүү сүрөт
Акча. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2022
Жазылуу
Каражат өлкөдөгү 11 банк аркылуу 28-сентябрдан бери берилип жатат.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Финансы министрлиги тарабынан 3 645 ишкер пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Аталган каражаттар өлкөдөгү 11 банк аркылуу үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрынан бери берилип жатат. Алар — "Айыл банк", РСК, "Керемет банк", "Халык банк", "Доскредобанк", "Азия банкы", "ФинансКредитБанк", "Капитал банк", "Кыргызкоммерцбанк", "Кыргыз-Швейцария банкы" жана "Бакай банк".
Насыяны төмөнкү категорияга кирген ишкерлер ала алат:
насыя үстөк пайызсыз, сом менен берилет;
акчаны мыйзам чегинде (көмүскө эмес) иш алып барган, салык, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктор ала алат;
кредиттин мөөнөтү 36 айга чейин;
каражатты ишкерликти баштаганына жарым жылдан ашкандар алат. Бирок айыл чарба тармагына берилбейт;
жылдык акча жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин жеткен ишкерлер бир миллион сомго чейин ала алат;
жылдык акча жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейин жеткен ишкерлер жана юридикалык тараптар үч миллион сомго чейин ала алат.
Картошканын түшүмүн тыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Айыл чарбасын каржылоого 4,6 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0