24-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин көчөсүндө адамдар. Архив
Бишкектин көчөсүндө адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2022
Жазылуу
24-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас жана Чүйдө -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +3...+8, Ысык-Көлдө -1...+4, Нарын облусунда -7...-12 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкек шаарында 0...+2, ордолуу Ошто +4...+6 градусту көрсөтөт.
Булганган абада бараткан бала. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Адистер баланы булганган абанын зыянынан коргоо жолдорун тизмектешти
Жаңылыктар түрмөгү
0